Бүгүнкү заманда видео оюндарды ойногонубузда компьютердин баскычында WASD айкалышын колдонгонго көнүп калганбыз. WASD айкалышы шутерлерде, баш катырма, РПГ жана көп башка жанрларда колдонулат, андан да тышкары WASD айкалышы менен стратегиялардын камерасы башкарылат. Бул макалада биз эмне үчүн WASD эң жайылган жана ыңгайлуу баскычтар айкалышы болуп калганын таап билебиз.
Видео оюндар өрчүгөн заманында, качан алар биринчи 3D мейкиндигине өткөндө, тексттин ордуна буюртма баскычтар келген. Анда жүрүү баскычтары бул жөнөкөй оң тарабында турган жебе баскычтары колдонулчу. Ошондо оюнчу жүрүүгө оң колун иштетчү, ал эми буюртмаларга сол колун. Бирок мунун баары чычканча ойлоп табылганда иштебей калган, анткени эски ыкманы колдонгон абдан ыңгайсыз болуп калган. Эки кол тең баскычтоптун оң жагында топтолуп, ал эми буюртма баскычтары сол жакта калып, аларга жетиш кыйын болуп кеткен.
Илгерки кезде башкарманын жалпы бир стандарты жок болгон. Оюн иштетүүчүлөр да ар кандай айкалыштарды табышкан. Алардын арасынан эң белгилүүлөрү: ASDX (System Shock, 1994), AZ/QE (Descent, 1995). Бакытка жараша, оюн иштетүүчүлөр оюнчуларга түзмөктөрдү өздөрүнө жараша өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн беришкен. Ошондон улам дагы ASDX жана ESDF айкалыштары өрчүп чыккан.
Балким ошол эле кезде кээбирлер WASD айкалышын эчак табышкан, бирок аны жалпы коомго жайылтканга бир адамга ыракмат айтышыбыз керек – ал киберспортчу Деннис "Thresh" Фонг. Quake видеоюндун эң улуу оюнчусу. 1997 жылы Red Annihilation киберспорт турниринде Quake видеоюн боюнча финалында Том "Entropy" Кизмини жеңип алган. Ал жеңиши үчүн Фонг мурда болбогон баалуу байге алган – Джон Кармактын феррарисин. Ошондо оюнчулар Фонг оң колун чычканчага, сол колу болсо WASD айкалышына койгонун байкашкан.
Бүт карьерасында Фонг 5 жыл бою Doom, Doom 2, Quake, Quake 2 жана Starcraft видеондары боюнча турнирлерде жеңүүчү болуп чыккан. Анын наамына Quake’ти ойлоп тапкан адам Джон Кормак WASD айкалышын Quake 2 видеоюнундун түзмөктөрүнө кошкон.
Мен өзүмдү WASD айкалышын тапкан адам деп эсептебейм. Мен аны кокустан колдонуп калганмын. Албетте мага чейин башка адамдар да аны менен ойношкон, анткени аларга ал ыңгайлуу болуп көрүнгөн. Бирок, албетте шутерлерди ойногон оюнчулардын арасында WASD айкалышын жайылтууда өзүмдүн өзгөчө салым кошконумду билем.
— Деннис Фонг
Кийинчерээк оюн иштетүүчүлөр да өздөрүнүн видеоюндарынын түзмөктөрүнө WASD айкалышын кошуп башташкан. Алардын мисалдары: Starsiege Tribes (1998) жана Half-Life (1998). Бирок бул айкалышты популярдашытырууда өзгөчө роль ойногон World of Warcraft (2004) саналат.
материалды даярдоо боюнча habr.com сайтына ыраазычылык билдиребиз.