Биз бала тарбиялоодо өзүбүздү эксперт деп эсептебейбиз бирок эксперттердин жана тажырыйбалуу педиатрлардын изилдөөлөрүн практика жүзүндө колдонууга аракет кылабыз. Балдарыбыз бала болгонду үйрөнгөндөй эле бизда алар менен чогуу ата-эне болгонду үйрөнүп жатабыз. Бул макалада жазылгандарды жүрөгүңүзгө өтө жакын албаңыз. Биз жөн гана өзүбүз окуган китеп, макала жана изилдөөлөрдөн үйрөнгөн пайдалуу кеп-кеңештерди сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
Бөбөктүн китепке болгон сүйүүсүн арттыруу бул ата-эненин балага берген эң баалуу белектеринин бири болсо керек. Балдар үчүн китеп окуу эч убакта эрте эмес жана кеч эмес. Балаңызга ымыркай кезинен баштап эле оюн аркылуу аз-аздан окуп берип баштасаңыз болот. Алар сүйлөй электе эле угуп кабыл ала беришет. Эгерде балаңыздын мектепте жана жашоодо ийгиликтүү болушун кааласаңыз анда китепке болгон кызыгуусун арттырууга аракет жасаңыз. Күндө аз-аздан жана бат-баттан чогуу китеп окуңуз. Балага китеп окуп берүү жана ар кандай көнүгүүлөрдү чогуу жасоо балаңыз менен жакындатат. Билим адамды адам кылган жана жан дүйнөсүн байыткан күчтүү курал.
Айта кетсем, туң кызыбыз төрт айлык кезинен баштап Харолд Вашингтон атындагы Чикаго коомдук китепканасына мүчө болуп катталган. Ал жылыга китепкананын “Кичинекей Гений” деген программасына катышат. Быйыл уулубузда 5 айынан китепканага жазылып ошол программага эжеси менен чогуу катышты. Бул программанын алкагында 500 мүнөт китеп окуп, жомок класстарга катышып жана Чикагонун 12 музейине чогуу бардык. Программанын аягында экөөсү китепкананын атайын жасалган сумкасын, 6 китеп жана зоопаркка 4 билет утуп алышты.
Учурда кызыбыз эки жарым жашта тили кыргызча чыкты жана кыргыз алфавитин жатка билет. Ал өзү англисче китептердин сүрөттөрүн карап кыргызча баяндап берет. Уулубуз 1 жашта ал китепканага барып китеп жегенди жакшы көрөт жана биз китеп окуп берсек угуп отура берет. Жолдошум экөөбүз кезек менен балдарыбызга чоң энеси белек кылган кызыктуу жомокторду жана ырларды окуп бергенге аракет кылабыз. Чет элде төрөлгөн балдардын эне тил булагы ата-эне экенин эске алып балдарыбызга кыргыз тилин үйрөтүүдө өзүбүзгө чоң жоопкерчилик алабыз.
Балдарыбызды китеп менен эрте тааныштырганыбыздын себеби бир программаны окуп жыйынтык көрсөтүү эмес, жөн гана китепке болгон сүйүүсүн арттыруу болуп саналат. Балдарга китеп окутуп жаштыгын уурдабагыла деген ата-энелерда жок эмес. Балдардын жаштыгын жана ойной турган убактысын уурдаган факторлордун башында гаджет турат бирок аны көп ата-энелер билсе дагы маани бербейт. Негизинен бөбөктөр бир ордунда 5-10 мүнөттөн ашык отуруп китеп окуганга чыдабайт. Ошондуктан китепти оюнга аралаштырып аз-аздан (5-10мүнөттөн) 2-3 жолу окуп берип ымыркай кезинен китепке, билимге болгон кызыгуусун арттырууга умтулабыз.
Китепти сүйүүгө жардам берчү кенештер:
# Үйдө балаңызга көрүнгөн жана бою жете турган деңгээлде китептерди койуңуз.
# Бөбөгүңүздү алдыңызга отургузуп китеп окуган аны китепке жакындатат жана китептен ырахат алуу сезимин өстүрөт.
# Балаңыз бир жашка чыкканга чейин күнүнө бир нече жолу чогуу китеп окуганды адатка айлантып алыңыз. Ырахат алып окуу үчүн өзүңүз жана бөбөгүңүз үчүн туура убакыт тандаңыз. Балаңыз окуганга көңүлү болгон убакытты тандаганыңыз жакшы, мисалы түшкү уйкусунан кийин же кечинде жатаардын алдынан.
