Сол Лейтер — сүрөтчү жана түстүү фотосүрөттүн пионери. Анын фотосүрөттөрү – сүрөтчүнүн живописке, эски плёнкага, блур жана «өзгөчө» комозицияга болгон сүйүүсүн чагылдырган абстакциянын сүрөтү. Сол укмуштуудай жөнөкөкөйлүгү жана атактуулуктан болгон коркунучу үчүн өзүнүн сүрөттөрүн болгону 77 жашта, каражат кыйынчылыктарына дуушар болгондо гана көргөзгөн.
Сол Лейтер: Өмүр баяны

Питсбургдан Ню-Йоркко
Сол 1923 жылы ортодоксалдуу еврейлердин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасы раввин болгон, ошондуктан ал балдары анын жолун жолдоосун каалаган. Агалары менен Сол 12 жаштан тарта теологияны изилдеген жана акырында диний мектепке тапшырган.
Болжолдуу ушул эле учурда, ал живопис менен алектенет. Атасы менен конфликт биринчи сүрөт тюбиктерин сатып алгандан кийин башталган. Анын көз карашынча, живопис менен шектүү жашоо мүнөзүнө ээ жолсуздар гана алектенген. 23 жашында, атасы менен болгон келишпестиктен улам, Сол чемоданын артып алып Ню-Йоркту көздөй качкан. Жашоосунун акырына чейин агалары сүрөтчүнү «апенде» деп эсептешкен. Ал эми атасы болсо, кечире алган эмес.
Көркөм сүрөтчүдөн фотосүрөтчүгө
Ню-Йоркто Сол Лейтер сүрөтчү-абстракционист Ричард Пузетт-Дартом (Richard Pousette-Dart) жана фотосүрөтчү Юджин Смит (Eugene Smith) менен таанышат. Атап айтканда ошолор аны фотосүрөт чыгармачылыгы менен “желиктиришкен” жана анын стилине күчтүү таасир тийгизишкен: Юджин болочок фотосүрөтчүгө 33мм Contax камерасын белек кылса, Ричард Солду абстрактык экспрессионизм дүйнөсүнө кызыктырган.

1949 жыл. Башкалар сыяктуу эле, ал учурда Сол кара-ак плёнкага тарчу, бирок анын стили башка фотосүрөтчүлөрдөн ачык айырмаланып турган. Ал адаттан тыш ракурстардан тарткан, тердеген терезелер аркылуу тартып, көлөкөлөр, чагылуулар жана силуэттердин оюнун сүйгөн. Туман, жаан жана кар анын сүрөттү абстракттуу көрүнүшкө айланткан мыкты жардамчылары болгон.
Сүрөттө мага экимүнөздүүлүк жагат. Көрүүчү эмнени көрүп жатканын аныктай албай турган учур.. Мен ушул башаламан учурду баалайм.
1953 жылы Солдун кээ бир сүрөттөрү Ню-Йоркттун заманбап көркөм музейинде «Always the Young Stranger» (кырг. Түбөлүк жаш бейтааныш) көргөзмөсүнө түшөт. Анын эмгектерине Esquire, Vogue жана Harper’s Bazaar журналдары көңүл бурушат. Жашоого акча табуу үчүн, Сол бул басылмаларга сүрөт тартууга макул болот. Өзгөчө ийгиликсиз ал кийинки 20 жыл бою иштеген. Журналдардын белгилүүгүнө карбастан, сүрөтчүнүнүн өзүн аздар таанышкан.
Кара-актан түстүү сүрөткө
1950 жылдары түстүү плёнканы 2 себеп үчүн колдонушкан эмес. Биринчиден, ал кымбат болчу. Экинчиден болсо, түстүү сүрөттөр жарнамалык ачык сүрөттөрдү элестетишкендиктен аны колдонуу ээрчимелик деп саналган.


