Учурда бир гана кыргыз элинин эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнөн тартып, дүйнөгө даңкы даңазаланган “ Маш ботой” күүсүн кимдер гана укпады дейсиз. Дал ушул күү демибизге дем кошуп, жаныбызды удургутутканын ар бирибиз сыймык менен айта алабыз. Аталган күүнү кыргыз фольклордук музыкасынын алтынга алмашкыс номер биринчи бренди десек жаңылышпайбыз.
Кыргыздын кылым карыткан залкар күүлөрү мазмун жагынан салмактуу, оор басырыктуу, маани-маңызы терең болуп, улуттук мүнөздү, менталитетти чагылдырып келген. Элибиздин салмактуу, сабырдуу акыл жүргүзө билген акылгөйлүгүнүн, окуяны жеңил-желпи эмес кабылдашынын мисалы катары мына ушул “камбаркандар”, “шыңгырамалар”, “ботойлор”, “кербездер” экендигин айтсак болот.
Ал эми, легендарлуу “Маш ботой” күүсүнүн маанисине жана тарыхына келе турган болсок, “маш” сөзү “тез, бачым” дегенди түшүндүрсө, “ботой” сөзүн белгилүү “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси, дирижеру Рыспек Жумакулов “ботой”, “ботом” деген сөздөр менен байланыштырып, кичинекей ойноок баланын ары-бери чуркашы, анын шайырлыгы менен түшүндүрөт. Демек, “маш” сөзү менен башталган күүлөр тез, бачым чертилип, кол ойнотмо күүлөр экенинен жыйынтык чыгарсак болот. Булар адамга бат сиңе тургандыгы, угармандын кулагында кала тургандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Белгилүү фольклорист Камчыбек Дүйшалиевдин “Кыргыз эл музыкасы” аттуу китебинде “ботой” (сөзмө-сөз төөнүн тайлагынын синоними) кыргыздардын поэтикалык акыл-эсинде эне менен баланын ажырагыс образын символдоштуруп турат. Элдик уламыштарга караганда үй жаныбарларынын ичинен өзүнүн тукумуна ушунчалык жакын, сүйкүмдүү караган төөдөн башка мал жок экен. Төөнүн тайлагы ооруп же өлүп калса, анын энеси кадимкидей көз жашын куюлтуп ыйлап, көргөндүн зээнин кейитет. Мына ушул нерсе “ботой” аттуу комуз күүсүнүн жаралышына негиз болгондугу айтылат. Учурдагы “ботой” күүлөрүнө кайрылсак, айрымдары жайдары мүнөздө ойнолсо, буларга “ Тилендинин ботою”, термелген бешик ырына окшогон, “ Муратаалынын ботою” назик, “Токтолдун ботою” жигердүү баяндалса, айрым “ботойлор” тескерисинче динамикалуу, тез темпте өнүккөн формада аткарылат.Буларга легендарлуу Атай Огонбаевдин “Маш ботою”, сымбаттуу “Айдайдын ботою” К. Орозовдун шайыр-шаңдуу “Жумалак ботою” ж.б кирет. Эми күүнүн тарыхына кайрылсак, автор “Маш ботойду” демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен. Кийин филормония ачылгандан кийин комузчулардын ансамбли түзүлүп, анын репертуарына Атай биринчи кылып ушул “Маш ботоюн” киргизген дешет. Күүнүн ушунчалык шаңдуу жана кайрыктарынын кооздугун байкаган профессионал композитор Феферман аны атайын оркестр үчүн кайра иштеп чыгат. Андан кийин улуу дирижер Асанкан Жумакматов аны бир катар жаңы элементтер менен толуктап, айрыкча кода деп аталган бөлүктөгү кошумча музыкалык теманы кыябына келтире аткартып, финалдагы кайрыкка “оп-па” дегенди коштуруп, натыйжада азыр биздин кулагыбызга жат болуп калган, бизге эле эмес, бүт дүйнөгө таралган “Маш ботой” пайда болгон.
Ал эми, биз сөз кылып жаткан салттуу музыканын атасы, залкар комузчу- автор,ыр үчүн бир жарк эткен обончу Атай Огонбаев 1900-жылы Талас өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Алты жашында ата-эсинен ажырап, эки ата өткөн Султан деген агасынын колунда чоңойгон. Залкар таланттын ээси болгону 49 гана жыл өмүр сүргөн. Жаш кезинен комузга болгон ышкыбоздугу анын чыгармачылыгына эбегейсиз таасир берген. Атайды бийик комузчулук, ырчылык даражага жеткирген тоо булбулу Токтогул Сатылганов болгондугу айтылат. Аз жашаса да, саз жашаган залкар таланттын чыгармачылыгынын гүлдөп өсүп турган мезгили 30-жылдарга туш келет. Анын күүчүлүк өнөрүнүн туу чокусу болгон “Маш ботою” Кыргыз филармонияда өзү түзүп, өзү жетекчилик кылган комузчулар ансамблинин репертуарынын башкы номери болгон. 1939 –жылы Москвада 1-декаданын учурунда Атай чоң театр сахнасында комузду виртуоздук менен аткарган. Ошол учурда кыргыз маданиятын таанытууда, улуттук музыканы жайылтууда бул декаданын кыргыз эли үчүн орду эбегейсиз эле. Анткени эң биричи жолу кыргыз комузчулары 1- декадада дүйнөлүк аренага чыга алышкан. Дал ушул декадада алгачкы жолу улуу композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Ференин биргеликте иштеп чыккан “Айчүрөк” либреттосу тартууланган. Декадага залкар манасчы С. Каралаев өзү катышкан. Маалыматтарга таянсак, аталган декадада И.В. Сталин А. Огонбаевдин талантына баа берип, Атайдын колун кармап “сөөк жок экен десем, бар тура”, -деп таңдангандыгын Боталиев “Ленинчил жаш” гезитинин 10-январь 1974-жылкы номерине жазып чыккан. А. Огонбавдин керемет күүлөрүнүн мынчалык популярдуулукка жетишишин “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси, дирижеру Рыспек Жумакулов, анын мүнөзү, чоң залга шык, көңүл көтөрүңкүүлүк, шаң бере тургандыгы менен түшүндүрөт. Атайдын көп кырдуу жаркын шыгы декаданын жыйынтыгында өкмөт тарабынан жогору бааланып, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланат. Иосиф Виссарионович Сталин өз атынан Атайга белекке үч коробка күмүш кашык, 50 миң сом берет да, өмүр бою ала турган Сталин атындагы стипендия дайындайт. Кыргыз өкмөтү Атайдын улуттук элдик музыкасын өнүктүрүүдөгү эң көрүнүктүү эмгеги жана бир катар музыкалык чыгармаларды жараткандыгы үчүн Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наамды ыйгарат.