# Балаңызга үн чыгарып окуп берерден мурда жарык, тынч бөлмөнү жана ыңгайлуу отургучту тандаңыз.
# “Өзүң отуруп китеп оку”, “сүрөт тарт же үйрөн” деп буйрук берүүдөн алыс болуңуз. Ал балага жагымсыз элес калтырат.
# Балага өрнөк болуу үчүн өзүңүз көп китеп окуңуз. Балдар ата-энени кайталаганга аракет кылат эмеспи.
# Балаңыздын окуганга кызыгуусу жок болсо, ойноп жаткан убакта үн чыгарып окуй бериңиз. Бат эле окугусу келип сизге кошулат.
# Китеп окуп чарчаганда, бала кезиңизден эсте калган ыр саптарын балаңызга кыңылдап берүү жакшы идея.
# Китепти жана жомокторду балаңыздын өзүнө тандаткан анын кызыгуусун арттырат.
# Сүрөт жөнүндө айтып жатканда колуңуз менен сүрөттү көрсөтүп алып сүйлөгөн эффективдүү болот.
# Китепти баланын өзүнө карматып жана барактарын өзүнө ачтырган жакшы.
# Окуп жатканда баланын ар бир суроосун жоопсуз калтырбаганга аракет жасаңыз. Ар бир суроосуна убакыт бөлүп так жана туура жооп бергенге аракет жасаңыз.
# Балаңыздан сүрөттү
баяндап берүүсүн сураныңыз, ал алардын фантазиясын өстүрөт.
# Балаңыз менен китепканага барганды адатка айлантыңыз.
# Китепти берилип окуп, балаңыз менен китеп окуу убактысын кызыктуу кылганга аракет жасаңыз.
Баланын технология колдонуусун чектөө сунуштары:
# Бөбөктөргө экранды соска катары колдонгон бул чоң ката.
# 18 ай боло элек балдарга такыр экран көрсөтпөө керек.
# 18-24 айлык баланы экран менен тааныштырып баштоону каалаган ата-энелер аз-аздан жогору сапаттуу программаларды тандап чогуу көрүүгө тийиш. Жанында отуруп көрүп, бала эмнени көрүп жатканын түшүндүрүп берген жакшы.
# 2-5 жаштагы балдардын экран убактысы күнүнө 1 сааттан ашпоо керек жана ал сапаттуу, билим-тарбия берген программа болсо жакшы. Ата-энелер программаларды чогуу көрүп, түшүнгөнгө жардам берип, талкуу кылып жана ошол программадан үйрөнгөн пайдалуу нерсесин жашоонда колдонгонго түрткү бериш керек.
# 6 жаштан өткөн балдарга медияда күнүнө канча убакыт өткөрүү, медиянын кандай түрүн колдонууга болот же болбойт чек коюп тыкыр көзөмөлдөө керек. Медия баланын ден-соолукка керектүү уйку, спорт жана башка көнүгүүгө кетчү убактысын уурдабаш керек.
# Үй-бүлөлүк медия колдонбоо эрежелерин түзүп ата-энелерда ошол эрежелерди чогуу жана так аткарыш керек. Мисалы үй-бүлө менен тамактанган учурда же уктоочу бөлмөдө медия колдонбоо сыяктуу эрежелер жардам берет.
# Интернетте сак жана жоопкерчиликтүү болуу. Интернет эрежелерин сактоо. Онлайн же офлайн баарына сый менен мамиле кылуу.
Азыр технологиянын заманында балдарды телевизор, телефондон дегеле гаджеттерден алыс кылуу мүмкүн болбосо керек. Бирок ымыркайларды технология менен кечирек тааныштыруу жана чоңурак балдардын медия убактысын чектөө ата-энелердин колунан келчү иш. Медия убактысын чектөө менен балдарыбызга көбүрөк кыймыл жана башка өздөрүнө пайдалуу иштерди кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балаңыз медиянын таасирин алары талашсыз бирок ата-энелер медияны чектеп, филтирлеп туура тарбия бере турган маалымат алышына жоопкерчилик алуусу зарыл.
Биз ата-эне катары бардык балдардын ден-соолугу чын жана бактылуу болушун каалайбыз. Балаңызды бактылуу кылыш үчүн өтө көп нерсенин кереги жок. Аларга татыктуу билим, жылуу мамиле, мээрим жана сүйүү беришиңиз керек. Кымбат баалуу оюнчуктун ордуна чогуу отуруп бирге китеп окуганыңыз баалуу болот. Балдар биздин келечек демекчи. Балдарыбызга туура тарбия жана татыктуу билим берүү менен биз ата-энелер билимдүү муунду тарбиялап, өлкөбүздүн келечегине чоң салым кошуп жатабыз деп ишенебиз.
Билимдүү муун, билимдүү коом, билимдүү өлкө!
Instagram @kg_usa