Подкаст деген эмне?

Подкаст – бул санариптик (digital) аудио же видео файл, же файлдардын түрмөгү.

Бул файл (файлдар) интернет аркылуу таркатылат да, ташыма (портативдик) медиа ойноткучтарда жана өздүк компютерлерде кайра ойнотулат.

Демек, интернет колдонгон кардар бул файлдарды интернеттен автоматтык түрдө көчүрүп алып, каалаган мезгилинде угуп же көрүү мүмкүндүгүнө ээ болот.

“Подкаст” деген термин iPod (АКШдагы Apple компаниясы чыгарган компютердин музыкалык ойноткучу) менен “сыналгы жана үналгы берүүсү” (broadcast) деген англисче сөздү жалгаштыруудан келип чыккан.

Подкаст жаратуу үчүн көптөгөн колдонмолор иштелип чыккан.
Алардын бири: Anchor.
private

Контентчи платмормасында подкаст түрүндөгү контент жайгаштырууда, Anchor’ду колдонуу сунушталат.

Anchor’ду App Store, Google Play дүкөндөрүнөн жүктөп алса болот.

Google Play


Контентчиге кантип подкаст жүктөйбүз? Биринчи подкаст
Контентчиге Anchor колдонмосу аркылуу подкаст жүктөгөндү үйрөнөбүз.


Интернет барагы: Anchor.fm / Колдонулган материалдар: Подкаст – Wikipedia

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи