Үн жаздыруу лейбли (анг. record label, үн жазуучу компаниянын товардык белгиси) – ар кандай форматтагы алып жүрүүчүлөргө аудио жана кээде видео жазууларды (негизинен музыкалык видеолор жана концерттик видеолор) чыгаруу, жайылтуу жана өстүрүү менен алектенген компаниялар тарабынан негизделген бренд.
Үн жаздыруу лейблдери автордук укуктун сакталышын жана жаңы музыканттарды издөө жана андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылышат. “Үн жаздыруу лейбли” термини винил пластинканын борборундагы тегерек этикеткадан келип чыгат, анда өндүрүүчүсүнүн аты жана башка маалыматтар көрсөтүлгөн.