Подкаст. Нейминг

Подкастын аталышы – бул анын жүзү, максаты жана өмүр баяны. Долбоор толугу менен, жада калса сиз өзүңүз да аны менен тыгыз байланыштасыз. Кээде подкасттын концепциясын иштеп чыгуу да анын аталышынан башталат, кээде акыркы чечүүчү штрих болушу мүмкүн. Кандай болсо да, долбоордун аты – анын маанилүү атрибуту. Мыкты аталыш сизди жана сиз тандаган теманы мүнөздөйт жана өзгөчөлөнтөт, идеалдуу угуучуну тартат. 

Демек, аталыш кандай болушу керек?

Мүнөздөөчү

Сиздин баалуулуктарыңыз, мүмкүнчүлүктөрүңүз жана темаларыңыз подкастыңыздын аталышында чагылдырылышы керек. Ошондо гана идеалдуу болуп саналат. 

Кыскача

Подкаст платформасында узун аталыштар колдонулбайт. Эң көп дегенде үч сөз. Айланыбыздагы чексиз маалымат агымында көп сөз камтыган аталышты эстеп калуу көйгөй жаратат. 

Уникалдуу

Кээде чындап эле ийгиликтүү кесиптештердин идеяларына баш баккыбыз келет.  Аларга карап түздөнсөк болот, бирок  аталыш сиздин жеке брендди аныктоочу бөлүк. Андыктан өзгөчө сиздин багыттагы подкасттардан алыс болуңуз. 

Аталышта эмнелерди колдонбоо керек?

–   Латын сөздөрү. Подкастердин алтын эрежеси – аталышта долбоор үчүн негизги тил боло турган тилди колдонуңуз.

–   Тырмакча, татаал тыныш белгилери жана ё тамгсы. Канчалык өзгөчө белгилерди колдонсоңуз, тиркемелердеп табуу ошончо оор болот.

–   Ар кандай “подкаст” жана “касттар”. Подкастинг жаңыдан чыгып баштаганда мындай аталыштар актуалдуу болгон. Бүгүнкү күндө зериктирип жиберет. 

Кыскача айтканда, күнүмдүк оозеки колдонууга кирип калган туруктуу сөз айкаштары же учкул сөздөр сыяктуу  эле сиздин долбоордун аталышы темага тыгыз байланышып, даяр сүрөттү элестетип, эсте каларлык жана оригиналдуу болушу керек. 

 Бүгүнкү күндө начар аталыштагы подкаст күчтүү атаандаштык чөйрөсүндө жаңы аудиторияны тарта албайт.

Подкастка ат коюу үчүн төрт кеңеш

  1. Интернетте ар бир аймакка же темага подкаст бар. Мындай учурда уникалдуу, кызыктуу жана жагымдуу аталышты табуу оңой эместей сезилиши мүмкүн. Подкастыңыздан угуучулар ала турган мазмундун, теманын же маалыматтын түрүн аныктоо жана ошол идеяларды чагылдырган сөздөрдү колдонуу менен аталышты иштеп баштаңыз.
  2. Подкастты атоодо максаттуу аудиторияңызды эске алуу маанилүү. Ал үчүн төмөнкү суроолор жардамга келет:
  • Угармандардын кызыкчылыктары кандай?
  • Эмне үчүн алар сиздин подкастты угушу керек?
  • Подкасттын аталышы менен эмнени айтса болот?
  • Актуалдуулугу эмнеде?

Аталышы менен сиз подкастыңыз эмне жөнүндө экенин бир нече сөз менен айта аласыз жана угармандардын көңүлүн бура аласыз. Жардам катары ачкыч сөздөрдүн же фразалардын тизмесин түзүп алсаңыз болот. Эң мыкты деген аталыштарды белгилеп, потенциалдуу угармандардын пикирин алууну унутпаңыз.

  1. Жаңы эпизоддорду чыгаруу режимин же подкасттын узактыгын аталышта колдонууга болот. Көбүнчө жаңылык, билим берүү жана баарлашуу подкасттары ушул ыкманы колдонушат. Бул убакыты чектелүү же толук узундуктагы подкастты издеп жаткан аудиторияга жетүүнүн мыкты жолу.
  2. Үйрөнчүктөрдүн катасы – бул алардын подкасты үчүн веб-сайты / домендик атын камсыздай албагандыгы. Подкастыңыз тездик менен өсүп, туруктуу аудиторияны өзүнө тартып баштаганда жарнама берүүчүлөрдү багыттоо үчүн эсте каларлык домен керек болот. Такыр башка, сиздин аталышка туура келбеген домендик аталыш угармандардын санын азайтышы мүмкүн.

Подкастта өз аты же каймана ат колдонулабы?

Эки учурдун тең пайдасы да, тобокели да бар.

