Бул жылы сөзсүз окулушу керек болгон беш китеп

2020-жыл Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды. Мындан улам, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо темаларына түз да, кыйыр да тиешеси мыкты 5 китепти тандап алдым. Менимче, дал ушул китептер биздин жарандар үчүн актуалдуу. Мен психологиялык жеке адамдык өнүгүүгө багытталган китептердин күйөрманы эмесмин. Андыктан, романдарды сунуштайм.

«Бегущий за ветром» – Х. Хоссайни

Д остук жана саткынчылык жөнүндө баян. Бай аристократтын жана анын кулулун уулдарынын достугу чагылдырылган. Окуяларды толук айтып берип салуудан алысмын. Бирок, окуп жатканда ар түркүн сезимдерге туш болосуз. Сөз берем.

«Три чашки чая» – Г. Мортенсон, Д.О. Релин

К2ни багындыргысы келип, аз жерден өмүрүнөн айрылып кала жаздаган альпинист Грег жөнүндө китеп. Аны жергиликтүү жашоочулар сактап калгандан кийин, ал ошол айылдын балдары үчүн мектеп курууну чечет.

Бул китептен кийин террор менен бир гана билим аркылуу күрөшүү болорун жакшы түшүндүм. Эгер адамдар билимдүү болсо, өлкө да күчтүү болот. Мына ушул нерсе азыр бизге жетишпей турат.

«1984» – Д. Оруэлл

Оор китеп. Бирок, жашоо, баалуулуктар, эркиндик, сөз эркиндиги жана сүйүү жөнүндө ой жүгүртүүгө түртөт. Китеп керек болсо ойлорубузду да көзөмөлдөгөн Чоң Байке башкарган мамлекет тууралуу. Бул өлкөдө 2*2=4, тилдерде аз гана сандагы сөздөр. Мунун баары адамдар ойлоно албашы үчүн жасалган. Мында адамдар өзүн, жеке баалуулуктарын жана сүйүүсүн да сатышат. Эркин жашап жатам деген менен, адамдар сабалган, камалган азыркы учур үчүн актуалдуу роман.

«Свет в океане» – М. Л. Стедман

Китеп сүйүү, эне, энелик мээрим жана үй-бүлө жөнүндө. Баласын жоготкон деңизчи менен аялынын окуясы баяндалат. Күндөрдүн биринде аралга эркектин сөөгү жана ымыркай бар кайык сүзүп келет. Көпкө ойлонгондон кийин экөө наристени алып калат да, сөөктү жерге беришет.

Бул китепти окуп жатканда эмне туура, а эмне туура эмес экенин билбей каласың. Окуу учурунда эгер мен баш кармандын ордунда болсом эмне кылмакмын деп ойлоно бересиң. Бирок, туура жообун табуу оор. Кичинекей каарман – мигранттардын балдары өз ата-энелерине кайтып жатып, өздөрүн жаман сезген абалды окурман да башынан өткөрөт.

«Кылым карытар бир күн» – Ч. Айтматов

Айтматов өткөндү, учур чакты жана келечекти тыгыз байланыштырып баяндайт. Роман ушунусу менен кызык.

Чыгарма бир канча идеяны камтып, орчундуу темалар козголот: тарбиясыз өскөн балдар, сүйүү, коргоосуз калган балдар, элдин баалуулугу, уламыштар, маданият жана мунун баарын сактоонун мааниси. Ансыз келечеги же өткөнү жок маңкуртка айланарыбыз таасын айтылган.

А сиз кандай китептерди окуйсуз? Пикир калтырыңыз. Макала жакса, бөлүшүүнү унутпаңыз 🙂

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x