Эмне үчүн оюнчулар EA компаниясын жек көрүшөт?

EA, же Electronic Arts – видеоюндарды таратуучу америкалык корпорация. Аны 1982 жылы Трип Хокинс деген адам курган. Ал учурда анын аты Amazin’ Software болчу. Башта ЕА видеоюндарды бастыруучусу гана болчу, бирок кийинчерээк ал өзүнө ийгиликтүү иштетүүчүлөрдү ээлеп калган. Ошентип 2000 жылдын башында ЕА дүйнөдөгү эң чоң бастыруучу компаниялардын тизмегинде 3 орунду ээлеген.  

EA компаниянын логотипи.

ЕА бир топ ийгиликтүү видеоюндардын серияларын, иштетип же бастырыппы, чыгарган. Алардын арасында Harry Potter, Need for Speed, FIFA, Medal of Honor, The Sims, Battlefield, Burnout жана Command and Conquer.

Бул видеондар сериясынын ар бириси ийгиликтүү жана кызыктуу оюндардын үлгүсү. Алардан тышкары ЕА дагы көп жакшы видеоюндарды иштетип же бастырып чыгарган, бирок негедир оюнчулар коомунун арасында ЕА компаниясын жек көргөнүн байкаса болот. Ал эми эмнеге андай болгонун биз изилдеп көрөбүз.

Haedox ютуб каналынан алынган превью(жазуу “ЕА чынындасы арамзалык”).

Биринчиден, бул ЕА өзгөрүп кеткен саясаты. Айрыкча 2000-2010 жылдардагы ЕА абдан өнүгүп келе жаткан компания болчу. Ар бир жаңы чыгарган видеоюну өзүнүн мурункусунан да мыкты болчу. Бунун себептери ЕА оюнчулардын ой-пикирлерине көңүл бурганы, видеоюндарды жасоого кызыккан адамдарды тартып, туура саясат жүргүзгөнү. Бирок бул баары начарлап кеткендин себеби бир – акча.

EA Pacman болуп акча жегени каалайт.

Ийгиликтүү болгондун жыйынтыкы компаниянын кирешеси да өскөнү. Бул баары акыры жөн гана бизнеске айланып кеткен. Жаңы ЕА компаниянын саясаты эми оюнчуларга сапаттуу жана кызыктуу видеоюндарды чыгарганы эмес, пайданы табуу болуп калган.

ЕА саясаты жөнүндө

Пайда табууун артындан жүгүрүп ЕА микротранзакцияларды ойлоп тапкан. Ал деген оюндун ичиндеги толуктоочторго мүмкүнчүлүк алганы үчүн ага кошумча акча төлөп бериш керек. Ошондон улам ЕА компаниянын видеоюндарын акча соргуч симуляторлор деп атап коюшкан.

Экинчиден, бул ЕА жок кылган бир нече видеоюндарды иштеткен студиялар. ЕАнын колунан берилген белгилүү видеоюндардын көпчүлүгү башка студиялар иштетип чыгарышкан, бирок алардын өнөрүн өркуңдөтүүнүн ордуна, ЕА аларды толугу менен сатып алып, же банкрот кылып жок кылышкан. Алардын арасында:

Maxis

Origin Systems

Bullfrog Productions

Westwood Studios

Pandemic Studios

Visceral Games

Mythic Entertainment

EA  эки жыл ирети менен Американын Эң Начар Компаниясы наамына ээ болгон.

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x