Кыргыз эли илгертен эле кол өнөрчүлүктү аздектеген. Күндөлүк тиричиликке колдонгон буюм-тайымдардан тарта курал-жарак, шаймандарды жасаган иш билги усталар, колунан көөрү төгүлгөн уз-чеберлер болгон. Тарыхта Эне –Сайда түптөлгөн Кыргыз Дөөлөтүндө кыргыздардын темир иштетүүдөгү жетишкендиктери жана кыргыз усталарынын колунан чыккан жоо-жарактардын жогорку сапаттуулугу айтылат. Карапачылык жаатында да Эне – Сай кыргыздары жасаган карапа идиштер, кумуралар оймо-чийме салынып кооздолуп жасалгандыктан «Кыргыз Вазасы» деген атак алган.
Элибиз усталарды өзгөчө кадырлашкан, устанын пири Дөөтү делип устачылык туурасында не бир кызык аңыз кептер, уламыштар айтылган. Жалпы жонунан уста, уз, чебер аталганы менен ар уста өзүнүн узанган тармагына, устачылыгына карата өз энчилүү аттары менен аталган. Биз ошол устачылык жаатындагы атоолорго токтоло кетсек.
1. Зергер
Зергер – алтын, күмүш жана башка түстүү металлдарды ийге келтирип түрдүү зер буюмдарын жасаган уста. Сөйкө шакек, билерик, чач учтук, желбирөөч дагы көптөгөн асем буюмдарды жасоодо зергерлер таш чөгөрүү (тогуз бастыруу), зооткерлөө (сыя төгүү), мистөө, данакерлөө, калайлоо сыяктуу түркүн ыкмаларды колдонушкан.
2. Кара уста
Кара уста – темирчи , темир уста. Темир менен узанган уста, адатта темир усталар ат такадан тартып жоо-жарактарын, элге эң керектүү айыл-чарба шаймандарын жасап беришкен. Барскан, дөшү, кыпчуур, кычкач, аттиш, көөрүк, күжү ж.б темир устанын негизги курал-жабдыктары болуп саналат. Дасыккан темир усталар эки темирди бириктирип ширеткен, чорт сынганы болсо кепшерлеп жиксиз бириктирген. Жарылган, сынган, жаракка кеткен, тешилген казан, чөөгүн, мискей жана башкаларды каңдоо, калайлоо, данакерлөө аркылуу каңдаган. Манас эпосунда укмуштуу уста Бөлөкбай тууралуу:
«Төкөр уста Бөлөкбөй,
Дөөтү менен дос болгон.
Барскан алса үйлөшкөн
Дөөтү менен Бөлөкбай
Кадимкидей сүйлөшкөн» – деп айтылып Бөлөкбай устанын Манас баатырдын курал-жарактары Ач албарс кылычын, Айбалтаны, Сырнайзаны жасоодогу өтө татаал ыкмалар менен баптап-таптап, бышыктыгын артырган ченебегендей чеберчилиги кеңири баяндалат. Бул да болсо Кыргыз элинде устачылыктын өнүккөнүнөн, усталарга болгон элдин урматтоосун билдирет.
3. Бакырчы, мискер
Бакырчы, мискер – темирден, жезден идиш-аяктарды жасаган уста. Жездин дагы бир аталышы бакыр (бакыр сөзү жез деген маанини да билдирет) болгондуктан жез кумган, калай табак, чөөгүн, чара, мискей өңдүү идиштерди жезден, темирден жасаган устаны бакырчы деп коюшкан. Бакырчылык менен узанган усталар согуп-сомдоо ыкмасы менен жогоруда аталган идиш-аяктарды жасашкан. Жезди талыкпай согуп-сомдоп чорголу чөөгүндү, кумганды жасоо кылдаттыкты талап кылган.
4. Жыгач уста
Жыгач уста – жыгачтан ар түрдүү буюм-тайымдарды жасаган, Кыргыз элинин турагы Боз үйдүн сөөгү жыгач усталардын колунан чыккан. Жыгач усталыктын жогорку деңгээлде өнүккөнүн жыгач усталардын өз узанганына жараша адистешип, өз узанган тармагында чеберчилигин артырып, узанган кесибине жараша атоолордун келип чыкканынан байкаса болот. Мисалга: түндүкчү, уукчу, керегечи, кырмачы, тактачы, комузчу, ээрчи ж.б.
