Кармен Сандиего тууралуу

2019 жылдын январь айында америкалык компания Netflix өзүнүн "Carmen Sandiego" оригиналдуу сериалын жарыялаган. Эмне үчүн бул окуя маанилүү жана Нетфликске кошумча урмат кошуп берээрин бул макалада айтып бергенди аракет кылабыз.

s9xax200xsirybqhcbbh.0

2017 жылдын башында The Tracking Board сайтынын маалыматы боюнча америкалык актриса Джина Родригез Netflix’тин жаңы жүгүртүүчү Carmen Sandiego сериалында башкы каарманга үнүн бергени макул болгон. Ал 20 эпизодтордон турган кызыктуу жана билим берүүчү сериал болгону турган. Кийинчерээк Родригез өзүнүн твиттер баракчасында бул маалыматты тастыктаган.

Долбоордун аткаруучу продюссери Каролина Фрэйзэр жана Дуан Капиззи шоураннер болуп дайындалышкан. Аларга абдан маанилүү иш берилген, анткени бул сериал чынындасы ребут(англ. reboot – жаңыдан жүргүзүү) болгон.

Тарых Алдындагы Маалымат

Кармен Сандиего франшизасы америкалык оюн иштетип чыгаруучу компания Brøderbund илгерки 1985 жылы кызыктуу жана билим берүүчү видеоюнду ойлоп тапканы менен башталган. Анда анын аты "Where in the World is Carmen Sandiego?"(англ. Дүйнөнүн кайсы жеринде Кармен Сандиего?) болчу. Оюндагы максат жаман ууруларды дүйнө боюнча табып, аларды камакка алганы болчу. Эгерде ийигиликке жетишкенде,акыры Кармен өзүн да камакка алганы мүмкүн болгон.

Кийин оригиналдуу оюн 1996 жылы жаңы интерфейс жана анимацияланган каармандар менен ребут болгон. Оюндун формуласын колдонуп, компания дагы көп спин-оффторун(оригиналдын белгилүүлүгүнө таянган четтик чыгарма) чыгарганы жетишкен.

Бул маалымат боюнча биз билгенибиз Кармен Сандиего башта видеоюндун каарманы болгон. Андан да тышкары, ал терс каарман болгону кызык.

Видеоюндун негизинде 1994-1999 жылдары боюнча ошондой эле аты менен мультсериал жүргүзүлгөн. Анда бүт сюжет оригиналдуу видеоюндай болчу, жана Кармен Сандиего ал жерде терс каарман болчу.

a97ea50ef01314d7c56385a2027f73f3

Жаңы Маани Берүү

Netflix компаниясы эксперименттерди жакшы кабыл алганы анык. Бунусунда да, авторлорго өз чыгармачыл шыгын көрсөткөнү жашыл жарыкты берген. Шоу жүгүртүүчүлөр Кармен Сандиегону жөн гана эскисин туурап, ремейк жасашкандан көрө, ал каармандын кантип түзүлгөнү жөнүндө баяндап бергени тандашкан. Ошондуктан, бул адаптацияда башкы терс каарман башкы жакшы каарман болуп калган. Өзү болгону ууру, андан да артык, эң мыкты ууру болгону менен ал өзүнө VILE уурдаган баалуу буюмдарды алардан кайта уурдап, ордуна кайтарганды максат кылды.

Заманбап кино индустриянын жүргүзгөн жумуштарында андай жаңы маани берүүлөр каржы тарабынан абдан тобокелдүү, анткени эски окуяга болгон жаңы көз караш көрүүчүлөрдүн көңүлүнө жакшы кирбей калышы мүмкүн. Ошондуктан көп кино, мультфильм чыгаруучу студиялар тобокел кылбай долбоорлорун эскиден ийгиликтүү болуп келген формуланы колдонуп ремейктерди тартышат. Бул эмнеге Кармен Сандиего өзгөчө болгондун биринчи жана эң башкы себеби. Бул жаңы бир мультсериал.

Сюжет

Кинопоиск сайтынан алынган маалымат боюнча Кармен Сандиего мультсериалдын жанры бул детектив, окуя жана үй-бүлөлүк тасма. 18 январь айында трейлери чыкканда коом Кармен Сандиегону Диснейдин эски сериалы "Kim Possible"(кырг. Ким Мыкты) менен окшоштуруп башташкан, анткени экөө тең кайраттуу, чырайлуу, чачтары куйкул, дайыма дүйнөнү куткарган кыздар. Бирок бирөөсү тамашакөй болуп, көңүлдү ачкан, жаш балдарга арналган болсо, экинчиси олуттуу, татаал жана тамашалары аз болуп чыкты. Экинчиси болсо бул Кармен Сандиего.

Кармен Сандиегонун биринчи сезону 9 бөлүмдөн туруп, бир окуяны баяндап кетет. Ар бир бөлүмдүн узактыгы 24 мүнөттү түзөт(1-2 бөлүмдөрдөн тышкары – биринчи бөлүмү 34 мүнөт, экинчиси болсо 28 мүнөт). Бунусу кызык, анткени заманбап сериалдардын бөлүмдөрү эң азында 40 мүнөттөн турат.

Стиль

Биринчи көз карашта каармандар абдан жалпак болуп көрүнөт. Тартылган стили өзгөчөдөй болуп аппликациядан жасалгандай окшоп турат. Бир четтен бундай көрүнүш бул заманбап трендди белгилейт, анткени Дисней ачыктаган классикалык кол анимацияда тоголок формалар жана ийимдер башкы ордунда турган болушса, азыр болсо тоголоктон сырткары төрт бурчтук жана түз сызыктар колдонууда. Ошондой эле Кармен Сандиегодогу каармандар да түз сызыктардан турганын байкаса болот. Мисалы ошол эле Дисней жаңы Duck Tales (Өрдөк Окуяла
ры) мультсериалында ошол сымал заманбап стильге кайрылган.

----

Жаңы тартуу ыкманын жалпактыгын каармандарды капталынан караганда байкаса болот. Айтмакчы, окшош стильде тартылган башка мультсериалдар: The Lion Guard (Арстан Сакчы), Tangled: The Series (Рапунцель: Жаңы Окуялар), Big Hero 6: The Series. Заманбап мультсериалдар бара бара минимализм түрүнө багынып келе жатат. Бир четтен буну каражаттардын аздыгы менен актаса болот.

Сын

IMDB – 8/10

Кинопоиск – 7/10

Rotten Tomatoes – 90%/100%

Уландысы

The Tracking Board сайттын маалыматы боюнча Нетфликс жалпысында 20 серияны буюрган. Биринчи сезонунда 9 гана серия болсо, экинчи сезонунда 10 серия болот деген маалымат бар. Демек ашкан бир серия балким өзгөчө бир майрамга(мис. Рождество, Хеллоуин) арналган болушу керек. Ал эми 2 сезондун жарыкка көрүнүшүн так күнү дагы билинбей турат. Ал 2019 жылдын акырында, же 2020 жылдын башында чыкканы күтүлүүдө.

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x