Контентчиге кантип подкаст жүктөйбүз? Биринчи подкаст



Подкаст деген эмне?
″подкаст” сөзү кандайча пайда болгон жана Контентчи платформасына кантип жайгаштырса болот


Браузер аркылуу подкаст жүктөө

Сиз Anchor’го биринчи киргенде, сизди төмөндөгүдөй терезече менен тосуп алат. Got it баскычын басыңыз. (Биринчи ирет, катталуу зарыл)

Бурчтагы өзүңүздүн атыңызга басып, ачылган терезечеден Create new episode‘ду басыңыз.

Эгер даяр файлыңыз бар болсо, Upload бөлүмүн ачасыз. Жаздыруу үчүн, Record.

Төмөнкүдөй бет ачылат. Бул жерден Record a new segment.

Микрофонду колдонууга уруксат беребиз.

Кайсыл микрофонду колдонорун аныктайбыз дагы, Start Recording – жаздырууну баштайбыз.

Сөзүңүздү аяктаганда Stop Recording баскычын басасыз.

Жүктөлүп бүткүчө кичине күтүш керек болот.

Эми аудиофайл даяр. Эгер кийинки бөлүлүгүн жаздырыш керек болсо, New Recording аркылуу жаздырасыз. Файлдардын аттарын болсо, калемге окшош cүрөтчөгө басып өзгөртүп алсаңыз болот.

Даяр файлдарды(же файлды) көтөрүп барып, оң жагындагы терезечеге салып, бурчтагы Save Episode баскычын басып сактайбыз.

Бул жерде эпизоддун аты жана ал жөнүндө маалымат камтылат.

Бул сүрөттө орнотуулардын толук көрүнүшү. Оң бурчундагы Upload a custom episode image аркылуу сүрөттүн өзгөртүп алса болот. Баары бүткөн соң Publish episode баскычын басыңыз.

Төмөндөгүдөй терезе ачылат. Бул жерден Embed code деген баштыкчадагы кодду көчүрүп аласыз.

Ал код төмөндөгүдөй келбетке ээ:

<iframe src="https://anchor.fm/janybek-mukashov/embed/episodes/ep-e1hmau" height="102px" width="400px" frameborder="0" scrolling="no"></iframe>

Баракчанын керектүү жерине + баскычын ичинен html текчесине кодду жайгаштырып, тырмакча ичиндеги height жана width маанилерин өзгөртүп алабыз. 102px жана 400px’ти, 160px жана 100%‘га алмаштырасыз.

height мааниси эми 160px (жаңы интерфейс боюнча)

Мына ушундай. Ушуну менен подкастты Контентчи‘ге жүктөө процедурасы аяктайт. Ийгилик!

UPD:

Подкастыңызды жаздырганда ал башка платформаларга дагы жөнөтүлүшөт (Stitcher, Spotify, Google Podcasts, Apple Podcast ж.б)

Дагы макалалар:

Макалаңызды алга жылдырууну билип алыңыз
Азыркы кылымда маалымат алмашуу бат жүрөт. Ошого жараша эстүү адамдар өзубактысын туура колдонууга аракет кылышат. Эгер сиз дагы эстүү адам болсоңуз жана сиз жараткан контентти көптөр колдонүп,жашоосуна позитивдүү өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн кааласаңыз, анда бул кичикөргөзмө сиз үчүн. 1. Анонс жа…

  • 2

    Бөлүш

    Лента Донат
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x