Мүлк талашы!

Дүйнөдө согуштар бир эле нерсе үчүн болот, ал мүлк! А мүлк эмне? Жер жана суу. Эми заман өнүгүп арасына “аба” деген үчүнчү түр да кошулду. Булар бизге физикалык күч менен кошо авторитет, психологиялык жана моралдык күч алып келет. Анын артында экономикалык күч жана бир өлкөнүн бүтүндүгү турат. Мүлк талаш маселеси башка айбанат түрлөрүндө да кездешет. Мисалы канаттуулар абаны талашышса, жердеги жаныбарлар жер менен сууну талашышат. Бирок эң коркунучтуусу адам деген жандыктар арасындагы мүлк талашы! Бул, мүлк талаш, диндеш, улутташ, кээде бир тууганга деле карабайт! Ушул убака чейинки бардык кан төгүү жана согуштардын себеби бир эле нерсе болчу – мүлк!

Мүлк ээлери алмашкан сайын, дүйнөнүн картасы да ошого карап өзгөрүп турат. Мүлк талаш негизинен коомдор, улуттар же бир туугандар арасында жаралат. Алар бири бирин душман деп аташат. Буга чейин да көптөгөн коомдор, улуттар болгон бирок алар бүгүн жок, мүлк талаш учурунда жеңилүүгө учурап, жок болуп кетишкен. Эртең жаңы коомдор менен жаңы улуттар пайда болушат, мүлк талаштан утуп чыккан!

Мүлк талашка түшкөндөрдүн бир эле максаты бар, ал жеңүү! Буга чейин ал максатты орундатуу үчүн колдонулган эң негизги аргумент жана идеология дин болуп келсе, дижитал эранын ортого чыгышы менен диндин ролу азайып, анын ордун маалымат ээлеп, эң негизги куралга айланды. Анткени кимде маалымат көп болсо, мүлккө ээлик кылууга да мүмкүнчүлүгү ошончо көп болот. Айрыкча, экономиканын өзөгүн түзгөн эң биринчи байлык да дал ушул маалымат болуп калды.

Биз адамдар мүлк талашты, экономикалык согуш, маалыматтык согуш, улуттар арасы согуш, диндер арасы согуш, так талашуу согушу ж.б.у.с. деп, ар кандай ат менен атап келебиз. Бирок биз ээлик кылгыбыз келген жер, суу жана аба деген үч эле мүлк түрүбүз бар.

Адам баласы тарыхтан эч качан сабак албайт! Анткени, улам эле тарыхтагы каталар кайталанып, заманга жараша тарых өзү да форматын өзгөртүп, кайталанып келгени буга далил. Бирок адам баласы өзү үчүн, мүлк талашты чечүүдө эки эле жолду сунуштай алат. Биринчиси: дипломатия (сүйлөшүү жолу), экинчиси: согуш (чыр, кан төгүү). А үчүнчү жолду бизге жаратылыш гана сунуштай алат. Ал, тилсиз жоо – табият кырсыктары!

Кыргыздын “элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген макалы да жогоруда айтылгандарды толуктайт!

Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт,
Канткенде адам уулу адам болот?

Чыңгыз Айтматов

Баарыңыздарга аманчылык каалайм!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x