“Дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе- бул өзүңдү таануу”
Мишель де Монтень
Көпчүлүгүбүз күндөлүк жазуунун пайдалуу жактарын угуп жүрсөк да, аны жазууга мойнубуз жар бербейт. А бирок, дал ушул күндөлүк, биздин жүрүм-турумубузду тескеп, сезимдерибизди контролдоп, өзүбүздү өнүктүрүүгө, өзүбүздү таанууга, жасап жаткан жана жасай турган иштерибизге саресеп салууга көмөктөшөрүн адистер тастыктап келишет.
“Күндөлүк” – адамдын жеке көз караштарынын, сезимдеринин, ишенимдеринин, дегеле инсандык “Мендин”(анг. personality) кагазга түшүрүлгөн бейнеси. Адамдын өзү менен өзүнүн баарлашуусу. Мына ушундан улам, күндөлүк когнитивдик психологияда изилдөө обьекти катары колдонулуп келет.
Күндөлүктү академиялык жашоо, жумуш, ден-соолук, жеке сырларга байланыштуу толтурсаңыз болот. Бул сиздин жеке китепчеңиз, аны кандай колдоносуз ал сиздин ой жүгүртүүңүзгө, шыктанууңузга жана чыгармачыл креативдүүлүгүңүзгө байланыштуу. Текст жазууну көп жактырбасаңыз, анда сүрөт тартып, графикаларды чийүү менен да күндөлүк жазсаңыз болот.
Күндөлүк жазуу оңой көрүнгөнү менен бул ишти адатка айлантуу татаалыраак. Андыктан, өзүңүздү күндөлүк жазууга кыйнабастан, аны сүйүктүү хоббиге айлантыңыз. Алгач күнүгө эмес, эки же үч күндө бир жазып коюңуз. Бара-бара бул нерсе адатыңызга айлансын. Негизгиси, убакытты күндөлүк жазуу менен өткөрүү эмес, ток этерин жазуу керек. Жазгандан кийин аны анализдөө, мурунку жазуу менен кийинки жазууну салыштыра билүү зарыл.
Күндөлүктүн көлөмү өтө чоң, ошол эле учурда, өтө эле кичинекей болбогону оң (бат толбошу үчүн). Көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу болушу керек. Эс алууга, саякатка, же табиятка чыкканда жаныңызга алып жүрүп, таасирлериңизди жазсаңыз, бул сиздин сезүү, интуицияңыздын өнүгүшүнө таасирин тийгизет. Буга кошумча, күндөлүктүн сапатына да көңүл бурууну унутпаңыз. Себеби, аны узак жылдар бою сакташыңыз мүмкүн.
Төмөндө күндөлүк жазуунун ары пайдалуу, ары көпчүлүк биле бербеген жактарына токтолдук;
1. Жазуу стилиңиз өнүгөт. Күндөлүк жазган адамдын жазуу жөндөмдүүлүгү жазбагандарга карата айырмаланары айтылат.
2. Окуган китеп, көргөн-билген кайсы бир окуя боюнча жеке көз карашты, сырларды кагазга түшүрүү мүмкүнчүлүгү. Бир нече жылдан кийин карап, өзгөрүүлөрдү салыштыруу.
3. Тынчтандыруучу таасирге ээ. Күндөлүк жазган адам стресстен, таарынычтан жана негативдүү ойлордон оолак болот.
4. Сактоо мүмкүнчүлүгү. Күнүнө адамга миң түркүн ой келет. Анын баарын мээде сактап калуу албетте, кыйын жана мүмкүн эмес. Көпчүлүгү пайдасыз. Маанилүүсүн кагазга түшүрүп калуу менен аны турмушка ашыруу мүмкүн.
5. Эс-тутумду жакшыртат. Жазуу – бул сезүү. Сезүү, аңдоо аркылуу адам акылын, критикалык ой жүгүртүүсүн жана ой-өрүшүн кеңейтери маалым.
6. Өздүк дисциплина. Өзүнө-өзү жол көрсөтүү, багыт берүү. Мээдеги чаржайыт ойлор кагазга түшкөндө, мээде калыпка салынат жана такталат. Эмне үчүн максаттарды жазуу керек экендигин мына ушундан билсек болот.
7. Жаза билгендик, бул сүйлөй билгендик. Демек, жазуу аркылуу кеп маданиятыңызды да өнүктүрө аласыз. Адамдар аралык коммуникативдик, эмпатия (адамдарды түшүнүү, алардын ордуна өзүңүздү коюп көрүү) жөндөмүңүздү да көнүктүрө аласыз.
8. Автобиографиялык эмгектин даярдалышы. Балким, сиздин күндөлүгүңүз келечекте сиздин мемуардык китебиңиз болуп калаттыр, окурман?..