Людонарративдик Диссонанс деген эмне?

Видео оюндар тармагында иштеген журналисттерден көбүнчө ушул сөздү укса болот – “людо-нарративдик диссонанс“. Бул видеоюндарды изилдөө илиминдеги термин. Ал эки сөздөн турат, Людология(видеоюндарды изилдөө илими) жана нарратив (баяндама).

Терминди ойлоп тапкан Канадалык видео оюн дизайнери Клинт Хокинг.

Клинт Хокинг.

2007 жылы Blog Post платформасында видео оюн режиссеру жана дизайнери Клинт Хокинг биринчи жолу “людонарративдик диссонанс” деген терминди колдонуп, аны жараткан. Ал сөз менен Клинт Bioshock видео оюндагы геймплей менен сюжеттик окуя арасындагы болгон каршылыкты мүнөздөп берген. Анткени видео оюндун геймплейи оюнчуну өзүмчүлдүккө тартып турган, ал эми сюжети болсо эрдик жана курмандык жөнүндө болгон. Ушундай карама-каршылык эстетикалык аралыкты бузуп, оюнчуну оюндун чөйрөсүнөн түртүп чыгат.

Uncharted видео оюнунда людонарративдик диссонанс аттуу жетишкендик бар.

Демек людонарративдик диссонанс бул бир видео оюндун геймплейи менен сюжетинин ортосундагы чыр чатак. Демек ал нерсе жаманбы?

Сөзсүз эмес. Людонарративдик диссонанс видео оюндарда көп кезигет. Башка мисалдар Uncharted оюндар сериясы, Call of Duty, Dead Space ж.б. Бирок баары ал жөнүндө жаман ойдо эмес. Алардын арасында мисалы Ник Балантин, GameCloud Australia’нын жооптуу редактору 2015 жылы макаласында жазган:

Балким [видеоюндар]индустрия[сы] аны[людонарративдик диссонанс]өзүнүн пайдасына иштетсе болот? Видео оюндар оюнчуларды ыксыз кырдаалдарга түртүшөт, ал эми людонарративдик диссонанс ал ыксыздыкты андан бетер күйчөйтө алат. Жасалма глитчтер мындан мурун да людо/нарративдик курал катары колдонулушкан[мисалы Eternal Darkness: Sanity’s Requiem жана Metal Gear Solid 2: Sons of Liberty оюндарда], бирок эмнеге людонарративдик диссонансты колдонгондон качышат? Эгерде оюнчуну тынчсыздантып же чаташтыргын келсе, ал максат үчүн людонарративдик диссонанс эң мыкты чечим, бирок оюнчуга жараша ар кандай болушу мүмкүн.

Бул Балантиндин ою менен Токио Университетиндеги видео оюн дизайнын изилдөөчүсү Фредерик Серафин макул болгон. Анын айтымында:

Жакынкы арада кызыктуу жана ишенердик окуяларды жаратуу үчүн көп оюндарда людонарративдик диссонанс колдонулушу мүмкүн. Чынында, окуянын эң башкысы бул анын каармандары, жана эң кызыктуу окуялар диссонанттык[туура болбогон] каармандар жөнүндө; кызык, бирок бузулгандык, кокустук, ыйык кыйратуучу элемент, так ошо окуяны баяндоонун негизинде турат.

Ал эми сиз ойногон/ойноп жаткан видео оюндарда людонарративдик диссонанстын мисалдарын таптыңызбы?

  • 1

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x