Биринчи эле ойго келген нерсе бул “анархия” болушу мүмкүн, коомдун баш аламан, мыйзамсыз, иретсиз түзүлүшү. Криптоанархизм болсо мыйзамды бузбайт, тескеринче, адамдын жеке маалыматын сактоо, элге тең укук берүү максаттарын көздөйт. Учурда интернеттин таралышы менен көп нерсе онлайнга өтүп жатканын көрүп жатабыз: тууган-достор менен мессенджер аркылуу байланышабыз, мектеп-класс, ТСЖ, үй-көчө көйгөйлөрүн топтук чаттарда талкуулайбыз, саясий көз караштарыбызды коомдук тармактарда, пабликтерде билдиребиз. Бул өзгөрүүлөр ыңгайлуулуктардан тышкары өзүнө байланыштуу көйгөйлөрдү да алып келди. Фейк аккаунттар жалган маалыматты таратып жатышат, чоң аудиториясы бар пабликтердин ээлери аккаунттарын, жеке маалыматын уурдатып жибергенине күбө болуп турабыз. Интернеттеги коопсуздук көйгөйлөрүнүн көбүнчөсүн криптоанархия чече алат. Көп адамдар ал жөнүндө аз билишет, ал эми өз элин, элдин эркиндигин баалабаган кээ бир мамлекеттердин бийликтери тескеринче криптоанархияны элге каршы колдонууга умтулат.
Ошондуктан коомдун виртуалдык дүйнөдөгү көйгөйлөрүн аныктап, аларды чечүү максаты менен криптоанархия деген нерсе пайда болду. Аны ар кандай түшүнсө болот, практикалык жактан атайын криптографиялык аспаптарды билүү жана колдонуу, философиялык жактан инсан менен бийликтин, же башка кыймылдардын күрөшүүсү. Менин максатым бир нече макалаларда ар кайсы көйгөйлөр, алардын теориясы жана аларды чечүүчү аспаптар жөнүндө айтып берүү.