Долбоорду башкаруу дүйнө жүзү боюнча барган сайын популярдуу болуп баратат. Көптөгөн компаниялар салттуу ыкмалар менен гана башкарбастан, ошондой эле келечектүү идеяларды демилгелеп, аларды ишке ашыра алган жогорку квалификациялуу менеджерлерге муктаж. Негизи ар бир ийгиликтүү компания бардык жаңы идеяларды камтыган инвестициялык долбоор болуп саналат.
Долбоорду башкаруунун маңызы, анын өзгөчөлүктөрү
Долбоорду башкаруу – бул уникалдуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон продуктуну иштеп чыгууга жана түзүүгө багытталган, убакыт, ресурстар жана финансылык шарттар менен чектелген иш-чаралардын, иштердин, пландардын жана башка милдеттердин сериясы. Анын негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
– бир жолку, кайталануучу эмес,
– белгилүү бир акыркы натыйжага жетишүүгө багытталган,
– акыркы продуктунун уникалдуулугу,
– “үч эселенген чектөөнүн” болушу – убакыт, наркы жана мазмуну, аткарылган пландын ар дайым так башталышы жана аягы бар,
– ар кандай комбинацияларда өз ара байланышкан жана координациялоону талап кылган процесстердин олуттуу саны.
Менеджменттин бул түрү уюмдун же ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, аналогу жок инновациялык продуктуну өнүктүрүү, компаниядагы мамилелердин бардык деңгээлдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылат. Колдо болгон бардык ресурстарды (өндүрүштүк, кадрдык, илимий) артыкчылыктуу багытка топтоо саясаты аны иштеп чыгууга жана сыноого кеткен убакытты кыскартуу менен продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде кошумча инвестицияларды тартып, кызматкерлерди кандайдыр бир иш-аракеттерди механикалык аткарууга эмес, натыйжаларга жетишүүгө түрткү берет. Сиздин ишиңиздин жемиштерин көрүү мүмкүнчүлүгү материалдык кызыктыруу менен бирге компанияга келечектүү кызматкерлерди тартууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун принциптеринин негизинде кабыл алынган бардык чечимдер жана аралык аракеттер чоң долбоорду башкаруу системасына бириктирилген. Бул принциптерге негизделген жогорку сапаттуу жана жемиштүү ишти камсыз кылуу үчүн белгилүү бир билим жана көнүмдөрдүн топтому бар кесипкөй керек. Мындай адисти кайдан табууга жана анын квалификациясын кантип ырастоого болот?
Долбоордун менеджери үчүн негизги квалификациялык талаптар
Инновациялык демилгелер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, долбоордун менеджеринен конкреттүү процесстерге жооптуу болгон ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү адистер тобун жетектөөгө мүмкүндүк берүүчү бир катар жеке сапаттарга ээ болушу керек:
– лидерлик сапаттар;
– жоопкерчилик;
– жогорку уюшкандык жана натыйжалуулук;
– өзүнө жана жумушуна ишеним;
– аналитикалык ой жүгүртүү;
– адам мен сөз таба билүү.
Дагы белгилей кетчү талаптар:
– жалпы сүрөттү камтуу жана ошол эле учурда пландын ар бир жеке фазасынын жыйынтыгын баалоо мүмкүнчүлүгү;
– жалпы башкаруу көндүмдөрү жана (Project Management) боюнча адистик билим;
– инновация ишке ашырылып жаткан тармактын спецификалык өзгөчөлүктөрүн билүү;
– ар бир команда мүчөсүнө анын иш чөйрөсүнүн маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин түшүндүрүү жөндөмдүүлүгү;
– каалаган натыйжага жетүү үчүн команданы түрткү берүү жөндөмдүүлүгү.
Долбоордун менеджери жалпы стратегиянын алкагында ар бир этапта иштин сапатын көзөмөлдөөгө, аларды берилген ресурстарга жана убакыттын параметрлерине жараша жөнгө салууга жөндөмдүү болушу керек. Ал бир жалпы идеянын алкагында иштеген түрдүү бөлүмдөрдү бириктирип, алардын ишмердүүлүгүн шайкеш келтирет. Мындан тышкары, долбоор башкаруучу техникалык жана финансылык документтер менен иштей билиши керек.
Эми жөнөкөй тил менен айтканда, долбоордун менеджери долбоордун башынан аягына чейин башкарат. Эл менен тил табыша билиш керек, жакшы жумуш шартын түзүп берүү менен тапшырманы туура коюушу керек.
Project Management (долбоорду башкаруу) деген эмне?

Бактыгүл куш келипсиз! Эң сонун макала. Ийгиликтерди каалайм.
Маалымат үчүн рахмат Бактыгүл айым🌹
Сонун маалымат рахмат, ишинизге ийгилик 🌷
Соонун маалымат чон ракмат 🔥👍
Ото сонун жеткиликтуу маалымат. Бактыгул эмгегинерге бали.
Рахмаат сиздерге. За терпение
Сонун маалымат , Биз билбеген нерселер менен тааныштырып жатасыздар Рахмат таазим сиздерге Айдана жана башка менторлорго
Билгенден билбегеним коп экен. Маалымат учун ыраазычылык.
Маалымат үчүн чоң рахмат!
Ишиңизге ийгилик.
Саламатсыздарбы, жакшы, керектуу Жана жеткиликтуу так маалымат👍
Рахмаат
Чон Рахмат!!
Рахмат
Здравствуйте! На русском будет информация? 😊
Маалымат учун чон рахмат, доолбор учун да чон рахмат👏👏👏
Чоң рахмат маалымат үчүн!
Сонун👍
Саламатсыздарбы!
Рахмат
Пайдалуу маалымат алдым. Жеткиликтүү жазылыптыр. Чон ыракмат!
Жакшы жазылыптыр.
Чоң рахмат. Бар болгула!😘