Күн ортодон жылып, саат төрттүн чейреги болуп турган кез. Тоонун боюнда жалгыз сарай жайгашкан, дөңдөн ылдый караса арыктан суу агат, анын жээгинде алма бактар жана теректер тигилген. Ортодо жайгашкан мажүрүм тал, шамал аралаганда жалбырактын жагымдуу шыбырты угулат. Үйдүн ичи тынч, баягы чурулдаган балдардын дабышы угулбайт. Эртең окуу күнү 1-сентябрь деген жаркыраган аты эле болбосо, Асандын көңүлү тартпай турду, кантсе да жаңы мектеп, биринчи жолу башка адамдар менен аралашканы жатат. Бир гана маселе мектепте болсо кана, ата-энесинен алыстап бир тууган тайкесинин үйүндө жатып, ошол жактагы айылдын мектебинде окуй турган болду. Анткени ал жерде эң жакшы шарттар жана кенен үй болгон үчүн- баарына ыңгайлуу болчу. Бирок баягы 12 жаштагы баланын көзүндө кайгы, коркуу көрүнүп турду, аны байкаган апасы шыр көңүлүн ала салып, жакшы кептерди айтып болушунча маанайын ачканга аракет жасады. Бир жума мурун иниси шаарга мурунку экөө окуган мектебине кеткен, балким бир тууганын сагынып жатабы ар дайым жандап жүргөн, кантсе да аркага жол жок эле.
Бардык кийимдерин тизип апасы чогултуп жүктөп берген баштыгын көтөрүп, китеп кабын артып жүктү асып жолдун боюна чейин жетсе, андан нары жол тосуп өйдөнү көздөй кеткен машинеге түшүп кетсе болот. Орто эсеп менен сарай менен жолдун аралыгы бир жарым чакырымды түзөт, апасы чоогу жолго чейин узатты. Асан белин бекем бууп, андан нары сапар алды, тилекке каршы жолоочу машине чыкпады, жөө өйдөнү көздөй баса берди кеч киргенче жетип алайын деп, анткени жолдун бою токой жана сол тарабы кенен жайык талаа эле, эске ала турган нерсе тайкесинин үйү анчалык алыс эмес болчу, болжомолдогондо 13-15 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Колунда телефон аттуу нерсе жок, апасы жеткенде чалып кабарлап кой деген сөз эсенди жүрөт. Күүгүм кирерге жакын Асан жетип барды, тайкеси үй бүлөөсү менен жылуу тосуп алышып, өзүнчө бөлмөгө жайгаштырды. Апасына тайкесинин телефону менен чалып кабарлап, апасы тынчтаганын сезген соң төшөккө жатып уйку салды…………………..
Уландысы бар…