Эл дегендер жана эл жегендер

(«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн)

Жакында кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү экен. Эгерде тирүү болсо 31 жашка чыкмак дешти. Уланды мен макаласын текшерип калганым болбосо, өз муунундагы адамдардай болуп жакындан деле билчү эмесмин. Аны Матраимовдор боюнча иликтөөсүнөн кийин гана баалай баштагам.

Бажыдагы коррупция боюнча иликтөөнүн башында Улан турган. Аны элдин баары көрдү. Али Токтакунов жана башка кесиптештер кийин дал ушул теманы тереңдетип, эл аралык деңгээлде резонанс жаратканга чейин жетишти. Андыктан Али жүргүзгөн иликтөөнү мен Уландын ишин улантуу, ал эми жакында чыккан соттун чечимин Уландын арбагына түкүрүү катары кабыл алдым. Башкача кабыл алыш өтө кыйын.

Ырас, Уландын көзү тирүүсүндө деле бул маселе чечилген эмес. Элдин талабы менен ага көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалын берген бийлик иттик кылып төш тартып, кайра факты сурап туруп алган. Аягы эмне менен бүткөнүн көрдүңөр. «Башка президенттердин «Кошелегу» бар, биздин «Кошелектун» болсо президенти бар» деген анекдоттор пайда болду.

Чынында бул иштин жүрүшүндө бир эмес, бир нече президент алмашты. Анткени Матраимов башканын эмес, Атамбаевдин тушунда кызматтан кызматка көтөрүлгөн. Башканын эмес, Жээнбековдун тушунда таасири ушунчалык күч алгандыктан көз көрүүнө эле бийликке атаандаш партия түзгөн. Эми башканын эмес, Жапаровдун тушунда камакка коюлган мүлкү кайра чыгарылды. Эгерде Садыр Жапаров бул ишти создуктура берсе, Раимдин таасири анын да түбүнө жетиши мүмкүн.

Сөз чынынан бузулбайт. Матраимовду бири-бирине шылтаган Атамбаев да, Жээнбеков да бири анын кызматтан көтөрүлүшүнө, бири жазасыз басып жүрүшүнө чоң салымы бар. Болгону Атамбаев менен Мирзиёев экөө тең келип батасын берип тасмасын кескен логистикалык борборду иштетпей койгон үчүн Атамбаев кастарын тигип ачык сындай баштаган болуш керек деген божомол келип чыкты. Аны менен иштешкиси келбеген үчүн Кулматов кызматтан кетти. Анын үстүнө көз карандылыгын билип туруп Жээнбековго каршы ушул факторду пайдалануу Атамбаев үчүн абдан ыңгайлуу болду. Өзү ошону уюштурган уйгур ишкери менен кучакташып жүргөнүн эч ким эстеген жок. Акыры так ушул Матраимовго каршы чечкиндүү чара көрө албаганы Жээнбековдун саясий тагдырын аныктады. Болбосо азыркылардын көбүнө караганда жаман киши эмес болчу. Болгону чечкинсиз экен.

Жалпысынан «Азаттык» Матраимовдон тартып Жалил Атамбаевге чейин, Дача-СУдагы кырсыктан баштап Атамбаевдин байлыгынын булагына чейин иликтеди. «Кыял» бирикмесиндеги коррупциядан тартып Оштогу криминалга чейин, «Бишкекасфальтсервистен» тартып Шоопур менен Албектин таасирине чейин абдан көп нерсенин бетин ачты. Анын баары архивде турат. Ошонун баары болбосо да көбү менин колумдан өттү. Мен башка нерсеге эмес, көзүм менен көргөнгө гана ишенген кишимин. Бакиевдер бийликтен кетип атканда октун тарсылдагы президент отурган имараттын төбөсү менен түбүнөн гана угулуп, кулаганда «Илбирстин» жанындагы биз тарапта гана балдар кулап жатты. Тескерисинче биз тараптан ок атылып, президент тарапта киши өлгөн эмес. Андыктан «Бакиев элди аткан эмес» деген кебиңерди да, «ушу «Азаттык» Раимге гана асылып алды, кыйын болсо Атамбаевди, Жээнбековду жана башкаларды жазбайбы» деген сөздү да мен жок жерден айткыла.

Кыргыз жүйөгө баш ийгени үчүн улуу эл болгон. Каратып туруп Улан менен Алини каршы коюп, «Улан минтет эле, силер башкача кылып атасыңар» деген кептин кенедей да жүйөсү жок. Али башканын эмес, так ошол Уландын баштаган ишин улантып жатат. Уландын арбагын кубантып жатат. Ал эми жегичтерди актагандардын баары – каалайбы, каалабайбы, Уландын арбагын тебелеп атат.

