Биздин балдар кайда баратат?

Салам урматтуу окурмандар жана окуучулар.

Менин көйгөйүм баягы эле окуу. Темабызда айтып тургандай, ааламда илим тармагында, айрыкча жаңы технологиялар же маалыматтык технологиялар (IT) тармагында укмуштуудай өнүгүүлөр болуп жатат!

Ал эми биздин акыбалыбыз кандай?

Эң жөнөкөй, колубуздагы кармап турган чөнтөк телефонубузду түшүнбөйбүз – деп айтсам эле жаштардын көбү чалкасынан кетет. “Мен түшүнөм” – деп жаман көзү менен карашат. А биз өз колубуздагы, акча берип сатып алган телефонубузду түшүнбөй отурсак, кайдагы ракета учурганды айтабыз.

Ракета менен телефон кайдан жүрүп байланышып калды?

Күнүбүздүн эң маанилүү тармактарынын бири бул IT тармагы болуп жатканы айтпасак да маалым эмеспи. Ал эми бүгүнкү күндүн эң заманбап технологиясы да, ал тургай ар дайым мен сөз кыла берген Илон Масктын ракеталары да укмуштуудай программалоо менен ишке ашып жатканын айта кетпесем болбойт. Бул жигиттин чыгарган унаалары (Tesla) сатыкка чыга турганы жарыяланды. Жарыяланганы го жарыяланды, унаалар сатыкка чыга электе 250 миң унаага “заказ” түшүптүр. Заказ кылууга 100 доллар акча төлөнүптүр. Демек унаа сатыла электе 25 млн долларлык бир киреше бар десек жаңылышпайбыз.

Эми урматтуу окурманым, урматтуу окуучум, ушинтип эле оозубузду ачып, шилекейди агызып, анын кирешесин санап отура беребизби?

Же, бүгүн окуп, эртең элдин балдары биздин кирешени оозун ачып санасынбы?

Чечим сиздин колуңузда!

Турат Алыбаев, Токмок шаары, 9-апрель, 2021-жыл.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • 1

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи