UX-жазуу: дизайнер менен жазуучунун ортосунда

UX-жазуу жөнүндө: ал эмне, андан кандай пайда жана кайда колдонушат. Бонус —  UX-жазуучулар үчүн материалдар жыйындысы

UX-жазуу деген эмне?

UX-жазуу —  бул UX сферасы. Ал сөздөргө жана продукт менен колдонуучунун ортосундагы карым катнашка жооп берет.

Бул жакка: тиркеме жана сайт, оюн жана реклама үчүн жазылчу интерфейстик текст кирет.

UX-жазуунун UX системасындагы оорду

UX-жазуучу эмне кылат жана ал эмнеге керек?

UX-жазуучунун маселеси – колдонуучу сайт же тиркемени аралап жардам издебей, интерфейс менен бат жана кыйналбай өз ара аракет кылгандай кылуу.

UX-жазуучу продукттун индивидуалдуулугун көргөзүп жана ал жөнүндө керектүү стилистикада айтып бериш үчүн, компаниянын колдонмо жана брендбуктарын колдонот. Ал кайсыл фраза жакшы иштээрин аныктап жана оор нерсени жеңил тил менен айтып бериш үчүн тестирлөөлөрдү жүргүзөт.

UX-жазуу бул: кантип жана эмнени сүйлөп жатканыңар

UX-жазуучунун иштөө негиздери

Пайда – жазуучу тексттин жардамы аркылуу жаңы жана маанилүү нерсе билиши керек. Ар бир тамга акталышы керек, жана өз оордунда болушу керек;

Кыскалык – текст канчалык кыска болсо, ошончо жакшы. Колдонуучунун көзү экранда тайгаланат, ал сыр сөздү алмаштыруу жөнүндө 10 абзац текстти окуп чыгуусу күмөндүү;

Түшүнүктүүлүк – IT-терминдер жана түшүнүксүз сөздөр колдонуучунун тилине которулат жана адаптацияланат. Канча жөнөкөй болсо, ошончо жакшы;

CTA —  Ар бир фраза белгилүү иш-аракетке алып барат жана колдонуучуну максатына жакындатат.

Гуглдун поп-апы үчүн тексттин редактура жана адаптациясы

UX-writing жөнүндө материалдар:

What is UX-writing? — UX-жазуу деген эмне, эмне үчүн керек жана башка текст түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат. Англисче.

How to create a UX-writing portfolio — UX-жазуучу үчүн портфолио чогултабыз: сунуштар, мисалдар жана пайдалуу куралдар. Англисче.

10 things UX-writers hate to hear — Кардарлар, иштеп чыгуучулар жана жетекчилер менен болгон диалогдордун талдоосу. Англисче.

Мощный чеклист UX-копирайтера —Гуглда кантип жазышат жана эмнеге UX-жазуу интерфейс иштеп чыгып аткандардын баарына керек . Орусча.

Копирайтерди чыгармачыл процесстин эң акырында чакыруу — тиш пастасын түтүккө тыгам деп аракет кылганга барабар (Джон Стейнбек)

Автор: Ira Griaznykh
Которгон: Janybek

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x