5. Түндүкчү
Түндүкчү жалаң боз үйдүн түндүгүн жасаган.
6. Уук-керегечи
Уук-керегечи – уук кереге матап, босого таяк жасаган. «Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт» дегендей уук кереге жасоодо негизги курал тез болуп саналат. Тезге салып ууктун матоосун, саканактарды ийип, ийрисин түздөп калыбына келтирет. Тезге салып маталган уук, саканактардын ийи жанып кетпөөсү үчүн матоого коет.
7. Кырмачы
Кырмачы – жыгач идиш-аяктардын түрүн жасап узанган. Кырмачынын негизги аспабынын бири кырма болгон. Кырма азыркы токар станогунун кол түрү десек жаңылышпайбыз, дүкөн деп да аталат. Кырманын айлануучу ок жыгачынын бир учу түркүк жыгачка такалып экинчи учуна кырылып жасала турган идишти бекитүүгө арналган темирден тиши болот, ок жыгачка кайыш тасма оролуп аны Кырмачынын шекити эки учунан кармап ары-бери тартып айлантып берип турат. Кырып жонууга арналган темирден ар түрдүү ийги жасалып ал айланып жаткан жыгачты кыруу үчүн кырманын тууруна такай кармалат, ийгини артка-алдыга жылдыруу менен кырмачы ар түрдүү формадагы идиштерди жасаган.
8. Ээрчи
Ээрчи – ээр чаап ат жабдыктарын жасаган уста. Ээрчилер ээр, айырмач, ыңырчак, ком жасап узанышкан. Ичмек, тердик, желдик, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк, жүгөн, нокто сыяктуу ат жабдыктарын жасоодо ээрчи усталар өрмөчүлүк, кайышчылык, зергерчилик сыяктуу өнөрлөрдүн башын бириктирип ала жүрүшкөн. Бир аттын жабдыгын баштан аяк толук жасоо жалгыз гана ээр чаап жыгачтын сырын билбестен өрмөчүлүктөгү өрмөнүн түрлөрүн, кайышчылыктагы терини жыдыткандан тарта малмага салуу, кургатуу, ийине келтирүүнү, жүгөн, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүктү шөкөттөп, күмүш бастыруу зергерчиликтин сырларын билүүнү талап кылган.
9. Тактачы
Тактачы – тактачы усталар көбүнчө сандык, үкөк, абдыра, жагдан,бешик, жүк жыйылуучу такта, сабаа коюучу такта жана башка ушул өңдүүлөрдү жасашкан.
10. Комуз уста (комузчу)
Комуз уста – комуз чапкан уста, күүчү. Комуз менен бир катар кыл кыяк, добулбас, жыгач ооз комуз өңдүү музыкалык аспаптарды да жасашкан. Көпчүлүк учурларда комуз чапкан усталар комуз жасап эле тим болбостон комузда кол ойнотуп, күү чертип күү чыгарып, комузду сүйлөткөн чыгаан комузчу да болушкан.
11. Мүйүзчү
Мүйүзчү – мүйүздөн, сөөктөн ар түрдүү буюм, асем кооздуктарды жасаган уста. Мүйүзчү сөөктөн мүйүздөн тарак, топчу, чакча, иймек, шакек, билерик, картык, шимек, ок-даары салган куту жана башка түркүн нерселерди жасашкан. Учурда мүйздөн көз жоосун алган белекке берүүгө арналган сувенир жасалгаларды көп көрүп жүрөбүз, бул да болсо эл ичинде колунан көөрү төгүлгөн мүйүзчүлөрдүн бар экенинин далили.
Бүгүнкү күндө устачылык заман талабына жараша өркүндөтүлүп жаңы жетишкендиктер, жаңылыктар киргизилип өнүгүүдө. Кесиптик окуу жайларда атайын зергерчиликке, жыгаччылыкка, темирчиликке окутушуп адистерди чыгарышууда. Усталардын колунан кыргыз элине мүнөздүү, улуттук колориттеги буюмдар, жасалгалар заманбап кылып жасалып келүүдө. Келекчекте дагы кыргыз элинин устачылыгы өз нугунда өнүгөт деген ишеничтемин.
Анарбек уулу Атай.