Антиутопия – мамлекеттин же дүйнөнүн идеалдуу жашоого умтулуу учурунда бардык тургундарына алгылыксыз жагдайлар түзүлгөн абал тууралуу баяндаган көркөм адабияттагы жанрлардын бири.
“Антиутопия” деген сөздүн биринчи бөлүгү байыркы грек тилинин ἄντα (ἀντί) “анти, каршы, карама-каршы” дегенди түшүндүрөт. Экинчи бөлүгү грек тилиндеги οὐ “жок” + τόπος “жер” деген сөздөрүнөн куралган; башкача айтканда, “жер эмес, болбогон бир жер” дегенди билдирет. Антиутопия дүйнөсүндө кооз мукаба аркасында идеалдан алыс болгон дүйнө сүрөттөлөт. Мындан башка “дистопия” жана “какатопия” деген аналогиялык түшүнүктөр батыш адабиятында колдонулат.
Бул жанрда жазылган ар бир китеп идеалдуу дүйнө куруу мүмкүн эместигин далилдеп, ошол системанын адамдарга тийгизген таасирин таамай көрсөтөт.
Антиутопия жанрындагы 4 кызыктуу китеп:
“1984” – Д. Оруэлл

Антиутопия жанрындагы эң белгилүү китептердин бири. Китепте Оруэлл Чоң Байкенин (“Большой брат смотрит на тебя” деген цитата ушул китептен улам айтылып калган) толук көзөмөлүн, тоталитардык режимди, адамгерчиликтин жоголуусун баяндайт. Бул өлкөдө бардык жерде телекамералар, үн жаздыруу аппараттары бар. Керек болсо, ой көзөмөлү жүрүп турат. Бул коомдо коомдун идеологиясына туура келбеген кандайдыр бир ой жаралса, ал тамыры менен жоготулат. Мындай коомдо адамдык эч нерсе жок. Адам көп ойлонбоосу үчүн тил примитивдештирилет, чыккынчылык бааланат, 2*2=5 экендигине ишендирилет, деги эле Чоң Байкенин бардык сөзү туура деп кабыл алынат.
“451 градус по Фаренгейту” – Р. Брэдбери

Китептин аты өзү эле терең мааниге ээ. Себеби, Фаренгейт менен өлчөсөк, так 451 градуста кагаз күйүп баштайт. Бул китепте баяндалган дүйнөдө жазылган адабияттар атайын өрт өчүргүчтөр отряды тарабынан мыкаачылык менен жок кылынат. Китеп окууга жана сактоого мыйзам тарабынан тыюу салынып, каршы чыккандар жазаланат.
“Не отпускай меня” – К. Исигуро

Китеп башкы каарман Кэтинин Хейлшем мектеп-интернатындагы эскерүүлөрү менен башталат. Бул мектептин балдары башка балдардай эле чоңоет, китеп окушат, сүрөт тартышат, эң жакшы сүрөттөр белгилүү галереяларда көрсөтүлөт. Бирок, бул балдардын баарынын тагдыры буга чейин эле жазылган, жана ар бири өз тагдырын эч кандай каршылыксыз кабыл алып, өзүнүн саатын күтүп жашайт.
“Заводной апельсин” – Э. Берджесс

Өспүрүмдөрдү башкаргысы келген тоталитардык коом тууралуу китеп. Китептин башкы каарманы 15 жаштагы Алекс бир нече ырайымсыз кылмыштардан улам, мамлекеттин жаңы кайра-тарбиялоо программасына катышат. Кайра тарбияланып чыккандан кийин өзү зордук-зомбулуктун курмандыгына айланат.