Акыркы жылдары көп мыкты адамдарыбыздан ажырадык. «Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи, Чыркыраган айлыбызга бир жолу» деп жүрүп кыргыздын мыкты акыны Тургунбек Бекболотов кетти. Жылтыраган наамдан башкасы көзүнө илинбеген көпчүлүк аны байкаган да жок. «Жаттан карыз көп алды, жан кечтилер жеп алды» деп чындыкты кашкайта айтып жүрүп Элмирбек кетти. «Мөңгү, мөңгү, мөңгүм, келбейт сени көмгүм» деп зар какшап жүрүп Зайырбек кетти. Бирок чындыкты калп кылып бурмалаган чычкактар, жаттан карыз алып жеп алган жан кечтилер, мөңгүнү мөгдөтүп саткан мөөндөр дагы эле отурат… Кыргыз арбакты сыйлаган калк эле. Күчтүү жагынын бири ошол болчу. Бирок кээде биздин сөлөкөтүбүз эле калганбы деп ойлочу болдум. Анткени арбакты сыйлаган бийлик бир колу менен журналистке көзү өткөн соң медаль берип, экинчи колу менен анын тирүү кезинде күрөшкөн кишисин бошотпойт. Арбакты сыйлаган кесиптештер «Улан эле Улан» деп шыпшынып, мындай чыгары менен «Раимден колуңду тарт» деп анын партиясынын биринчи катарына кирбейт. Арбакты сыйлаган киши «Үзөңгү-Куушту берели» деген чечимге добуш берип алып кайра Шералы Назаркуловдун эскерүү кечесинде жүрбөйт. Арбакты сыйлаган акындар Элмирбекти жоктоп ыйлаганын видеого тартып, кайра эртеси арабдын кызыкчылыгын көздөбөйт.

Ачуу болсо да айта кетчү дагы бир сөз – арбакты сыйлаган эл 90 баласын аттырып салып басып кеткен киши өлтүргүчтүн жакын адамын (жакын экенин Максим өзү айтып атат) кайра өз өлкөсүнүн тактысына отургузбайт. Жакын эмес экенин эмгиче тана албай, ушу күнгө чейин каршы сөз да айта албай отурат.

Анткени арбакты сыйлоо – биринчи иретте анын жасаган ишин, карманган принцибин, калтырып кеткен мурасын сыйлоо. Куран окутуп уча жеп коюп басып кеткенди иттин уулу Байгара деле билет.

Өткөндө бир жаздым эле. Чындыкты ким айтса деле ал чындык боюнча эле калат. Аны сага жакпаган киши айтышы мүмкүн. Душманың айтышы мүмкүн. Сага керектүү жерин алып, тиешелүү жыйынтык чыгар да, жакпаганын албай өзүнө калтырып кой. Бардык эле тарапка ошондой мамиле кыл, болгону өзүңдүн улуттук кызыкчылыгыңды көздөп жүрүп отур.

Ооба, жегичтердин бир топтору элди кармап туруш үчүн айрымдарына жакшылык кылат. Анысына рахмат. Унчукпай жеп алса деле билбейт болчубуз. Бирок ал анын акчасы эмес. Кыргыздын акчасы. Эгерде жегичтер болбогондо антип көрүнгөн аткаминерден сурап отурбай эле ошол жардамды мыйзамдуу түрдө алмак. Эселеп көп алмак. Жеген акчага жоомарт болуш бир эсе оңой, бир эсе саясий жактан пайдалуу. Дагы бир нерсени моюнга алыш керек. Жегичтердин көбү – жок эле дегенде цифраларды, бийликтеги байланыштарды, мыйзамдардагы бош жерлерди билген акылдуу адамдар, ушундай схемаларды түзө билгенине жараша. Болгону акылы мамлекеттик кызыкчылыкка каршы иштейт.

«Азаттыкты» сындаганда «башка бирөөлөрдүн акчасына элди дүрбөтүп атат» дейсиң, тууганым. Ооба, биздеги иш жүргүзгөн чет өлкөлүк субъектилердин көбүнүн артында алысты көздөгөн геосаясий кызыкчылык турат. Мындан ары да тура берет. Бири Батыштын, бири Орусиянын, дагы башкасы исламисттердин саясатын жүргүзөт. Дүйнө ошондой – кааласаң-каалабасаң да ар кимисинин объективдүү кызыкчылыгы бар. Андан уурулар ууру болбой калабы? Анда жемкорлордун бетин сен ач. Андан жакшыраак иликтөөлөрдү жүргүз. Колуңдан келбей, ресурсуң жетпей жатабы? Анда колдо болгонун пайдалан. Авгийдин атканасындай арам иштерди тазалай баштаганга азыркы топтолгон материалдар деле ашыгы менен жетет.

