Жатпланеттик Тургун

Жатланеттик Тургун (ориг. Resident Alien) бул Питер Хоган менен Стив Паркхаус ойлоп тапкан комикстер чыгармасы. Бирок биз ал комикстерди окуган эмеспиз, ошондуктан бул макала ал чыгарманын негизинде жана ошол эле наамдагы жакында эле чыккан телесериалга арналган. Бул макалада сюжеттин кыскача мазмунун окуйбуз, ар кандай кино платформалардын көрүүчү жана сынчылардын ой-пикирлерин жана берген бааларын билебиз. Кошумча биздин дагы жек оюбузду айтып чыгабыз бул сериал тууралуу. Көбүнчө бул сериалды жакшы жагынан карап чыгабыз, эмне үчүн сиз аны көрүшүңүз керек себептерди айтып чыгып. Андан кийин көрөсүзбү же көрбөйсүзбү сиздин чечимиңиз. Биз болсо ынандырганы аракет кылабыз.
ЭСКЕРТМЕ: Макала такыр спойлерлерсиз!

Сериалдын постери

Жатпланеттик Тургун – америкалык телесериалы, 2021 жылдын Январь айында SyFy платформасында чыккан. Дегеним, эмгиче чыгып жатат. Ар жума сайын бейшемби күнү жаңы эпизоду жарыкты көрөт. Сериянын узактыгы бир саат чамалуу. Толук биринчи сезондун он эпизодунан алтысы эчак чыгып бүткөн. Акыркы эпизоду ушул жылдын 1-и апрель күнүнө келип калат.
Сериалдын жанры комедия, драма жана сайфай(илимий чабыттама). Сериалдын жетекчиси Крис Шеридан.

Кыскача Сюжет

Учкучу бузулуп, жерге түшкөндөн кийин башка планеталык жат Колорадо штаттын кичи шаарчасында жергиликтүү дарыгер болуп жашынат. Күн сайын ал сырдуу тапшырмасынан татаал кайчы тандоодон кыйналат. Анын үстүнө, шаардагы 9 жашар бир бала анын чын жүзүн көрө алганы эч жеңилдик кылбайт.

Дарыгер Гарри Вандершпигель – Колорадонун кичи шаарчасында турган дербиш. Дагы ал – башка планетадан келген жат. Жерге түшүп келип, ал дарыгер адамдын денесин уурдап алган. Шаардын дарыгерин өлтүрүп коюшканда, ал өзүнүн сырдуу тапшырмасын кийинкиге калтырып, дарыгер болуп иштеп калат. Жаңы дене менен адамдар арасында жашап туруп, ал бир суроого берилет – адамзатты жок кылуунун кажети барбы?

Сюжетин ушундай кыскача кылып жазып беришиптир, ал эми көргөн элдин бааларын карап чыксак:

Кинопоиск – 8.0/10 (54миң добуш)

IMDb – 8.4/10 (8,4миң добуш)

Rotten Tomatoes: Сынчылар (28 добуш) – 93%; Көрүүчүлөр – 90% (279 добуш)

Metacritic – Сынчылар – 70/100; Көрүүчүлөр – 8.3/10

Сериалдан алынган кадр

Корутунду

Жатпланеттик Тургун бул күлкүмүштүү комедия сериалы. Кечиндеси жумуштан чарчап келип көргөнү так жарашат. Бирок бүт үй-бүлө менен көргөнү жарабайт, анткени анда олуттуу 18+ рейтинги бар. Албетте, өлгүдөй эле сөгүнүш, кан жана жыныстык катнаштарды көрбөйсүз ал жерде, бирок сериал чоңдор үчүн, анткени акыры ал олуттуу маселелерди камтыйт. Эмесе, жаш балдар менен бирге көрбөңүздөр.
Берилген баалары боюнча сериал көпчүлүккө жакканын билсек болот. Жакшы комедия кимге жакпасын, туурабы? Анын үстүнө, башкы рольго эң эле жараштуу актёрду табышканы анык – Алан Тьюдик өз харизмасы менен көрүүнү он эсе жакшыртат. Эгерде сиздерди ынандырганы жетишсем, анда жакшы көрүүлөр!
Болбосо, анда байланышта болуп туруңуздар. Дагы көп кызыктуу чыгармаларды табып турабыз.

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи