Подкасттардын форматтары

“Подкастыңызды кызыктуу кылыңыз, ошондо өзүңүз да аны уккуңуз келет”

Подкасттардын форматтары

Подкасттар көркөм сөздүн салыштырмалуу жаш жана өсүп келе жаткан каражаты болуп саналат. Акыры убактарда бул индустрия кеңири жайыла баштады. Кээде подкаст YouTube же телевидениеден кызыктураак экенин айтып келишет.

Бүгүнкү күндө видео подкаст, скринкаст жана слайдкасттар да бар. Бирок эң алгачкы жана кеңири жайылган түрү – аудио. Андыктан форматтарды түшүндүрүүдө аудио подкастка басым жасайбыз.

Аудио форматка өзгөчө кызыгуу жана суроо-талаптын пайда болушу адаттан тышкаркы реалити-шоу, викорина, дебат, аудио күндөлүк сыяктуу форматтарды жаратты. Ар бир автор өзү үчүн алгылыктуу формат издейт. Келгиле, подкасттын негизги форматтары кандай экенин карап көрөлү

Подкасттарда бир нече негизги форматтар бар:

Даректүү подкаст

Даректүү тасманы сүрөтсүз элестетиңиз. Ал жерде бардыгы акылга жана китепке ылайык курулган: экспозиция, сюжет, кульминация, эпилогу да бар. Көркөм чыгармалар адатта ушундайча жазылат. Даректүү подкастта да дал ушундай сюжет каралат. Айырмасы окуяны угуучуга жеткиликтүү кылыш үчүн үн жана музыкалык ар түрдүүлүк, атайын эффекттер колдонулат. Ал эми үндүн сапаты жогорку деңгээлде болушу шарт.

Даректүү подкаст  олуттуу даярдыкты жана деталдуу иштеп чыгууну талап кылат. Башкача айтканда, сиз эмне жөнүндө сүйлөй турганыңызды, айткыңыз келген ойду кантип жана эмнени бекемдөө үчүн колдоноруңузду гана ойлонбостон, жаздырылган материалды сабаттуу түзүшүңүз керектелет.

Алып баруучудан тышкары, экинчи пландагы жана эксперттердин үндөрү болот. Эреже катары, бир чыгарылышты даярдоо бир нече апта же айга созулуп, анын үстүнөн 5-10 адамдан турган команда иштейт.

Бул ар бир үндү угуп, ырахат алгыңыз келген укмуштуудай соонун формат. Бирок, өтө көп убакытты жана каражатты талап кылат. Андыктан формат негизги киреше булагы контент болгон медиа-компанияларга ылайык.

Монолог

Өтө оор формат. Эч кандай аудио эффекттерди колбонбостон 30-120 мүнөт эч тынбай сүйлөө керек. Мындай подкастты алып баруучунун окуяны айтып берүү жөндөмү менен гана кызыктуу кылууга мүмкүн. Мыкты даярдыкты талап кылат. Бирок сиз буга чейин эле мындай темага кызыкдар болуп келсеңиз, анда колуңуздан келет. Монолог форматындагы подкаст даярдоодо анча деле көп каражат керектелбегени менен, угуучуну зериктирип жиберүү коркунучу бар.

Пост-продакшндагы иштеп чыгуу сиздин сүйлөө жөндөмүңүздөн көз каранды. Кээ бир подкастерлер бир күндө эле, бирок бир нече дубль менен жаздырышат. Аны иштеп чыгуу апталарга созулат.

Ток-шоу

Эки-үч алып баруучу чогулуп кандайдыр бир теманы талкуулашат. Кеңири жайылган формат. Негизинен алып баруучунун абройуна таянат. Көбүнчө бир аз же өтө күлкүлүү, бирок темалар олуттуу болушу мүмкүн.

Эреже катары, пост-продакшнда иштелип чыкпайт, ошол бойдон кыскартуусуз, цензурасыз чыгарылат.

Бул формат анча деле көп каражат жана меймандарды тартуу үчүн кошумча инфраструктура керектелбегени, бирок эксперттик тармакта терең билим талап кылынганы менен мүнөздөлөт.

Интервью

Бул форматты үчкө бөлсөк болот:

1. Сценарийсиз. Мыкты, көп каражат талап кылбаган формат. Демейде монтаждалбастан, эч өзгөрүүсүз берилет. Бирок аны алып кете билүү керек, анткени ал эксперттик чөйрөдөгү терең билимди гана эмес, сүйлөө жана мейманды “ачып берүү” жөндөмүңүздү да талап кылат. Эркин  же конкреттүү бир темада болушу мүмкүн.

Мейманды багыттап жолго сала билүү, аны менен баарлашуу, тамашалашып, боор тартып, уга билүү, талдоо, чечим кабыл алуу өтө маанилүү. Эгер тапшырма белгилүү бир теманы ачуу болсо, бул өзгөчө маанилүү.

Артыкчылыгы, сиз өтө терең даярданбагандыктан, мейман берген маалымат угуучуга эле эмес, сизге да кызык болот. Кайсы жери маанилүү, кайсы бөлүгү аудиторияга кызыксыз болуп жатканын баамдап, керектүү жерден теманы буруп кете аласыз.

Өтө дыкаттык менен даярданганда, кээде көз караштын айкындыгы жоголуп, анын кызыктуу болуп же болбой жатканын, теманын толук ачылып, ачылбаганын объективдүү баалай албай калган учурлар болот.

2. Атайын сценарийдин негизинде мейман менен баарлашуу. Жакшы формат, анткени сиз процессти максималдуу түрдө көзөмөлдөп, импровизацияга да орун калтырасыз.Сиз теманы толук кандуу ачып берүүчү суроолорду алдын ала даярдап, мейман жөнүндө жеткиликтүү маалымат топтой аласыз. Мунун негизинде аны менен оңой тил табышып, кызыктуу подкаст жаратууга мүмкүн. Мейман да аны сыйлап алдын ала даярданганыңыз үчүн ачылып кенен маек куруп берет. Бул абдан маанилүү. Көп даярдыкты жана иштеп чыгууну (монтаждоону) талап кылган процесс. Орточо эсеп менен суроо түзүүгө 1.5-2 саат, ал эми монтаж үчүн 3-4 саат керектелет.

3. Көчүрмө. Өтө жеңил вариант. Сиз ар бир интервьюда колдоно турган бир анкета иштеп чыгасыз. Ал эми келе турган меймандарга алдын ала жөнөтүп коесуз. Алар эмнени жана кантип айтып берерин аныктап, даярданып келишет. Тема да эч кандай көйгөйсүз ачылат.

Мындай подкасттар, эреже катары, 20-30 мүнөттүк гана болот. Эч кандай даярдыкты талап кылбайт. Анткени суроолор окшош жана мейман керектүү маалыматты өзү эле бере берет.

Бирок мындай формат көпчүлүккө жага бербейт. Дайыма бирдей эле суроолор берилгендиктен, тема үстүртөн гана ачылып, угуучуну тажатып жиберет.

Күчүңүздү баалай билиңиз

Эң негизгиси жөнөкөйдөн баштоону сунуштайм. Кайсы формат сизге оңой жана жакын болсо, ошондон баштаңыз.  Албетте техникалык мүмкүнчүлүгүңүздү да эске алыңыз. Сүйлөө, баяндоо жөндөмүңүз жогорку деңгээлде болуп, даректүү подкаст чыгаруудан мурун монтажды да мыкты билүүңүз шарт.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x