Сол, түс менен көбүрөөк нерсени айтса болоорун сезген. Ошондуктан эскирген плёнканы сатып алып, Ню-Йорктун көчөлөрүн тарканы жөнөгөн. Түстүү сүрөттөрүн Лейтер дээрлик басып чыгарган эмес. Чанда гана досторуна проектор аркылуу көргөзчү.
Сүрөттөгү эскирген плёнкадан келип чыккан дефекттер Солдун эмгектерин андан дагы абстракттуу көрсөткөн. Андан тышкары, сүрөтчү плёнкага боёк кирин шыбаган жана кээ бир басылган сүрөттөрүн фотосүрөткө да, живописке да орток болушу үчүн кошумчалап боёгон.
Фэшн сүрөттөн көчө сүрөтүнө
Көчө фотосүрөтү 1950 жылдары жаралган жана дароо эле сүрөтчүлөргө кирешелүү сферасы болуп чыга келет. Көп кирешени жана популярдуулукту согуштан кийинки убактагы кедейлик, жардылык жана депрессия жөнүндө эмоционалдуу сүрөттөр алышкандыктан, көбүнчө фотосүрөтчүлөр Ню-Йоркту ушундай түрдө тартууга ынтызар болушкан.


Кээ бир сүрөтчүлөр, адамдардын толгонууларын тартып, олуттуу көйгөйлөрдү чечип жатабыз деп ойлошот. Мен, жакырчылык бакыттан тереңирээк деп ойлобойм.
Сол эч качан атактуу болууну жана көп акча жөнүндө кыялданган эмес. Демек, башкалардан айырмаланып, ал сулуулукту күнүмдүк жашоодон жана көзгө жагымдуу сүрөттөрдөн издеген. Сүрөтчүнү сюжет кызыктырган эмес. Анын эмгектери поэтикалык: айкын эмес фигуралар, сынган нур жана жеңил, көйүтүүчү жанытма. Өзүнүн сүрөттөрүн Лейтер сатууга да аракет кылган эмес. Алар өзү жана достору үчүн гана болгон. Жашоосуна журналдарга сүрөт тартуу менен акча табууну уланткан.
«Саркеч журналдарда иштөө мен үчүн болгону акча табуунун булагы болчу. Арендага төлөш керек эле, электричествого, кандайдыр бир жол менен жан багыш керек эле. Бирок кээде, фэшн-тартууда жаралган идеялар кийин өздүк сүрөт тартуума керектелчү» – деп айткан.

Белгисиздиктен даңкка
1993 жылы галерист Говард Гринберг (Howard Greenberg) музейде, биринчи жолу Лейтердин бир нече кара-ак сүрөтүн кездештирет. 5 жыл өткөндөн кийин, алар кокустан бир иш-чарада кезигишет. Говард Солдон дагы башка эмгектери бар бекенин сурайт. Жакында Гринберг бир нече чыгарылбаган пленканын кутуларына күбө болот. Кийинчерээк Говард: «Плёнканы иштетүүгө алып барыш үчүн кадимкидей эле чаң катмарларын үйлөгөм. Көрсө, дээрлик 50 жыл аларга эч ким тийген эмес экен!» – деп эскерген.
Ачылган кутулар жана Солдун сүрөттөрүн жарыялого араңдан берген макулдугу, ага эл аралык көргөзмөлөрдү, фотограф жөнүндө 3 китеп, өмүр баяны жөнүндө тасма жана күйөмандардын жаңы муунун алып келген. Атак-сересинде көнгөн адат боюнча Сол жөнөкөй жашаган. Өзүнүн амбициясы катары төлөнгөн эсептерин атаган, ал эми жалгыз каалоосу деп – сүйүктүү пастасын даярдап жатканда, шкафчасында дайыма жарактуу татымалы(соус) болушун айткан. Фотограф 2013 жылы 89 жашында көз жумган.

