Саламатсыздарбы урматтуу угармандар! «Kyrgyz-German IT Commnity» уюму жана «Контентчи» кесипкой, чыгармачыл платформасы кыргыз тилинде жаңы Кажы-кужу подкаст тартуулайт. Эфирде #6-эпизод!
Бүгүн конокто Айдана Өмүрбаева, Чикагодогу алгачкы кыргыз IT айымы — «Relativity E-Discovery» компаниясында «DevOps Engineer» болуп иштейт. Социалдык тармактар аркылуу IT боюнча пайдалуу вебинарларды өткөрүп турат.
Мазмуну
- Айдана Өмүрбаева жөнүндө. Окуу, жашоо жана жумуш.
- IT-эмне үчүн тандаш керек? Кантип IT-тармагына өтсө болот? Конференциялар, митаптар жана воркшоптор
- IT Tech Woman. Эмне үчүн IT-багытын кыз-келиндер ыңгайлуу?
- Тайм-менеджмент. Алдыга туура ой-максаттарды коюу жана колдоо көрсөтүү.
- Кыргыз тилиндеги IT-макалалар жана маалыматтар менен бөлүшүү.
- IT-курстар, сертификатар жана жумушка кирүү үчүн интервью.
- DevOps-инженер. Жумуш жөнүндө.
- Жогорку билим жана IT-курстар. Жаңы мүмкүнчүлүктөр.
- MurasClub, Чикаго. Kyrgyz Woman in Tech Breakfast. Америкадагы экинчи IT-форум.
- Kyrgyz-German IT Community. Германиядагы IT-адистер, чогулуп алып уюм түзбөйлүбү?
- Дүйнөлүк кыргыз IT-адистеринин биригүүсү. Эл аралык достук.
- Контентчи чыгармачыл, кесипкөй платформа.
Шилтемелер
- Айдана Өмүрбаева – http://instagram.com/kg_usa
- Азамат Токтакунов – https://www.facebook.com/azamatbayke
- MurasClub – https://muras.club/
- Kyrgyz-German IT Community – https://kg-de.eu/