Уйку жана программалоо

black Android smartphone

Жумуш учурунда уйку жана программалоо боюнча болгон ой жүгүртүүлөр

Жумушта отургам. Тапшырмада көңүлүмдү топтой албай, маселени такыр чече албай жаткам, кечке эле алаксып, күндөгүдөй башым иштебей жатты. Уйку менин программалоо жөндөмүмө түздөн-түз таасир этет экенин түшүндүм. Бүгүн таңкы саат 3тө жатып, кайра 7де турган элем. Мына ушул менин бүгүнкү ишиме жана менин натыйжасыздыгыма таасир этти. Кандай болсо да, аракеттерди эсептөө, алгоритмдерди түзүү, логикалык маселелерди чечүү – булардын баары таза акылдын иши. Ошондуктан мээге жакшы эс алуу абдан зарыл.

Негизи эле мен мектеп курагымдан бери эле 7 саат уктап көнүп алгам, ал тургай 8 саат уйкуну идеалдуу деп эсептейм. Менин оюмча, дал ушул адат мага программалоодо тилдерди-фреймворкторду тез үйрөнүүгө жардам берди. Анткени программалоодо көңүлдү бир жерге топтоп, чоң татаал түзүлүштөрдү сааттар бою эсте сактап жана алар менен алгоритмдерди түзүшүң керек болот.

Программалоодо көбүнчө аналитикалык ой жүгүртүүгө, дедуктивдүү ойлонууга туура келет: системаны майда бөлүктөргө бөлүп жана алардын ар бирин өз-өзүнчө ойлонуп, ошол эле учурда программа менен колдонуучунун белгилүү бир убакта болгон өз ара аракеттерин алдын ала эсептөөгө тура келет (мисалы: авторизация процесси, төлөм процесси: ийгиликтүү, баланс жок, карта бөгөттөлгөн, интернет жоголуп кетти ж.б.). Мунун баары үчүн сиз бай фантазияга ээ болушуңуз керек жана мээге эч нерсе тоскоол болбошу керек: жаман уйку, жумуш ордунда болгон ызы-чуу, смарфтоного келген билдирүүлөр жана SMSтер, бир учурда бир канча тапшырманын үстүндө иштөө, ачка болуу ж.б. ушу сыяктуулар болбошу керек.

Андыктан башталгыч программисттерге кеңешим, эгер сиз мыкты программист болууну кыялдансаңыз, сизге же тубаса мыкты иштеген мээ же жөн гана жакшы эс алган мээ керек болот)

  • 20

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x