Сол Лейтердин 5 эрежеси
Эгер сүрөт өзүнө эки жолу каратканга «зордоп» жатса – бул жакшы сүрөттүн ачык белгиси. Ал эми Солдун сүрөттөрүн алсак, аларга үч жолу карайсыз. Анын эмгектери – тереңдеп, көбүрөөк билүүнү каалаткан сырдуу окуялар.
1. Аркылуу тартуу
Терезе, бактардын жалбырактары, дарбазадагы тешик, жада калса жыйын аркылуу, ошол эле учурда, шаардын жашоосуна же жеке объектке тымызын байкоо жүргүзүп жаткан сыяктуу бир предметке фокус алып тартуу. Бул Лейтердин сүрөттү көрүп жаткандын көңүлүн жана кызыгуусун арттырган «мыкты ыкмасы».

2. Фокус менен ойноо
Сол көп учурда негизги объектти фокустан тышкары, ал эми негизги эмес объекттерди тескерисинче фокуска алып таркан. Мындай сүрөттөр туура эмес сезилет, бирок ошентсе дагы аларды чала көрүүгө мүмкүн эмес. Алар өзүнө тартып аткан сыяктуу жана өзүн көбүрөөк карап чыгууга азгырат.

3 Түрдүү объективдерди колдонуу
Сол өзүнө чакырык таштап, акырында күтүлбөгөн жана кызыктуу сүрөттөрдү алуу үчүн, тартууга дал келбеген объективдерди колдончу. Мындай ыкманы ал Пикасодон «шыкаалаган». Сүрөтчү бир учурда, эгер бир түстү колдонгусу келип, ал табылбай калса, анда ал болушунча карма каршы түстү алаарын билдирген.

4 Форматтар менен эксперимент жасоо
Өткөн кылымдын ортосунда сүрөтчүлөр горизонталдуу форматты жактырышкан. Сол болсо, бул жерде дагы өзүнүн көз карашын киргизген. Лейтер дээрлик ар дайым вертикалдуу тарткан. Мындай формат, ал бала кезден күйөрманы болгон, жапон живописин элестеткен. Кийинчерээк бул анын эмгектеринин айырмалаган белгиси болуп калган.

5 Сүрөттү иштетүү
Сол эч качан редакторлор менен колдонгон эмес, бирок кээ бир сүрөттөрүн ал гуаш колдонуп, өз колу менен иштеткен. Сүрөтчү атайлап пленкада боектун кирлерин калтырган жана басылган сүрөттөрүнө түстөрдү кошкон.

Сол жөнүндө тасмалар жана китептер
Китептерине Сол Лейтер басмага өзү алып келген фотосүрөттөр, сүрөттөр жана чиймелер түшкөн. Азыркыга чейин анын батиринде миңден ашык чыгарылбаган, алардын тагдырын анын үй-бүлөсү чече турган, плёнкалар жатат.
Saul Leiter Retrospective — автордун 300 дөй барак эмгектери. Китепте анын кара-ак жана түстүү сүрөттөрүн, фэшн сүрөттөрүн, нюд эмгектерин таба аласыңар. Андан тышкары анын картиналары жана чиймелери менен тааныша аласыңар.
Saul Leiter: Early Color — Солдун биринчи жана эң ийгиликтүү түстүү сүрөттөрүн камтыган китеп.
Saul Leiter — Мыкты сапаттагы басуусу менен белгилүү Steidl басмасынан китеп. Эгер Солдун эмгектерин идеалдуу сапатта көргүңөр келсе, бул китеп силер үчүн.
Saul Leiter (Photofile) — Солдун мыкты эмгектери жана алардын сындары чөнтөккө батчу китепте.
In no great hurry (кырг. Эч кандай шашылышсыз) — өзү башкы ролдо фотографтын жашоосу жөнүндө даректүү тасма. Тасмада Сол Лейтер 13 жашоо сабагы менен бөлүшөт.
Extras (рус. Кошумча) — Солдун жашоо боюнча 7 кыска видеотасмасы. Видеолорду расмий сайтынан акы төлөгөндөн кийин гана көрсө болот.