Кризис кырдаалынын шарттарында өспүрүмдөргө эмоционалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн алгоритми (Баткен)

Бул маалымат психологдор же ыктыярчылар (атайын психологиялык билими жок), аралыктан жана окуя болгон жерде жардам берип жаткандар үчүн жазылды.

Профессионалдуу психологиялык жардам жок жерлерде ыктыярчылар убактылуу жардам көрсөтө алышат(маалымат төмөндө).
Консультация же көп убакытка созулган терапия керек болсо, психологиялык академиялык билими бар жана «балдар-өспүрүм» категориясы менен иштешүү тажрыйбасы бар психологдор жардамга келишет

Категория: 12 ден 18 жашка чейин.

Бул жаш курактын мүнөздөмөсү жана критикалык абалдын өспүрүмгө тийгизген таасири:

  1. Пубертаттык учур, организмдеги өзгөрүүлөр (жыныстык жетилүү) жана эмоционалдык фон (стресстерге, жашоодогу кескин өзгөрүүлөргө, окуяларга, өзүнө жана башкаларга карата сезимталдуулук) менен мүнөздөлөт.
  2. Инсандын ар кандай типтери (интроверттер – түнт, жабык балдар, экстраверттер – просоциалдуу, ачык-айрым). Эки типке тең жайлуу (комфорттуу) аймагынан ажыроо, көчүү, тааныган жана тааныбаган адамдар менен жашоо, жалпы территорияны жана тамак бөлүшүү кыйын.
  3. Өспүрүм жашаган маданий контекстти, салт-санааны, жамааттын менталитетин эске алуу маанилүү.
  4. Өспүрүм жашап жаткан  үй-бүлөнүн модели жана жашоо стили.
  5. Кризис учурларында үй-бүлөдөгү эмоционалдык атмосфера өзгөчө роль ойнойт (мисалы: эгер үй-бүлөдө денелик жана вербалдык зомбулук орун алган болсо, аларда катуу үндөрдөн, ыйдан коркуу болот)
  6. Айланадагы чоң адамдардын жана балдардын эмоционалдык жана физикалык абалы: сүйлөшүүлөр, кыйкырыктар, ый, чарчоо, уйку канбагандык, таарынычтар, ачуу, чоңдордун агрессиясы, өч алуу каалоосу, айласыздык абалдан улам сөгүнүү сөздөрү, жыйынтыгында мунун баарын балдардан чыгаруу
  7. Балдардын көзүнчө кырдаалды ачык талкуулоо: окуялардын сүрөттөрү, деталдар жана ар кыл кептер өспүрүмдүн коркунучун курчутат, ушундан улам бул окуя бүтөөрүнө жана аларды куткарууга болгон ишеним жоголот
  8. Өспүрүм психолог менен сүйлөшүүнү каалап жатса, ата-энеси жана башка улуу адамдар корккондуктан же бала айткан маалымат жайылып кетет деген чочулоодон улам тыюу салышы мүмкүн,  «Эл эмне дейт?» деген чектеген ынанымдын таасиринен улам же өспүрүм жардам сураганды билүү тажрыйбасы жоктугунан жана мени түшүнүшпөйт деген ой менен кайрылбайт.
    Критикалык учурда өспүрүмдөрдө кандай негизги эмоциялар орун алат?
  9. Өзү үчүн жана жакындары үчүн коркуу
  10. Денелик жактан боло турган ооруларды ойлоп тынчсыздануу
  11. Кырдаалдын жакшы жакка чечилээрине ишеним жоготуу

Өспүрүм менен болгон кыскача маекке көрсөтмө
(узактыгы 5тен 15 мүнөткө чейин)

МААНИЛҮҮ:
А. Баланын сезимдерин олуттуу кабыл албоо (эч нерсе эмес, эмнеден коркосуң, чоң болуп алып да коркосуңбу ж.б.у.с.)
Б. Эмнеден коркуп жатканын толук айтып беришине мүмкүнчүлүк берүү

• Эгер ыйлап токтоно албай жатса, ыйлап алууга мүмкүнчүлүк берүү
• Коркунуч – бул бизге керектүү сезим экенин айтуу, коргонуу механизми, ансыз биз т.а. коркунуч сезими болбосо туура эмес бизге зыян алып келе турган кадамдарга бармакпыз деп түшүндүрүп берүү.
• Өспүрүмгө коркунуч деген сөздүн карама-каршы (антоним) сөзүн табууну сунуштоо. Коркунуч – эр жүрөктүүлүк, тайманбастык, баатырдык. Бул сөздөрдү өспүрүм өзү аташы керек (сөздүн маанисин чогуу чечмелөө, эгер бала өз алдынча оюн толук билдире албаса) – эр жүрөктүүлүк деген эмне, тайманбаган  адам кандай адам?
• Коркуу сезими келээр замат «тайманбастык» сезимине алмаштырууну сунуш кылуу.
• Жардам келе турганын, аларды эч ким унутуп калбаганын айтуу
• Психолог адис жардам бере ала турганын айтуу эгер сүйлөшкүсү келбесе, сезимдерин кагаз бетине жазууну же коркунучун, санааларын «сүрөт» кылып тартууну сунуштоо
• Дем алуу көнүгүүлөрү (1ден 4кө чейин санап терең демди өзүнө тартуу, 1-2 сек демди кармап туруу жана 1ден 4кө чейин санап ооз аркылуу акырын дем чыгаруу.
• Алаксуу – кичүүрөөк балдар менен ойноо
• Позитивдүү, жагымдуу бир нерсе окуу же көрүү
• Ага караганда оор абалда калган башкаларга көңүлүн буруу

Автору психолог Узара Мамытова. Которгон психолог Сейил Калдыбаева.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x