Эки айлык тыныгуудан кийин Европада ТОП-5 футбол чемпионаттардын ичинен Бундеслига биринчилерден болуп, эртең 16-майда кайрадан кайтып келет. Болгондо дагы тарыхый Рур дерби (ооба, чаташтырбаңыз, бул Рур региону жана Рур дарыясынын атынан) Боруссия Дортмунд жана Шальке Гельзенкирхен оюну менен 26-туру ачылат.
“Боруссиянын” күйөрмандарынын эң чоң душманы – Гельзенкирхен клубу “Шальке 04”. Бул тирешүүнүн себептеринин бири шаарлардын географиялык жакындыгында. 1925-жылы 3-майда дербиде биринчи мелдеш өткөн. Ошол беттеште 4:2 эсеби менен жеңишке ошол кездеги күчтүү Гельзенкирхендер ээ болгон. 1943-жылга чейин “Карасарылар” эч качан кошуналарын(каршылаштарын) ута алган эмес. Дербидеги биринчи жеңиш 1943-жылы 14-октябрда гана болгон. «Шалькеге» биринчи голду Август Ленц киргизген. Дербидеги өтө чөң жеңилүүнү белгилей кетүү керек. 1940-жылы 20-октябрда Дортмунд Гельзенкирхенага 0:10 эсеби менен утулган. 50-жылдарга чейин Дортмунддун артыкчылыгы астында өтүп келген. Ал эми 1966-жыл дерби клубу “Боруссиянын” жемиштүү жылдарынан болгон. “Шальке” 7:0 эсеби менен жеңилген. 1967-жылы 11-ноябрда 2:1 эсеби менен жеңген соң, кийин так 1977/1978 сезонго чейин Боруссия Дортмунд Шалькени жеңе алган жок. Андан соң, 1977-жылы 5-ноябрда, Вестфаленстадион стадионунда, 54,000 көрүүчүнүн катышуусунда, Дортмунд 2:1 эсеби менен чечүүчү дербиде жеңишке умтулган. Кийинки жылдары Дортмунд Гельзенкирхендиктерди утуп, жеңиштерге жетип турушкан. Акыркы 2006-2007-жылдардагы эң жаркыраган дерби “Боруссия” сезонундагы “Шальке” командасын 2-0 эсеби менен жеңип, түбөлүк каршылаштарын чемпиондуктан ажыраткан.
Эми эртеңки беттеш көрүүчүлөрсүз өтөт жана Рур дербинин атмосферасын жараткан күйөрмандары жок болот. “Боруссия” үчүн бул жеңиш чемпиондук жарышууну улантуу үчүн чечкиндүү кадам болушу мүмкүн, анткени кийинки атаандаштар “Вольфсбург” жана “Бавария” болот, “Шальке” үчүн Чемпиондор Лигасы Мёнхенгладбах жана “Байер” менен күрөшүү маанилүүдөй сезилет. Эгер жаракаттар жөнүндө айта турган болсок, анда коноктордун фонунда “Боруссияда” орчундуу көйгөйлөр бар эле Марко Ройс, ошондой эле машыгуу учурунда жамбаштан жана белинен жаракат алган, Аксел Витсель менен Эмре Джан дагы өз командасына жардам бере албай калган.