Аял заты жөнүндө эң кызыктуу 5 китеп

«Анна Каренина» – Л. Н. Толстой

Бардык мезгилде актуалдуу бойдон кала берчү классикалык чыгарма. Китеп жашоо, сүйүү, адамдын абийири, үй-бүлө, аялдын ички сезимдери жана анын санаасы, ойлору, сүйүүсү, жек көрүүсү, кызгануусу,аеосу жөнүндө. Китеп окурман үчүн аялдын жан дүйнөсүн, сезимдерин ачат. Китепти окугандан кийин аялдар көп нерсени сезип, башынан көп нерсе өткөрсө да, айсберг сыяктуу анын бир учун гана көрсөтөрүн түшүнөбүз.

«Унесенные ветром» – М. Митчелл

Китеп Скарлетт О’Хара, АКШдагы жарандык согуш жана ошол кездеги адамдардын жашоосу жөнүндө. Китеп аркылуу баары талкаланып жок болгондон кийин адам кантип өзгөрөрүн, кичинекей назик кыз кантип Таранын чоңуна айланып, атасы, сиңдилери жана калган жакындары үчүн жоопкерчилик аларын көрөбүз. Баары кол куушуруп отуруп калганда, ал өз бактысы үчүн күрөшүп, жакындарына шык берет. Бул китеп аялдардын назик денеси артында катылган бекем сапаттарын ачык көрсөтөт.

«1000 сияющих солнц» – Х. Хоссайни

Афганистанда мыйзамсыз төрөлүп калганы үчүн бактысыздыкка кабылган мусулман кызы жөнүндө китеп. Автор согуш учурундагы Афганистанды чебер сүрөттөп, баш каарман Мариамдын жан дүйнөсүнүн каалгасын ачат. Зомбулуктун жана салттардын курмандыгына айланган каарман башкаларга жардам колун сунат.

«Шоколад» – Д. Харрис

Франциялык чакан шаарга алты жашар кызы менен бирге жайланышып, кийин бул шаардын ар бир тургуну үчүн таасирин тийгизип отуруп, шаардын жашоосун өзгөрткөн аял жөнүндө китеп. Баш каарман Вианн кандайдыр бир жол менен щаар тургундарынын ыйык каалоосун билет да, дал ошондой шоколад таттуусун сунуштайт. Бул нерсе аларга кайрадан жашоо даамын татууга жардамын тийгизет. Китеп жагымдуу, жылуу жана албетте, шоколад сыяктуу.

«Саманчынын жолу» – Ч. Айтматов

Согуш убагында тылдагы элдин жашоо үчүн согушун эң сонун чагылдырган чыгарма. Аялзатынын күчтүүлүгүн, акылдуулугун, айкөлдүгүн, чыдамкайлыгын жана бүт кыйынчылыктарга каршы тик тура алгандыгын согушка 3 уулун, жолдошун узатып, айылда бригадир болуп калган Толгонай аркылуу баяндайт.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x