Биз, дүйнөдө тышкы жактан жарандары акча которуулары боюнча экинчи орунда турабыз. Биринчи орунда эли көп, жери тар келген Непал турат.
А дейбиз, бу дейбиз, чет жактан тажыйырба алып, бүгүн ири ишкана ачып, мамлекетке миллиондогон салыктарды төккөн инсандар калыптанды.
Өз арбайын тарта албай артка, мекенине кайткандары да болду.
Бирок мен миграцияга бийликти күнөөлөй албайм.
Алдын ала эле айтып койгум келет, мен бийликте эч качан болгон эмесмин. Көбүңүздөр мени көз карандысыз журналист катары тааныйсыздар.
Эмнеге бийлик күнөөлүү эмес деп сурасаңыз керек..?
А мен эч ким күнөөлүү эмес деп айтмакмын.
Анткени миграция пассионардуулук мүнөзгө ээ адамдарда кездешет. Эгер андай мүнөз 5, 10 адамда эмес миң, миллиондогон адамдарда болгондо бул улуттук өңүткө өтөт.
Жалпак тил менен айтканда пассионардуулук бул бир жерде көпкө тура албаган “жел тамандык”.
Эгер мамлекет туура саясат жүргүзсө аны ички туризмди өнүктүрүүгө колдонуп кетсе болот. Себеби биз сырттан келгиле деп чет элдиктерди күтүп олтура бербей өзүбүз дагы турист болуп дүйнө кезип келсек болот тойлордун ордуна. Азыр анча-мынча тойлор онлайн өтүп, жубайлар комментарий аркылуу бата алууда. Ошондой эле биз кандай конок пейил экенибизди туристер айтып, тартып эле жатышпайбы!?
Деп тамандык тууралуу мисалдарга өтсөм.
Бир досум мектепти ийгиликтүү бүтүп, сотка оңдоону окуп, үйрөндү. Кийин учкуч болом деп авиа каттамдын окуу жайына тапшырып Бишкек, кийин Орусиянын бир шаарында окуп жүрдү. Ал жөндөмдүү болгондуктан кезинде билимин толук мамлекет каржылаган эле. Пандемия алды, былтыр ал Москвага барып пицаканага орношуп, 30 миң сомдон 50 миң сомдук айлыкка чейин жетти.
Эми ал “Москва мага тар болуп жатат, Европаны көргүм келип жатат” дейт.
Таласта 18 жыл жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгон досума эми Москва тардык кыла баштады, чиркин.
Москва – көз-жаштарга ишенбейт.
Экинчи досум дагы 2019 алды Москвага аттанды. Айылда өз үйү, жерлери бар. Ырас, мектептен тышкары билими жок эле. Андыктан ал ушул кезге чейин жыйырмадай жумуш алмаштырып, Москва Ковиддин соккусуна туш болгондо көчөдө кала жаздап, кыргыздар көптүк кылып куткарып кетти дейт. Бирок орусчасы бир топ жакшырып калганын видео байланыштан байкап калдым.
Бул окуялардын кийин мен
- “Жакында ал ата-журтума кайтам, кандай карайсың досум?” – деп калды.
- “Ай, досум, Кыргызстан сендей ар бир мекендешиңе муктаж. Миллион сому жок эле, мамлекеттен үлүшкө берилген жериңден тонналап фасоль алып, жок дегенде огороддо өскөн чөптү чаап, пенсияга чыккан ата-энеңдин маңдайында, Мекениңе караан болсоң кандай сонун!?” – деп кубаттадым.
Бул окуялардын соң мен белгилүү окумуштуу Л.Н.Гумелев илимге киргизген “ПАССИОНАРНОСТЬ” деген терминге, түшүнүккө бекем ынандым.
Советтер доорунда Батыш тууралуу башкача өңүттөгү пропаганда болгондуктанбы же СССР жабык держава болгонгобу, кыргыз эли азыркы КМШ аймагында чектелип жашасак керек. Эгер андай болбосо колхоз-совхозду таштап дүйнө кезип жүрмөк экенбиз анда деле.
Ошондуктан өкмөттүн тормоз берген экономикасы, токтоп калган өндүрүшү миграцияга чыныгы себеп эмес.
А Сиз менин пикириме кошуласызбы же башка мисалдарыңыз барбы?