Саламатсыздарбы биздин контентчилер! Сиздер менен, Японияда окуу боюнча мага белгилүү болгон жолдору менен бөлүшүп коюууну туура көрдүм. Кимдир бирөөлөргө пайдасы тийет деп ойлойм. Бул жакта окуган биздин мекендештер жакшы санда бар.
Япон тили мектептери
Жалпы Япония боюнча, болжол менен 280 ге жакын тил мектептери бар. Кыска(бир айдан 6 айга чейин) жана 1, 1.5, 2 жылдык тил курстары бар. мектепти аяктаган соң университет жана колледждерге тапшырып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. окуу акысы болжолдуу түрдө, жылына 7 50 000 иендин(7000 usd) тегерегинде. Жатакана, мед.камсыздандыруу күнүмдүк чыгымдар окуу акысынан тышкары!
Окуу процесси жүрүп жатканда, Япон тилинин деңгээлин аныктоочуу(Japanese-Language Proficiency Test) жана жогорку жана кесиптик окуу дайларына өтүү үчүн тестирлөөдөн өтүү мүмкүн(тил мектебинен кийин, жогорку же кесиптик окуу жайга өтүүнү каалагандарга сөзсүз өтүүсү шарт). Жыйынттыкка жараша окууга тапшырып кетсе болот.
Жумуш
Миграция кызматы тарабынан жумасына 28 саат иштөөгө уруксат берилет. Айлык Саатына орточо эсеп менен 900-950 иен(9 usd). Үнөмдүү колдонсо, аз да болсо окууга болгон төлөмгө да чогулса да болот.
СУНУШТАР ЖАНА СУРООЛОР БОЛСО, толуктап жана жооп беребиз!
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!