Панорама тиккенди үйрөнөбүз

Колдонулуучу программа: Adobe Photoshop
Колдонулган материалдар: Panorama_3

Адегенде панорама деген эмне?

Панорама – бул, сүрөт түзөткүчтөрдүн(фоторедактордун) жардамы аркылуу, бир нече сүрөттү бириктирүү ыкмасы менен жасалган сүрөт.

Ал эки түрдө болот. Горизонталдуу жана вертикалдуу. Экөөнүн жасалыш ыкмасы бирдей. Ошол себептен, биз азыр горизонталдуу панорама жөнүндө гана сөз кылабыз.

Панораманы жасоо чоң кыйынчылыкты түзбөйт.

Биринчи, сүрөттөрдү тартып алабыз. Эгер сүрөттөрүңүз даяр эмес болсо – жогорудагы шилтемедеги материалдарды колдонсоңор болот.

Экинчи, Photoshop’ту ачып, андан: Файл > Автоматизация > Photomerge инструментин табабыз. Көз алдыбызда төмөндөгүдөй терезе ачылат:

1-1

Обзор деген баскычка басып, даярдап койгон сүрөттөрдү көчүрөбүз дагы, Ок деген баскычты басабыз.

Бир нече убакыт өткөңдөн кийин, төмөндөгүдөй көрүнүш байкалат:

3

Photoshop биздин сүрөттөрдү чаптап койду. Эми, муну оңдош керек. Аны оңдош үчүн скриншотто көргөзүлгөн инструментти табабыз.

4-1

Инструментти колдонуп, сиз каалаган жерлерге 4 чекитти орнотуңуз. Ошентип, төмөндөгүдөй торчо пайда болот:

5-1

Enter баскычын басыңыз.

Сүрөт даяр:

--------2

Эми, сиз каалаган форматта сактай берсеңиз болот. Сактоонун алдында JPEG жөнүндө макаланы окууну сунуштайм. Пайдалуу болот деп ойлойм.

Мына ушундай. Эч деле кыйынчылыгы жок. Эгер, суроолор же макала боюнча ой пайда болсо, төмөн жактан билдирсеңиз болот.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи