2040-жылды кандай элестетесиз? Роботтордун биздин күнүмдүк жашообузга аралашып, жашообузду жеңилдеткенинби же болбосо science fiction фильмдериндей элестетип коркуу пайда болобу?
Биз каалайбызбы жокбу жасалма интеллект жашообузга бизге байкатпай эле кирип келе жатат. Мисалы, ар бирибиз смартфон колдонобуз, ошону мн бирге эле Siri, Google, Facebook, Instagram, Amazon, Booking.com, ж.б.у.с. колдонобуз. Булардын баары жасалма интеллект технологиясын колдонушат. Биз ар бир баскан жерибизде көтөрүп жүргөн смартфонубуз аркылуу өзүбүз тууралуу бир нече даталарды калтырабыз. Бул даталарды талдап, анализдеп, ошого жараша чечимдерди чыгаруу үчүн акылдуу машиналар, б.а алгоритмдерден түзүлгөн программалар колдонулат. Адамдар мынчалык көлөмдөгү даталарды анализдеп чыгуусу мүмкүн эмес. Мисалы, сиз YouTube-дан бир видео көрсөңүз, сизге ошол видеонун тематикасындагы башка видеолорду YouTube автоматтык түрдө сунуштайт. Бул жасалма интеллектке бир гана мисал.
А жасалма интеллект деген эмне өзү? Жасалма интеллект же англисчеси Artificial Intelligence (AI) – бул информатика илиминин бир бөлүгү жана алгоритмдерден түзүлөт, тагыраагы программа коддорунан турат. Негизинен даталарды автоматтык түрдө анализдөө, процесстерди автоматташтырууда колдонулат.
Бул тармак акыркы жылдары өтө тездик мн өнүгүп келе жатат. 2012-жылы биринчи жолу нейрондук желе (neural network) ийгиликтүү колдонулуп, изилдөөчүлөр машиналарга сүрөттөрдү таанууну үйрөтүшкөн. Бул таң калаарлык нерсе болбогону мн, ошол убакта изилдөөчүлөр машиналарды жаш баланын мээсине окшоштуруп, жаңы нерселерди үйрөтүүгө болот деген идеяга келишкен. AI эсептейт, ал эми адамдар логикалык түрдө ойлонушат. Андан улам Mashinе Learning технологиясы келип чыккан.
Mashine Learning – бул Artificial Intelligence-тин бир бөлүгү. Канчалык машиналар көп көлөмдөгү жана ар түрдүү даталар мн үйрөтүлсө, ошончолук акылдуу болушат. Мисалы, Google Translator кыргыз тилине жакшы которо албайт, себеби ал Translator аз колдонулат. Mashine Learning – бул машиналарды (роботторду) алгоритм аркылуу даталарды анализдөөнү, адамдарды бетинен кайра таануу (face recognition) жана белгилүү проблемаларды чечүүнү үйрөтүү технологиясы. Мисалы, жаш балага тамга үйрөтүп, окуганды мугалим үйрөткөндөй эле программисттер дагы машиналарды алгоритмдер аркылуу көптөгөн даталарды автоматтык түрдө анализдөөнү үйрөтүшөт.
Келечекте роботтор бизден акылдуу болуп, биз үчүн чечим чыгарып, адамдарды жалкоо болууга түртөбү? Же көпчүлүк жумуштарды роботтор аткарып, адамдар жумуш ордуларын жоготушабы? Социологдор акыркы жылдары бул тууралуу көптөгөн талкууларды өткөрүшүп, AI-нин чеги кайсыл жерден бүтөт жана кандай болгондо адамдарга терс таасири тийбейт деген суроолорго жооп издеп келишет. Кээ бир өлкөлөрдө бул тууралуу закондорду кабыл алуу зарыл деп да айтып жатышат. Ал эми окумуштуулар бул жасалма интеллект доорунун башталышы гана, мындан ары бул тармакта чоң өнүгүлөр болот дер эскертишет.
Жасалма интеллекттин медицинанын хирургия, диагноз чыгаруу багыттарында, индустрияда өндүрүштү автоматташтырууда, e-Commerce багытында тейлөөнү жакшыртууда мааниси өтө чоң. Демек, мындан аркы келечекти жасалма интеллектсиз элестетүү мүмкүн эмес.