Программалоону жеңилдете турган 8 Flutter пакет топтому

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Иштеп чыгып жаткан колдонмолоруңузду сапатуу жана жетикиликтүү кылуу үчүн ушул сыяктуу пакет топтомдорун колдонуңуз, же Flutter үчүн сиз кандай пакет топтомдорун колдонуп жүрөсүз, аларды комментарийге жаза кетиңиз.

 

  1. Freezed

Freezed класс үлгүлөрүн түзүү үчүн кадамдардын санын азайтып, кодду тезирээк жазууга жардам берген код генератору.

  1. flutter_launcher_icons

Эгер Xcode жана Android studio жөнүндө эч нерсе билбей туруп, колдонмонун сүрөтчөлөрүн өзгөртүү керек болсо, анда сиз үчүн бул пакет топтому пайдалуу. Сиз жөн гана PNG форматтагы сүрөттү кошосуз, flutter pub run flutter_launcher_icons программасын иштетиңиз, болду бардыгы сиз үчүн даяр.

  1. Fluttertoast

Бул топтомдун жардамы менен Flutter колдонмолорунда эскертмелерди (уведомление) көрсөтүү оңой.

  1. Firestore

Firestore бул NoSQL булут маалымат базасы болуп саналат, жана бул маалымат базасы менен иштөө үчүн ушул пакет топтому колдонулат.

Бул пакет Flutter колдонмолорун Firestore менен интеграциялоону жеңилдетет.

  1. Riverpod

Riverpod Flutter тиркемесинин абалын башкаруунун жөнөкөй жана ийкемдүү жолун камсыз кылган State Managment. Пакет реактивдүү колдонуучу интерфейстерин жана тест кодун түзүүнү жеңилдетет.

  1. SharedPreferences

Колдонуучунун түзмөгүндө ачкыч-нарк жуптарын сактоо жана алуу үчүн пакет. Колдонуучуга тиешелүү жөндөөлөр жана маалыматтар сыяктуу колдонуучунун маалыматтарын сактоо үчүн пайдалуу.

  1. package_info_plus

Пакет тиркеме (версия номери, куруу номери жана пакеттин аталышы) жөнүндө маалымат алуу үчүн иштелип чыккан. Бул пакет колдонуучуларга колдонмо маалыматын көрсөтүү же мүчүлүштүктөрдү оңдоо максатында өзгөчө пайдалуу.

  1. intl

Бул топтомдун жардамы менен иштеп чыгуучулар даталарды, убакыттарды, сандарды жана валюталарды ар кандай тилдер үчүн оңой форматтай алышат, бул бир нече тилди жана турган аймагын тактаган тиркемелерди куруу үчүн абдан маанилүү.

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Иштеп чыгып жаткан колдонмолоруңузду сапатуу жана жетикиликтүү кылуу үчүн ушул сыяктуу пакет топтомдорун колдонуңуз, же Flutter үчүн сиз кандай пакет топтомдорун колдонуп жүрөсүз, аларды комментарийге жаза кетиңиз.

Которуп даярдаган Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 16-май, 2023-жыл.

  • 7

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи