Клабхаус – бул жаңы коомдук желе (социалдык сеть), ал жерде адамдар бири-бири менен жалаң гана үн аркылуу баарлаша алат. Ошол эле учурда, үндөр жазылбастан, түз эфирде өтөт. Башкача айтканда, бул тиркеме социалдык байланыштардын жаңычылдык көрүнүшү.
Бүгүнкү күндө, клабхауска кириш үчүн:
- iOS системасында иштеген iPhone телефону болушу зарыл
- Тааныш адамдардан чакыруу аркылуу гана катталууга мүмкүн.
Сиз катталган соң, сизге дагы эки чакыруу берилет. Жаңы киргенде албетте түшүнбөстүктөр болот, бирок иштешине оңой эле көнүп кетсе болот. Алдыбызда көнүмүш күнүмдүк лента бар, ал жерде бөлмөлөр бар. Ар бир бөлмө – бул түз эфирде өтүп жатат аудио-чат. Бөлмөнүн настройкасына жараша, сиз же ошол замат катышуучусу же угуусуу болуп каласыз. Мындайча айтканда, аягы жок подкаст жаздырып отургандай болот экен.
Клабхаус даана коронавирус пандемиясы болуп жаткан убакытта, 2020-жылдын март айында иштеп баштаган. Башында программачылар 12 миллион доллар инвестиция алып, бүгүнкү күндө 1 миллиард доллар турары белгилүү. Тиркеменин белгилүү болушуна Тесла компаниясынын ээси Илон Маск жазгандан соң дүң боло түштү. Эми программачылар Android системасына дагы жасай турганын айтышкан.
Айтмакчы, клабхауста болсоңуз, мага жазылгыла @toktakunov
Clubhouse – AppStore’дон ушул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот – https://apps.apple.com/de/app/clubhouse-drop-in-audio-chat/id1503133294