23-апрель — бүткүл дүйнөлүк китеп күнү!
23-апрель — дүйнөлүк адабияттын символикалык датасы.
1616-жылдын 23-апрелинде Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсиласо де ла Вега көз жумган. 1995-жылы ЮНЕСКОнун Париждеги башкы конференциясында бул күндү китеп жана автордук укук күнү деп жарыялашат.
Бул күнгө карата китептер сюжеттин борборунда турган чыгармалардын тизмесин түздүм.
“Три чашки чая” – Г. Мортенсон
Билим алуунун мааниси жөнүндө китеп. К2ни багындыргысы келип, аз жерден өмүрүнөн айрылып кала жаздаган альпинист Грег – китептин башкы каарманы. Аны жергиликтүү жашоочулар сактап калгандан кийин ал ошол айылдын балдары үчүн мектеп курууну чечет. Ал бир эле эмес, 150дөн ашуун мектеп куруп, билим менен террорго каршы күрөшөт.
Бул китептен кийин террор менен бир гана билим аркылуу күрөшүү болорун жакшы түшүндүм. Эгер адамдар билимдүү болсо, өлкө да күчтүү болот. Мына ушул нерсе азыр бизге жетишпей турат.
“Книжный вор” – М. Зусак
Китеп өлүм, согуш жана үй-бүлөсүнөн айрылган, китепти аябай жакшы көрүп, чогултуп, уурдап же жөн эле алып кете берген кичинекей кыз жөнүндө. Алардын ар бири анын жашоосундагы кандайдыр бир окуяны билдирет. Китепке болгон сүйүү аны өзү жаза баштаганга түртөт. Анын окуясын бул дүйнөдөн кеткендердин жанын алган Өлүм периштеси айтып берет.
“451 градус по фаренгейту” – Р. Брэдбери
Адамдарга китеп окууга тыюу салынган жана баш ийбегендер жазаланган дүйнө жөнүндө китеп. Башкы каарман – өрт өчүргөн жана китептерди өрттөгөн өрт өчүрүүчү.. Китеп бою ал өзү менен, өзүнүн ойлору менен, стереотиптери жана система менен күрөшөт. Китептерди өрттөшү керек болгон чакта да, аларды сактап калганга аракет кылган башкы каарман тууралуу.
Кызыктуу факт: Фаренгейт боюнча так 451 градуста кагаз күйүп баштайт.
“Мартин Иден” – Дж. Лондон
Жогорку коомдун кызын сүйүп калган жөнөкөй деңизчи тууралуу китеп. Кыз менен бир абадан дем алуу үчүн ал грамматиканы үйрөнүп, так илимдерди изилдеп, көптөгөн китептерди окуп жана өзү китеп жаза баштайт. Ал жазуучу болууну кыялданат, бирок анын чыгармалары ийгиликке жетпейт. Акыры, китеби белгилүү болуп, жогорку коомго жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, өзүнүн эңсеген кыялына жакындаганда, адамдарга, жакшылыкка жана адилеттүүлүккө болгон ишенимин жоготот. Ошону менен анын айланасындагы бүт дүйнө өзүнүн түсүн жоготот.
Кызыктуу факт: Психологияда “Мартин Иден синдрому” бар. “Мартин Иден синдрому” (максатка жетүү синдрому) – адамдын эңсеген кыялына жетүүнүн натыйжасында пайда болгон жана андан ары өнүгүүчү патологиялык абал.
ПС. Китептин сүрөттөрү интернеттен алынды 🙂