Подкаст жаздырууда үйрөнчүктөрдүн каталары

Кийинкиге жылдырып коюу

Амбициялуу максаттарды коюп, кызыктуу меймандарды чакыргандан качпаңыз. Эч  болбосо, болгону баш тартышат.

Белгилүү бир инсанды мейманга чакыруу же жарнама берүүчүгө кайрылуу, башка блогерлер менен кызматташуу жөнүндө пландарды подкаст ийгиликке жетип, тааныла баштаганда ишке ашырам деп жылдырып коюга болбойт.

Проектке катышууга макул болуу же болбоо подкасттын рейтингинен мурун, сиз аларга жазган каттын мазмунунан көз каранды. Эгер аудиторияңыз анча чоң эмес болсо, карап, изилдеп көрүп мейманды кызыктыра турчу нерсени табыңыз. Мүмкүн ал адамга маанилүү болгон теманы көтөрүп чыгасыз же анын жаңы проектиси жөнүндө айтып бересиз.

 

“Эл эмне дейт?”

Керектүү аудитория кокусунан сизди таап калуу ыктымалдуулугу өтө төмөн болгондуктан, азыркы таптагы окурмандарыңыз гана сизди алдыга сүйрөп кетет. Мейли катталуучуларыңыз ата-энеңиз жана жакындарыңыз гана болсун, жоктон көрө жогору. Аларга жаңы чыгарылыштарыңыз, көйгөйлөрүңүз тууралуу айтып, кеңештерин угуңуз. Подкастыңыз жөнүндө канчалык көп айтсаңыз, ошончо көп киши уга баштайт. Албетте, кесиптеш, курбуларыңыздын алдында уялышыңыз мүмкүн, бирок, ишенип коюңуз, сынга караганда көбүрөөк колдоо аласыз.

 

Өзүн жарнамалоодон тартынуу

Подкастердик атак өзу эле келип калбайт. Маалымат каржаттары сизди издеп келбейт, башка подкастерлер кызматташууга чакырбайт. Сизди башкалардан айырмалап турган өзгөчөлүгүңүздү таап, кыска жана мазмундуу презентация жасаңыз. Албетте аны жайылтып, өзүңүздү таанытуудан коркпоңуз. Сөзсүз түрдө эмгегиңиздин акыбети кайтарын унутпаңыз.

 

“Кеспейм!”

Удаа-удаа мыкты чыгарылышты жаздырдыңыз дейли. Ар бири эки сааттан жана  бардык 120 мүнөт укмуш, кескилеп кыскарткыңыз келбей турат. Бирок мындай болбойт. Мейманга болгон суктанууңуздан же темага болгон байланууңуздан алыстап, угуучунун көзу менен карап көрүңүз. Бул окуяны же маалыматты ийне-жибине чейин билүү аларга керекпи? Дайыма угуучунун көңүлүн буруп, окуянын аягына чейин кызыктырып кармап туруу зарыл, болбосо тажап дароо өчүрүп салышы толук ыктымал.

Кеңеш: эгер подкастты угуп жатканда телефонуңузду “аңтарып” баштасаңыз, анда ал бөлүк кызыксыз. Кесип салуу керек!

 

Шашылыш чечим чыгаруу

Подкаст чынында эле сиздин кесибиңиз болушу мүмкүн. Балким бир аптадан соң тажап кетерсиз. Убакытыңыз жана каражатыңыз текке кетпеши үчүн жок дегенде, алты чыгарылыш чыкмайынча  кымбат жабдууларды албай туруңуз. Тажрыйбалуу подкастерлердин айтуусу боюнча, бул аралыкта мейман издөө, жаздыруу, монтаждоо көндүмдөрү иштелип чыгат. Аны менен катар алгачкы энтузиазм толкуну басаңдап, подкаст күнүмдүк ишке айланып калат. Дал ушул жерден өзүңүздөн сурап көрүңүз, бул процесс сизге энергия берип жатабы? Эгер подкаст жаздыруу сиздики эмес болсо, алган тажрыйбаңызга кубанып, башка жолго түшкөнүңүз оң.

 

Чечкинсиздик

Подкастыңыздын концепциясы түшүнүктүү болуп, белгилүү бир таймингдин негизинде үзгүлтүккө учурабастан ырааттуу чыгып турганда гана ийгиликке жетет.

Жаш үйрөнчүктөрдүн негизги катасы – подкасттын идеясын, форматын белгилеп албастан чыгарылышты даярдоо болуп саналат. Форматты улам алмаштыруу угуучуну алыстат. Подкаст алардын күнүмдүк иш тартибиндеги жагымдуу, пайдалуу бир бөлүк болушу мүмкүн. Бир күнү он мүнөттүк, бир күнү бир сааттык, аптанын каалаган күнү ырааты жок чыгып турган подкаст угуучуга ыңгайсыздык жаратат. Аудиторияңызга кылдат, аяр мамиле кылыңыз.

Көбүрөөк эптеп-септегенге караганда, аздан бирок мыкты чыгарылыш даярдаган жакшы. Андыктан подастты апта сайын эмес, эки аптада бир чыгарып турсаңыз болот. Кайсы этаптарга такалып көп убакыт коротуп жатканыңызды анализдеңиз жана аны автоматташтырганга аракет кылыңыз.

 

Атаандашуу

Комьюнити чоң болбогондуктан жарнама берүүчүлөрдү, меймандарды талашып, кызганыш керек деген ой туура эмес. Тескерсинче конкуренция аз кезде башкалар менен таанышып, пикир алышып, маалыматтар менен бөлүшүп, бири-бириңерди колдоо зарыл. Бул подкастердик баалуу сырларыңызды сактап отурганга караганда тез өсүүгө, пикирлеш досторду табууга жол ачат.

Үнүм жакпайт!

“Подкаст жаздыргым келет, бирок үнүм жакшы эмес”, – дешет. Чынында эле, башында баарына эле, анын ичинде профессионалдарга да, жаздырылган үндөрү дайымкыдан башкача угулат. Бул адат жана практика маселеси.

Көркөм сүйлөө – чыйрак денеге ээ болуудай эле талыкпаган эмгекти талап кылат.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x