Бүгүн бизде конокто учурда Екатеринбург шаарында түзүлгөн кыргыз диаспоралдык коомдук уюмунун жетекчиси Гульшан Долонбаева.
Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана жетишкендиктери, жарандардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдөгү аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маек.
Мазмуну
0:06 Таанышуу
1:06 Кесиптик өмүр баяны. Екатуринбург шаары, андагы Кыргыз диаспоралык коомдук уюм тууралуу.
2:11 Диаспора боюнча кыскача түшүнүк. Диаспоралардын ар кандай саясий курал катары колдонулуп жаткандыгы жөнүндө.
4:40 Жарандардын диаспоранын жүргүзгөн кызматы тууралуу маалыматынын жоктугу, коомго, диаспорага тийгизген салымы, милдеттери тууралуу билбегендиги.
10:30 Россия Федерациясында кыргыз диаспоралары биргелешип бир чоң күчкө айланса, жергиликтүү бийликтин алдында оорду чоң болоору тууралуу ойлор.
12:50 Дүйнө жүзүндөгү кыргыз диаспоралары биригип илим-билим, маданият, саламаттыкты сактоо же гуманитардык багытта иш чараларды алып кетсе болоору тууралуу ой пикири.
14:19 Диаспоранын ичиндеги ар түрдүү градациядагы адамдар, Россиядагы мигранттар менен Европа, Америкадагы мигрантардын айырмачылыгы.
16:12 Россияда кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүдөө иштеп жаткан коомдук активистерге ыраазычылык.
19: 50 Кыргыз диаспорасы Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Кыргызстан-Урал диаспорасынын тарыхы, коомдук уюмду түптөгөн активистер жөнүндө.
22:10 Диаспоранын максаты улуттук аң-сезимди сактап калуу, кыргыз маданиятын, тилин, үрп адаттарын кийинки муунга өткөрүп берүү.
26:14 Алгачкы жолу миграциядагы аялдардын орду, жүзү тууралуу 2019-жылы эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүшү.
28:22 Демилге колдоого алынып, ошол жердеги жергиликтүү бийликти, кыргызстандыктарды миграциядагы аялдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруусу.
29:20 Россиядагы ишкер айымдардын көйгөйлөрүн чечүүдө жасалып жаткан иш чаралар.
36:20 Россияда болуп жаткан окуялар тез арада бүтүп, жакшы нукка түшүп, ааламда тынчтык болсун деген ой тилек менен маек аяктады.
Шилтемелер
Кыргызстан-Урал диаспорасы инстаграмда: instagram.com/kyrgyzstan_ural
Фейсбукта: facebook.com/kyrgyzstanural
Подкасттын авторлору
Азамат Токтакунов
Жаныбек Мукаш
Биздин подкастты чөнтөк телефонуңузга жүктөп алыңыздар:
iTunes(Apple Podcast)
Google Podcast
Spotify
Платформалар тизмеси
Бизди социалдык баракчаларда ээрчигиле:
Facebook
Twitter
Instagram
Youtube
Вконтакте
Телеграм
Швейцария Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан каржыланган жана МЭАУ (Миграция боюнча Эл Аралык Уюму) жана БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) менен биргеликте ишке ашырылган Туруктуу өнүгүү үчүн миграциянын потенциалын пайдалануу боюнча Глобалдык программасы.