Tili.kg неге жай иштейт?

Кыргызча жакшы онлайн сөздүк бар бы негизи? Соонун бир онлайн сөздүгүбүз болгонун каалайм. Хобби катары ушу иш менен алек болоюн деп атам. Акча табайын деген ой менен эмес.

Мен билишимче эн жакшы сөздүк бул tili.kg, бирок ал аябай жай иштейт деп ойлойм. Бул сайттын эски коддору GitHub да бар экен, бирок аны компьютерге жүктөп иштете албай койдум. Ойлогом балким кичине да болсо коддорду карап жакшыртсам болобу деп. Ал сайттын ээси дагы бир орус байке экен, кат жазсам жооп келген жок.

Мындан коро озүбүз эле жакшы сөздүк жазасак он болот го э? Жаны сайт баштап. dict.leo.org же vocabulary.com сыяктуу. Араңарда ким билсе айтып бергилечи, нелер керек? Эмнеден башташ керек?

Өзүм негизи программалоо тилдерин түшүнөм (C++, Matlab, PHP, SQL, HTML, CSS) – бирок вебсайт жасап көрө элекмин. Бирөө кичине жол көрсөтүп берсе кете бермекмин 🙂 Керек болсо GitHub ка коддорду жүктөп турам, каалоочулар жардам бергидей.

Комментарийлериңерди күтөм!

Акбар Шадаков

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x