“Келечек – билимдүү жаштардын колунда.
Дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жалпы республикабыздагы мектеп окуучуларына 8-апрелден баштап, аралыктан билим берүү процесси жүрүп жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган электрондук интернет ресурстарынан кененирээк билим алып, өз алдыныздарча, кошумча окуганы, колдонууга сунуштайбыз.
“Окууганы китебим жок, же мектептен албай калгам.” – деген маселе жаратып жаткан болсонуз, анда маселениз чечилди дей бериниз. Себеби сизге төмөндөгү электрондук китепканалар жардамга келет ;-). Сиз болгону интернетке кирип, төмөндөгү сунушталган ссылканы жазыныз дагы өзүнүзгө керектүү болгон китептерди онлайн же электрондук түрүн телефонунузга көчүрүп алып окуңуз.
kitep.edu.gov.kg
Бул сайттан сиз кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын окуу материалдарын камтыйт. Бул жерге 1-класстан 11-класска чейинки окуу китептери жайгаштырылган. Өзүңүзгө тиешелүү бөлүмдөргө кирип, классыңызды тандап, ар бир предмет боюнча китептерди электрондук түрүндө көчүрүп алсаныз болот, же онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн.
Сайттын интерфейси 2 (кыргыз, орус) тилде жеткиликтүү.
lib.kg
сайтынан дагы окуу китептерин табууга болот. Бул жерде окуу китептеринен сырткары дагы материалдар жайгаштырылган.
okuma.kg
Бул сайтта мектеп окуучуларына тиешелүү китептердин дээрлик барын таба аласыз.Ал китептерди электрондук түрүндө телефонуңузга көчүрүп жана онлайн окуй аласыз. Мектеп материалдарынан сытркары дагы бир нече чон окуу жайларга тиешелүү материалдар дагы илинген. Сайттын интерфейси жөнөкөй жана түшүнүктүү.
“Китептен барын эле окуп жатам, бирок таптакыр эле түшүнбөй жатам.” – десениз анда сизге төмөндөгү сайттар жардамга келет.
ibilim.kg
Сайтында 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык материалдар иштелип чыккан. Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет. Башталгыч класстын окуучулары көрсөтмөлүү жана көркөмдөлгөн материалдарды жакшы кабыл алышат, ошондуктан сүрөттүү жана мультимедиалык материалдар көбүрөөк чагылдырылган. Себеби оюн түрүндөгү материалдар балдардын аң-сезимин өрчүтөт. Бул жерден окуучулардын көрүү жана угуусун, сезип-туюу менен элестөөсүн өркүндөтүүчү материалдарды таба аласыңар.Теманы түшүндүрүү методу өтө жөнөкөй.
bb.edu.gov.kg
«Билим булагы» – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5–9 класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси. Бул сайтта жогорудагы предметтердеги темаларды окуучуларга так, жеткиликтүү жана түншүнүктүү кылып даярдалган материалдар менен жабдылган.
Интерфейси жөнөкөй, колдонучуларга түшүнүктүү, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.
oku.edu.gov.kg
Телевидениеден берген сабактарынызды кандайдыр себептерден улам көрө албай калдынызбы? Анда бул сайт сиз үчүн!.
Кыргыз жана орус тилдүү мектептерге арналган. Негизинен видеосабактар ЭлТР, Санат ТВ жана Баластан телеканалдарынан чыкандан кийин гана сайтка жүктөлөт. Телевидениеден сабакты көргөнү жетишпей же убактыныз болбой калса, ушул сайтка кирип, өзүнүздүн классынызды жана өтүлүп жаткан предметинизди тандап көрүп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.
yaklass.ru
Билим берүү жана илим министрлиги ЯКласс сайтын дагы сунуш кылат. Аталган сайт карантинге байланыштуу 6- апрелден баштап акысыз иштей баштаган. Сайтта мектеп программасындагы 13 предмет боюнча 1,6 трлн тапшырмалар жана 1500 видеосабактарды табууга болот. Интерфейси жөнөкөй жана 16 тилде жеткиликтүү.
“ЖРТны кантип тапшырам?, кантип даярдансам экен? ” – деген суроолор быйылкы бүтүрүүчү окуучуларыбыздын тынчын алып жатса керек. Сүйүнө берсениз болот!. Урматту окурманым, ал үчүн сизге testing.kg сайты жардамга келет. Болгону сиз ушул дарекке кирип, ЖРТты боюнча маалымат алып, кошумча өз алдынызча даярданууга мүмкүнулүгүңүз бар.
testing.kg
Жалпы республикалык тестирлөө сынагына даярдануу үчүн же болбосо өз билиминизди текшерүү үчүн жасалаган интернет булагы. АКШнын эл аралык өнүгүү агенствосу тарабынан каржыланып, даярдалган. Сайтта ЖРТде берилүүчү 9 категория 360 тестти ичине камтыйт. Ар бир категорияга тиешелүү тесттердин топтому жана ал тесттерди тапшырууга кеткен убакыт берилет. Мисал катары “Окуу жана түшүнүү” категориясында 30 тапшырма берилген, чектелген убактысы болсо 60 минута. Эң жакшы жери тестти тапшыргандан соң туура жана туура эмес белгиленген тапшырмалардын тизмеси менен тааныша аласыз.
Сайттын интерфейси кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.
Урматтуу окурмандар! Бир нерсе кылууда ар шылтоону айтып отура берсек болбойт, ушундай сонун мүмкүнчүлүктөр бизди курчап турганда. Айрыкча 21-кылымда жашап жатып ;). Болгону изденүү жана аракет керек.