Маскөөнүн резинадай болгон батирлери

Эки-бөлмөлүү батирде 16 адам жашаганын элестетип көрдүңүз беле? Эгерде 16 адамдын баары жакын тууган , тааныш же айылдаш болсо макул. Сүйлөшө турчу сөз жалпы тема, жок эле дегенде туугандык бири-бирине болгон күйүмдүү мамиле сый урмат менен жашоо өкүм сүрөт . Ал эми биздин учурда таптакыр башкача . Анда эмесе сөз учун башынан баштайлы. Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин башка улуттагыларга (тажик , өзбек ж.б.у.с) турак жай маселеси салыштырмалуу бир топ эле жеңил экен . Анткени эмгекчил калкыбыз бул жерде да жакшы эле жетишиптир . Биринчиден турак жай издөө маселе жаратпайт !Тагыраак айтканда кыргыздар иштеп чыккан сайт www.jerdesh.ru жана ошондой эле социалдык тармактар аркылуу көз ачып жумганча турак жай таба аласын . Экинчиден ар бир метро станциясынан (бул шаардын дээрлик баардык жеринен деп түшүнсө да болот) батирден бөлмө же жата турчу жер (койко) табууга болот. Батирлерди негизи үй-бүлөлүү адамдар ижарага алат . Батирлердин орточо ижара акысы бөлмөнүн санына , жайгашкан жерине , шартына карап 30-40 миң рублдун айланасында . Эки бөлмөлүү батир болсо бир бөлмөсүндө үй-бүлөлүү адамдар ал эми экинчи бөлмөсүнө адамдарды алышат . Ар бир адам айына орточо 5000 рубль төлөйт эгер 6 адам алса 30 миң квартиранын акчасы төлөнөт ал эми үй-бүлө коммуналдык кызмат акысын төлөп , үйдөгү тазалыкты көзөмөлдөйт. Жашаган адамдарга да пайдалуу ижарага алган үй-бүлөгө да пайдалуу бирок бул финансылык көз карашта гана! Ал эми ошол аарынын уюгундай болгон батирдеги жашоо шартына кайрылсак . Көпчүлүк жердештерибиз жашаган үйлөр салыштырмалуу түрдө эски үйлөрдөн . Мисалы биз жашаган үй https://domdata.ru/ сайтынын маалыматы боюнча 1957-жылы салынган үй . 205 батир , жалпы жашаганга мүмкүн болгон аянты 13 719 кв м . Бул дегени бир батир орточо эсеп менен 66 кв м дегенди түшүндүрөт . Ал эми жашоочулардын саны 581 деп көрсөтүлгөн албетте бизге окшогондорду эске албаганда . Анткени мигранттардын каттоосу факты жүзүндө жашаган жеринен дээрлик 100 % айырмаланат. Жергиликтүү жашоочулар бир батирде орточо 3 адам жашаса биз 16 адам жашайбыз. БУУнун акыркы стандарты боюнча бир адамга 30 кв м жашоо жайы туура келиш керек , ал эми биздин учурда 4.1 кв м (эмеректерди эске албаганда) туура келет . Адамдардын көптүгү , жашоо аянтынын тардыгы психологиялык жактан эле эмес медициналык жактан да өз таасирин тийгизбей койбойт . – 25 ке чейин жетип жаткан суукта бардык эле адам айнектерди ачып бөлмөлөрдү желдеткенге батына бербейт! Кээ бир батирлерде бөлмөлөрдө жалаң аял кишилер , кээ биринде эркектер ал эми кээ биринде аралаш жашашат. Мен бала болсом да бей тааныш адамдар менен жашаганда өзүмдү абдан ыңгайсыз сезем жада калса жаңы келгенде депрессияга түшүп бир топ эле кыйналып жүрдүм . Ал эми кыздардын абалын элестете бериңиз . Бул айсбергдин үстү гана … Бардык адам жакшы шартта жашаганга укуктуу ! Суткасына 16 саатка чейин иштеп тапкан акчасын тыйынына чейин эсептеп Ала-Тоону көздөй салып жаткандыктан мигранттардын сүйүктүү сөзү менен айтканда “Убактылуу” ушундай шартта жашаганга мажбур болуп жатышат . Ошол убактылуу жашоо көпчүлүк адамдар үчүн жашоо образына айланып 20 жылдай убакыттан бери ушул шартта жашап ушул шартка көнүп калышкан. Балким менин келгениме 3 айдан ашкан үчүн мага өөн учурап жаткандыр. Ошондуктан биз элестеткен күрөктөп таап жаткан акчалардын артында опол тоодой мээнет , тынбаган эмгек , түгөнбөгөн ыңгайсыздык тураарын эске алып , жакындарыныздын кадырын билип туура жолго пайдаланыңыз!

20.01.2021 Москва

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x