«Кыргызга каршы чыгып атат» дейсиң. Матраимов түзгөн империянын башында кытайлык уйгур Хабибулла турат. Атамбаев менен да кучакташыптыр, Жээнбековдун да тоюна келиптир. Суук колун салыптыр, ушу турган чоңдорду суутпай кармап алыптыр. Ачып колун салыптыр, Ала-Тоонун чоңдорун аткый кармап алыптыр. Аны айткан Али го душманың экен дейли. Анда Хабибулла эмне, бир тууганыңбы?

Али айткан чындык сени чычалатат экен, намысыңа тийет экен. Кытайдагы БИР уйгур БҮТ кыргыздын бир эмес, үч президентин каалагандай чимирип атканы намысыңа тийбейби? Ошонун схемасына кыргыздар кул болуп акча ташып атканы арыңды козгобойбу? Өз жериңде мамлекеттик тилде тейлөөнү талап кылганың үчүн таландыда калып атканың ачууңду келтирбейби? Ата-жотоң тааныбаган диний агымдар келип өлкөңдү башкаргысы келип атканы ойлондурбайбы? Бу кандай эле сенин намысың жалаң жегичтердин мүдөөсүн көздөй берет?

Коррупцияга каршы митингге сага жакпагандар чыгышы мүмкүн. Алар чыкпасын десең – сен чык! Андан көбүрөөк элди сен чогулт. Алардан жакшыраак сен уюштур. Жегичтерге каршы айтчу сөзүңдү сен айт. Кыргыз катары кыргыздын казынасына түшө турган акчанын кайда кеткенин сен доола. Ошон үчүн кыргызсың. Анткени Хабибулланын мамлекети эмес, бул. Раимдин менчиги да эмес. Кыргыздын мамлекети.

Жалаң эле жегичтерге эмес, ата-бабаң көрүндө үч оодарылып кетидей кылмыш кылган бачабаздарга, зордукчуларга, аларды актаган сотторго да каршы чык. Музейде чечингендерге каршы да оюңду билдир. Мамлекетиңди арабдарга басып бергендерге карата да пикириңди айт. Бирок эч качан бири менен экинчисин актаба.

Анткени чыныгы улутчул өз өлкөсүндөгү жемкорлукту эч качан эч нерсе менен актабайт. Кыргызстандагы жемкорлук биринчи иретте башкага эмес, так кыргыз мамлекетинин негиздерине оңбогондой зыян келтирет. Кыргыздын көз алдында калыстыкты тебелеп, кыргыздын ого бетер чет өлкөгө тентишине жол ачат. Кыргыздын жумуш орундарын жок кылат. Кытайдын алдында карызга батырып, соту Гонконгдон чечилсин деп добуш берген «уялчаак» депутаттарды алып келет. Акыры АКШны, Орусияны же Кытайды эмес, жемкорлук биринчи иретте кыргыздын мамлекетин алсыратат.

Чыныгы улутчул ууру кылбайт, ушак сүйлөбөйт. Чындыкты кимиси айтса да пайдаланып, өзү үчүн жыйынтык чыгарат. Анан, башканын чындыгын күтүп отурбай, чындык үчүн өзү күрөшөт. Акыр аягы аны башкалардын чындыгына муктаж болбогудай даражага жеткирет.

Чыныгы улутчул кайсы жерде жүрсө да, кайсы мекемеде иштесе да улуттук кызыкчылыкты гана көздөйт. «Орус тили кыргыз тилин жөөлөп атат, анын кызыкчылыгына каршы келет» деп Путиндин бетине айта алат. «Адам укуктары эле деп улуттун нарк-насили менен маданиятына доо кетире албайбыз, талабыңарды башка жерден койгула» деп Байденди ордуна кое алат. «Диниңе го илгери кирип калганыбыз чын, бирок улутум жок болсо диниң мага бир тыйын» деп Эр-Риядда да ачык сүйлөй алат. Өңдү көрдү жүз тайды болбойт. Ошондой туруктуу жана ырааттуу позициядагы адамдарды гана чыныгы улутчул деп айта алабыз. Баарыңарды ошого чакырам.

PS. Мен азыр эч кайсы медиада иштебейм. Ошондуктан корпоративдик этиканын талабына кылчактабай, сырттан туруп караганга мүмкүнчүлүгүм бар. Бул жазылгандардын баары – жеке менин өзүмдүн ойлорум. Сындасаңар мени сындагыла.

Жыргалбек Касаболот

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x