JPEG жөнүндө чындык

Бул макала «Юниверс» санарип искусство мектебинин интернет баракчасынан, Александр Сераковдун уруксааты менен алынды.

Макаланын автору: педагог, Россиядагы «Adobe Systems» компаниясынын расмий спикери Александр Сераков.

«JPEG форматынын тегерегинде көптөтөн сөздөр талкууланат, менден ал жөнүндө көп дагы сурашат, ошол себептен бош мүнөтүмдөн колдонуп, сабакта убакыт жетпеген жана манжалап түшүндүрө албаган бир нерселерди көргөзүп берейин деп чечтим.

А дегенде JPEG жалпысынан жакшы эле деп айткым келет. Чын эле да, өзүңүз карап көрсөңүз — эгер бул формат жок болсо, интернетте баракча көчүрүлүп бүткөнчө канча убакыт күтүүгө мажбур болмокпуз? Бул азыркы эле интернет ылдамдыгын алганда. Мен, жөнөкөй сүрөт сүйүүчүлөр жөнүндө айтпай элемин. Алар көп ирет инстаграмга мышыгынын сүрөтүн жүктөш үчүн өз алдынча RAW-конвертация кылууга мажбур болушмак.

Биз билгендей, JPEGтин негизги максаты — кантип гана болбосун, файлдын көлөмүн кичирейтүү. Көп нерседен тышкары, бул кичирейтүү өлчөмдөштүрүү {квантование} процедурасы аркылуу ишке ашат. Бул процедуранын таасири жакшы байкалат. Негизи — программа сүрөттүн окшош бөлүктөрүн издейт дагы, анан аларды башка бир «эталон» менен алмаштырат жана бул нерсе сөзсүз түрдө сүрөткө жаракат алып келет. Бирок, эгер программа белгилүү бир жерден окшош эч нерсе таппай калса, кичирейтүү дээрлик байкалбаган, аз жоготуулар менен өтөт. Башка сөз менен айтканда — канчалык сүрөт татаал болсо, канчалык анда маалымат көп болсо, «кичирейүү» ошончо аз болот.
Эксперимент катары мен алдыдагы сүрөттү үч бөлүккө бөлүп алардын ар бирин өзүнчө файл кылып сактадым:

106921_original

Көрүнүп тургандай, дээрлик детальдарды камтыбаган асмандын файлы, кайталанган бөлүктөрүнөн «үнөмдөй албай калган» JPEGтин алдынкы фрагментинен үч эсе кичине болуп чыкты.
Мындан: сүрөттүн эң эле алсыз аянты — бул анын аз деталь камтыган, кең чек аралары, — деп тыянак чыгарсак болот, мисалы — асман. Атап айтканда ошол аянттарда JPEGтин эң эле белгилүү артефактары чыгат.

Бир күнү мен Facebook’ка Словакияга болгон турдан бир сүрөт жүктөгөм. Жүктөгүч сүрөтүмдү «мунжу кылбайт» деп өтүнгөнүм менен — идея ийгиликсиз бүттү. Көк асмандын фонунда кара силуэттер «джипег кири» менен боёло баштады. Мага аябай кызык боло баштады, Facebook менин сүрөттөрүмдү кандай кичирейтүү сапаты менен кайра сактайт? Анткени, аз «кысуу» менен (Quality 12) көйгөйлөр анча көрүнбөйт. Бул жөнүндө бир аз тажрыйба кылуугу туура келди:

107422_original

Болжолдоп карасак, Facebook’тун кайра сактоо сапаты алтыдан чоң эмес. А бул болсо, сүрөттөрдү бул тармакта жүктөөгө даярдап жатканда, эң жогорку сапаттан башканы коюуга эч кандай учурда болбойт. Дайыма, эгер сиздин сүрөтүңүздө асман бар болсо :))

Дагы бир айтчу нерсе — JPEGти кайталап сактоо боюнча. Эгер сиз файлга тийбеген болсоңуз деле (жөн эле өзүңүзүн копирайтыңызды кошуп койдуңуз), сүрөт мурдагыдан жаманыраак болуп калат. Бул нерсени көргөзүш үчүн, мен бир сүрөттү 12чи сапат менен жыйырма жолу сактадым

107587_original

…жана ошону эле 10чу сапат менен кайра кайталадым:

108018_original

Мына ушундай. JPEG бул сонун. Бирок, бир эле жолу.»

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x