Matonдун кыскача тарыхы

“Менин сезимим боюнча, адамдын эмгектенүүсү жана өзүнүн бардык жөндөмдүүлүктөрүн өзү сүйгөн же дагы бирөөнө маанилүү болгон ишке жумшаганы, бул адам үчүн эң туура жашоо образы.”

– бул, Мельбурн штатындагы, күчтүү музыкант, жыгач боюнча адис, мыкты гитара устасы Бил Мэйдин философиясы болгон.  

30чу жылдардын оротосуна чейин, Австралияда гитара өнөр жайы дээрлик жок болчу, ал эми жакшы, кооз, сапаттуу инструментти болгону АКШдан алуу мүмкүн болгон.  Бирок бул мезгилде Билл Мэй кайраттуу кадамга барат жана баардыгын өзгөртүүнү чечет.    

Билл Мэй.

40чы жылдардын башында, Билл Мэй үйүнүн арткы короосунда, өзүнүн гаражында May Tone Strings, Instruments & Repairs деп аталган, кичинекей ишканасын ачат.

Билл өзү жалгыз акустикалык гитараларды жасайт жана ал өзүнүн ишине өзгөчө көңүл буруп, сапаттуу инструменттерди жасап жана алар үчүн көп акча талап кылбагандыгы үчүн анын ишканасы чоң жүгүртүүлөргө ээ боло баштайт. Ал дайыма, эгер жакшы, туура гитараны жасаса, элдер аны эңсешет деп айткан.

Билл Мэй.

Өзү айткандай эле гитаралары көп жерлерге тарай баштаган, анын гитараларын көп сатып ала башташкан.

1946 жылы Бил Мэйдин бир тууган агасы, экинчи уста катары кошулат. Ушул жылды Maton гитара компаниясынын башаты деп атап койсо болот.

Билл Мэй жана анын бир тууган агасы

Ишкананын аты Мэйтон. May устанын фамилиясы болсо, Tone англис тилинен үн дегенди билдирет. Акыркы е тамгасын алып койсо, Maton аталышы келип чыгат.

Өзүнө жана башкаларга ишинин ийгилигин далилдеген соң, үч жылдан кийин 1949 жылы Билл биринчи, австралиялык музыкалык аспаптарды чыгаруучу чоң завод ачат. Чакан командасы менен 300 гө жакын акустикалык гитаралардын моделин чыгарат. Бул жерде Maton компаниясы 90 жылдарга чейин иштейт. Ал эми ал чыгарган гитаралары Элвис Пресли, The Beatles тобунун солисти Джордж Харрисон, Джимми Пейдж сыяктуу музыканттардын колунда болуп көрөт.

Албетте булардын баарынын ортосундагы тарыхый окуяны айта кетпесе болбойт. 1959 жылы 4 жашында кичинекей бала апасынан биринчи гитарасын белекке алат. Кийин бала ал гитара аркылуу үйрөнүп, чоңойгондо дүйнөдөгү эң мыкты акустика гитаристи чыга келет. Бул албетте, Томми Эммануэль жөнүндө сөз болуп жатат.

Томми Эммануэль/Фото: flickr.com

Жогорудагы атап кеткен гитаристтердин бардыгы Maton гитарасынын статусун көтөрүүгө салымдарын кошушкан.

90 жылдардан кийин Биллдин ден соолугу начарлай баштайт жана 93 жылы көз жумат. Бирок бул убакка чейин ал бардык мүлкүн кызына жана анын күйөсүнө өткөрүп бергенге жетишкен. Алар азыркы убакка чейин компаниянын көрүүсүн, философиясын  сактап келишет.

Булактар: Гитара клубу, Flickr

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x