Тасмадан үзүндү #1 !!

Автор: – Салам Достор!!!!   Бүгүнкү менин сиздер менен бөлүшө турчу макалам Так талашуу Оюну (Игра престолов) кино тасма сериалынан Падыша Станис Баратеон өз кызы Ширен ди курмандыка чалып жаткан жерин баяндап бермекчимин. Макала автор тарабынан бир аз көркөмдөлгөн жана макаланы окуурдан мурун төмөнкү трек ди ойнотуп алыныздар демекчимин (күлүп).


https://gameofthrones.fandom.com/ru/wiki/%D0%98%D0%B3%D1%80%D0%B0_%D0%9F%D1%80%D0%B5%D1%81%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B2_%D0%92%D0%B8%D0%BA%D0%B8
https://gameofthrones.fandom.com/ru/wiki/%D0%98%D0%B3%D1%80%D0%B0_%D0%9F%D1%80%D0%B5%D1%81%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B2_%D0%92%D0%B8%D0%BA%D0%B8

https://anchor.fm/g4lmr9th1jo/embed/episodes/2-edsgtr

…Төрт аскердин коштоосу менен чатырдан эшикти көздөй бет алышты. Эшиктин босогосун жаңыдан аттаган учурда асмандан жааган кар бүртүкчөлөрү Ширендин жүзүнө жана бул жашоо жүрүп жаткан жер бетине акырындан себелеп жатты.

Аалам эч нерсени билбегендей, жер бетинде канчалаган жат көрүнүштөр, согуш, зордук-зомбулук болуп жатса да, эч нерсе көрбөгөн маңызда өз кызматын уланта берет. Кээде адамдардын табиятка жана бири-бирине болгон мамилелерине чыдабай күндү күркүрөтүп жана ал нерселерге чыдабаган күйүттө көз жашын төккөнсүп жаан жаадырып калат.

Ширен асмандан жааган карды карап, ага суктанып, көз алдына өзү жакшы көрүп окуган китептерин эстеп, дагы кандай китеп окусам деп ойлоп келе жатты. Жайдары, токтоо Ширен  айланасын аскер курчап жана өзүн карап турганына маани бербей алдыны көздөй кадамдай берди. Кээ бир аскерлер: “Аа биздин падышанын (королдун) кызы ушубу?”- деп тан калышса, кээ бир көрүп билгени Ширенге жан дүйнөсү  ооруп,   оюнда жаман оюу жок, жайдары мүнөз жүзүн карай албай тетири карашкансыйт.

Ширен падыша кызы
Ширен падыша кызы

Ширен качан гана маңдайынан Мелиссандра айымды (Кызыл шайтан) көргөндө гана  менин атам кана деп бир нерсени сезгенсип чебелектей берди.

Ширен эс тартып, ушул айымды биринчи көргөн күндөн баштап жек көрө баштаган эле. Себеби эмнеде экенин өзү көп түшүнө алчу эмес. Эми гана так жообун билгенсип кетенчиктей бергенде, эки тарабынан эки аскер кармап,  ой-боюна койбой эле атайын даярдалган, адам өрттөөчү жыгачка таңа салышты. Ширендин оюна эмнелер кана келбеди.

-Атааа- Апааа  деп бакыра берди…

Мелиссандра айымды Кызыл шайтан деген ысым ар дайым коштоп жүрөөр эле. Себеби ал  айым сыйкырдуу күчкө ээ жана келечекти көрө билген адам эле. Ошону менен бирге Жарык ээси кудайына сыйынып ага кызмат кылчу . Акыркы учурунда Станис королго кызмат кылып жана анын ишеничине кирип өз кызыкчылыгына пайдаланчу.

Мелиссандра (Кызыл шайтан)
Мелиссандра (Кызыл шайтан)

“-Апааа кайдасын апааа-аа “-

“-Ата-аа ата-аа”- деп бакырып ыйлап жатып, кудай оту өзүнө кандай келип калганын сезген жок. Денеси канчалык алоолонуп күйүп жатса да, оозунан жаңырып турган сөз “АПА”  болду. Айлана жымыжырт бир гана Ширендин кыйкырыгы жаңырып турду. Ал учур көпкө созулбай кыздын үнү акырындап угулбай калды. Табияттын Асманы да бозоруп, кыздын күйүп жатканын көргүсү келбегенсип жүзүн кара булутка жапкансыйт. Ошол учурда Ширендин атасы падыша Станис жана апасы Селиса: -“Кызыбыздын өлүмү биздеги ачарчылыкты ала кетип, тактыны алып келсин!”- деп тиленип жатышты. Анткени алар ата-эне, уул-кыз эмне деген түшүнүктөн алыстап, Кызыл шайтандын айткан сөздөрүнө кирип, эбак эле Кара дүйнөдө жашап калышкан эле.

Падыша Станис жана жубайы Селиса
Падыша Станис жана жубайы Селиса

Бирок эне жүрөгү бары бир эне жүрөгү . -“Кеч болсо да, Станис токтот! Мындай болбойт!”-деп жаны жай албай, эне байкуштун жүрөгү чыдабай кызым деп, кызын көздөй чуркай бергенде, аскерлер токтотуп кармап калышты. Өз канынан жаралган жалгыз кызы алоолонуп күйгөн оттун арасында күйүп жатты. Байкуш эне туура эмес кылганын аябай кеч тушунуп эмне кылаарын билбей, көзү караңгылашып жерге жыгыла бергенде “АПА” деген үн кулагына акыркы  жаңырышы болду.

Падыша Станис тун  кызынын күйүп жатканын көрүп, тек гана тактыны элестетип жатты. Падыша эбак эле Кызыл шайтандын ички дүйнөсүндө жашап калган эле…

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x