Өз ысымыңызды колдонсоңуз:

  1. Интернетте жасаган бардык ишиңиз сиз менен түбөлүк байланышта болот. Бул жумушка орношууда тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бирок баары туура жасалган болсо, анда бул чындап эле чоң артыкчылык болуп калат. Өз атыңызды эмне менен байланыштырып жана массалык маалымат каражаттарында кандай образ жаратып жатканыңызга көңүл бөлүңүз.
  2. Чыныгы атыңыз өтө узун жана жазуу кыйын болушу мүмкүн же башка бирөөнүн атына окшош болуп, мурунтан эле интернетте колдонулуп жаткандыр. Мындай учурда капа болуунун кереги жок. Андан көрө чыгармачыл болуп, потенциалдуу подкаст темаларыңызды чектебеңиз. Анткени качандыр бир убакта темаңызды өзгөртүп же кеңейтүүнү каалашыңыз мүмкүн.
  3. Өз ысымыңыз сиздин купуялыгыңызга же коопсуздугуңузга кандайдыр бир жол менен зыян келтириши мүмкүн. Интернеттеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул коопсуздук. Бирок сиз интернетте өзүңүздүн коопсуздугуңузду сактоо үчүн кээ бир чараларды көрсөңүз болот, мисалы, почта кутусун алуу жана жайгашкан жериңизди көрсөтө турган маалыматты эч качан бөлүшпөңүз.

Каймана ат колдонсоңуз:

  1. Угармандар сизди олутту кабыл албай коюшу мүмкүн. Элестетиңиз, жакында эле жаңылыктарда болгон маанилүү маселени талкуулоону баштадыңыз, бирок сизди “Жаркылдак” деген ат менен билишет. Адаттан тыш каймана ат сизге болгон ишенимге шек келтирип, мүмкүн болгон темалардын диапазонун чектеши мүмкүн.
  2. Келечекте чечимиңизге өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Жеке брендди курууга келгенде чыныгы атыңызды колдонушуңуз керек болот. Өз ысымыңызга болгон ишеничти каймана ат менен бузуп алуудан сак болуңуз.
  3. Эгер сиз интернетте псевдоним колдонсоңуз, конференциялар жана жолугушуулар сыяктуу иш-чараларга катышканыңызда өзүңүздү эмне деп атайсыз? Подкастыңызга байланыштуу бизнес баштасаңызчы? Негизи, чыныгы атыңызды эмес, псевдонимди колдонсоңуз, дайыма “калп” айтууга туура келет.

Подкастыңыздын аты мурунтан эле алынган болсо, эмне кылуу керек? 

Сиз соонун ат таптыңыз дейли. Бирок интернеттен издегенде бул идеяны сизден мурун бирөө ойлоп тапкан болсо кандай кылуу керек?-   Алгач ал подкаст активдүү иштеп жатабы, аныктаңыз. Эгер көптөн бери эч нерсе жарыяланбаган болсо, алар менен байланышып подкасттын атын колдонууга уруксат сурасаңыз болот.

–   Активдүү болсо,  кайрадан баарын башынан баштоого кереги жок. Сиздин подкасттын негизги билдирүүсү эмнеде? Алмаштыра турган сөздөр барбы? Окшош маанидеги кызыктуу сөздөрдү жана сөз айкаштарын же синонимдерди издеңиз.

–   Сиздин подкаст оригиналдуу болушун каалайсыз, туурабы? Эгер сизге чейин эле бул багытты жана аталышты колдонуп келишкен болсо, анда сиздин идеяны түп тамыры менен өзгөртүү керек эмеспи… антпесе арзан фейктей көрүнүп калбайбы? 

Кийин подкасттын атын өзгөртсө болобу?

Кээде жаратуучу подкасттын аталышын кийинчерээк өзгөртүшү керек болот. Ага подкаст өнүгүп, аты ылайыктуу келбей калышы мүмкүн. Же сиз жөн гана теманы кеңейтүүнү чечкендирсиз.Сиз каалаган убакта подкастыңыздын атын өзгөртө аласыз. Бирок, угармандардын саны азайышы мүмкүн. Ага аты-жөнү эмес, теманын өзгөрүшү себеп болушу ыктымал. Угармандадын нааразычылыгын жаратпаш үчүн:

–   Өзгөртүүнүн себебин түшүндүрүп бере алышыңыз керек

–   Угармандарды алдын ала кабардар кылыңыз

–   Өзгөртүү тууралуу веб-сайтыңызга жана социалдык медиага билдириңиз.

Подкастыңыздын атына байланып калбаңыз. Башка компаниялар дайыма ребрендинг кылып келишет. Акылмандык менен жасалган өзгөрүү жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берет. 

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.

    Контентчи

    © 2022 Контентчи