Германиядагы кыргыз-казак-герман “Мурас”уюму, кыргыз-герман ИТ уюму жана Гамбург уюмдарынын жетекчилери Гүлмайрам Чигдем, Эркин Карымшак жана Адилет Шаршекеев менен подкастта жолугуп, уюмдардын кызматташтыгы жана федерация түзүү тууралуу ой-пикирин сурадык.
Мазмуну
0:05 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Германияда кыргыздарга уюм түзүү кереги барбы? Германияда кыргыздардын 16 уюму бар, уюмдар кандай иш алып барат жана алардын максаттары кандай?
0:58 Тааныштыруу. Гүлмайрам Чигдем.
1:33 Жаңы түзүлгөн “Мурас” кыргыз-казак-герман уюму жана ал кандай иш алып барат? Уюмдун максаттары кандай?
6:55 Кыргыз-Герман ИТ уюму.
7:35 Тааныштыруу. Эркин Карымшак.
8:12 Кыргыз-Герман ИТ уюму кандай максатта түзүлдү? Дагы бир уюм түзүү кереги бар беле? Кандай долбоорлор жасалып жатат? Башка уюмдардан кандай айырмасы бар?
13:20 Кыргыз Гамбург уюму.
13:39 Тааныштыруу. Адилет Шаршекеев.
14:09 Кыргыз Гамбург уюму официалдуу түзүлөбү? Азыркы статусу кандай? Уюмдун тарыхы кандай?
17:24 Уюмдардын мындан кийинки максаттары кандай? Кандай көйгөйлөр бар, сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Уюм жетекчиси катары кандай максаттарды коюп жатасыздар? Жаңы келген кыргыздардын максаттары, көйгөйлөрү кандай?
30:46 Иш боюнча келген кыргыздарга алдын ала маалымат беруу көйгөйү? Уюм жетекчилеринин федерация түзүлүүсүнө ой-пикириңиздер кандай?
44:20 Позитивдүү нотада подкасттын соңу.
Шилтемелер
Бул подкастты үстүндө иштеди
Азамат Токтакунов – продюсер жана алып баруучу
Махабат Садырбек – суроолор жана тема
Гулира Калыкова – монтаж, тааныштыруу жана дизайн
Сырга Тыналиева – публикация жана таймкод
Нургүл Кудайбергенова – текст жана изилдөө