Ганбол боюнча Европа чемпионаты жана Алекс Дуйшебаев финалда

Адаттагыдай жумуштан чыгып, балдарды мектептен алып, спорт кружокторуна катыштырып, үйгө келдик. Үй-бүлөбүз менен кечки тамактанууну кылып, берилген тапшырмаларды аткарганга кириштик. Ырас тапшырмалардын көбүн мектептен бүтүрүп келиптир. Макул деп, телевизорду күйгүзсөм ганбол оюнун көрсөтүп жатыптыр. Айтмакчы, Данияр ганбол секциясына катышат.

Мен: – Данияр, карасаң ганбол боюнча мелдеш болуп атат. Испания Словенияга каршы.
Балам: – Сонун! Папа, а эмне үчүн биздикилер (Кыргызстан) ганбол ойношпойт?
Мен: Хм… Ойношот эле болуш керек, бирок бул Европа Чемпионаты да. Европадагы мамлекеттер эле катыша алат.
Балам: Каап. Кыргыздар жок болгону жаман экен.
Мен: Бизде деле ганбол ойногон кыйын жердештерибиз бар. Мисалы дүйнө жүзүндө эң мыкты деп аталган, Олимпиада жана Дүйнө чемпиону Талант Дуйшебаев. Ал Советтер Союзунун жана СНГ курама командасы менен бирге көптөгөн жетишкендиктерге жеткен, ошондой эле азыр ойноп жаткан Испания курама командасына ойногон, азыр болсо машыктыруучу.  
Телевизор: “А представитель славной гандбольной фамилии Дуйшебаевых снова доказал свою исключительно важную роль в теперешней сборной Испании. Из пяти финальных ее голов Алекс Дуйшебаев добыл четыре, в том числе три последних.
Мен: Ок, Гугл. Алекс Дуйшебаев деген ким?

Ошо менен экөөбүз испандарды колдоп финалга чыгардык!

UPD: Алекс Дуйшебаев акыркы голду киргизип, Европа чемпионатынын жеңди!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x