Белгилей кетсек, кыргыздын улуттук ат оюну “Көк бөрүнү” “Маш ботойсуз” элестетүү мүмкүн эмес. Элдин бүйүрүн кызыткан аталган оюн күүнүн коштоосу менен ойнолгондо, ага өзгөчө түс берип, оюнчулардын демине-дем, кайратына- кайрат кошуп, шыктандырганына күбө болобуз. “Маш ботой” күүсү бир гана “Көк бөрү” үчүн жаралгандай сезим калтырат.
Бүгүнкү күндө кыргыз музыкасынын шаңкыган “Маш ботою” дүйнө элине даңкталып, бир гана комузда эмес, пианино, скрипка жана боордош түрк дүйнөсүнүн элдик музыкалык аспаптарында кол ойнотулуп келүүдө. Буга мисал катары, 2016-жылы мекендешибиз Азамат Сыдыков аталган күүнү ачык асман алдында АКШнын ири шаарларында ойногонун айта кетсек.
Дагы бир сыймыктанчу жагдай 2016-жылдын 28-мартында кыргыздын кыялды эргиткен, көңүлдү сергиткен “Маш ботою” Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун чоң имаратында жаңырып, ал жердегилердин узак кол чабууларына арзыгандыгы. Аталган концертти ТҮРКСОЙ уюму уюштуруп, күүнү “Акак” жана “Камбаркан” музыкалык- этнографиялык ансамбли аткарган. Мындан туура бир жыл мурун 27-28- мартта Нью-Йорк шаарында “Улуу Жибек жолу жана анын Борбор Азиянын келечегине тийгизген таасири” деген темада Эл аралык симпозиумда доклад окуп, А.Огонбаевдин топ жараар күүсү, кыргыздын элдик маршы, көчмөндөрдүн жер жарган дүбүртү, күлүктөрдүн даңкан чыргыткан жүрүшү сыяктангандыгына күбө болгон профессор Осмонакун Ибраимов кыргыздын улуу музыкасынын БУУнун улуу залында жаңырганын угуп отуруп көзүнө жаш алганын айта: “Маш ботой” чоң залдагы көрүүчүлөрдүн кулагына да жаккан, көзүн да сүйүнткөн музыкалык номер болду. Атайдын гениалдуу күүсү бир чети таң калтырды, уккандардын дуулдаган кол чабуусуна арзыды. Анын шамал менен тең жарышкан сай күлүктүн чабышындай дуулдаган ритми, ар бир кайрыгында кулактын моокун кандырган темпи америкалыктарды, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген дипломаттарды, журналисттерди ыраазы кылып, эстетикалык рахат тартуулаганына өз көзүм менен күбө болдум”, –деп эскерет.
Мындан тышкары, 2016-жылы өткөн II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчунун аткаруусунда гы “Маш ботой” күүсүн жазбаган да, көргөзбөгөн дагы дүйнөлүк массалык маалымат каражаты калбаса керек. Бул туурасында журналист Султан Жумагулов “Маш ботой” чертилип жатканда кыргыздардын мекен ыры, гимни ушул турбайбы деген ой көкүрөгүнө уюганын, “Маш ботойдун” ыргактары кыргыздын ыйы менен санаасын, кубанычы менен кыял-тилегин жүрөк түпкүрүнө жеткиргенин, уккан сайын Ала-Тоонун желаргысындай көӊүлүӊ сергиткенин, желдей сызган аргымактын жалында учу-кыйырсыз мейкиндикке даң салып бараткандай болосуӊ”, – деп “Азаттыка” жазган .
Эгемен көчмөн элдин эркиндигин даңазалаган , улуттук духту,улуттук рухту чыңалткан, калктын калың катмарынын жүрөгүнүн тереңинен түнөк тапкан, кыргыз музыкасынын бренди “Маш ботой” күүсү КЫРГЫЗ барда нечен элди таң калтырып, нечен элди шыктандырып, дүйнө эли сүйүп уккан атактуу музыкалык симфонияга айланаарына күмөндөй да шек жок.
Жанара Каденова