Чикагодогу дарыгер Абдыраков: “Кыргызстанга вакцина качан келерин айтыш оор”

Пандемия дүйнөнү кара булуттай каптап турган мезгилде бардык өлкө ага каршы вакцинаны күтүүдө. Өткөн аптада АКШ менен Германия биргеликте вакцина иштеп чыкты. Ушул жана башка темада учурда Чикаго шаарындагы Saint Francis Physician Network, LLС клиникалар тармагында врач-терапевт болуп эмгектенген мекендешибиз Алмаз Абдыраков менен маек.

– Саламатсызбы, АКШда учурда коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Өзүңүз бул вирус менен ооруган жоксузбу? Сизге кайрылган мекендештер барбы?

– Саламатсызбы, ыракмат. Оорудан алысмын. Чукулда эле жакын досум ооруп калды. Өзүм да тест тапшырдым. Таза чыкты. Бирок оору Америкада күчөй баштады. Чикагодо дүйшөмбү күндөн тартып карантиндик катуу чаралар көрүлүп баштайт. Чикаго шаарында көбүнчө жаштар болгондуктан ооруканага түшүп калган мекендештерди уга элекмин.

– Вируска карата америкалыктардын социалдык жоопкерчилиги кандай? Бул багыттагы аң-сезим кандай калыптанган экен?

– Акыркы убакта эл пандемиядан чарчап калышкандыктанбы, социалдык эрежелерди, аралыкты сактабай калышты. Бардыгына баары бир болуп калгандай. Социалдык жоопкерчилик аң-сезими Японияда, Түштүк Кореяда АКШга караганда жогорураак. Бирок социалдык эрежелерди сактоо АКШнын ар кайсы штаттарында ар түрдүү. Мисалы, Вашингтон, Нью-Йорк, Сан-Франциско, Чикагодо дисциплина жогорураак. Ал эми кээ бир шаарларда төмөн. Ишенбеген адамдар бар. Айрым адамдар “Вирус бар. Бул жашоо. Эмне болсо ошол болот”,- деп кайдыгер мамиле кылышат. Аябай кылдаттык менен мамиле кылгандар бар. АКШда 350 млн киши бар. Ар кайсы штаттын ар түрдүү маданияты бар. Кээ бир штаттардын элинде кайдыгерлик мамиле күч.

– Жакынкы күндөрдө эле АКШ менен Германия биргеликте коронавируска каршы вакцинаны чыгарганын жар салышты. Вакцина 90 % оору менен күрөшө ала тургандыгы айтылып жатат. Азыр бүткүл дүйнө вакцинаны күтүүдө. Сиздин пикириңизде бул вакцинанын Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

– “Pfizer” менен “BionTech” деген компания экөө вакцинаны ойлоп табышты. Анын транспортировкасы, жеткирилиши аябай татаал болууда. – 70 ℃ градуста сакталышы зарыл экен. Азыр ошол маселе боюнча компаниялар иштешип жатышат. Бирок ал маселе чечиле элек. Америкада массалык вакциналык эмдөө 2021-жылдын январь айларында же февралда башталат. Ал эми Кыргызстанга вакцинанын качан келерин айтыш оор. Анткени транспортировкасы бар. Баасы да билине элек. Бирок “Pfizer” компаниясынын баасы базар баасындай эле болсо керек. Бул өкмөткө тиешелүү. Кыргыз мамлекети сүйлөшө алабы? Азыр вакцина чыккандан кийин 300 млн адамга Америка акчасын бериптир. Европа Биримдиги да акчасын берген экен. Андан тышкары, “Moderna”, “Johnson & Johnson” жана “AstraZeneca” деген фармацевтика – биотехнологиялык компаниялар бар. Алар да вакцина чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Ал эми бул вакцинанын татаалдыгы – 70 ℃ градуста сакталышы жана эки жолу вакцинация болуш керек экен. Балким, кийинки чыккан  “Moderna”, “Johnson & Johnson” жана “AstraZeneca” компанияларынын вакциналары бир эле жолу эмдөөдөн өтүлүшү керек болсо, муздак температурада сакталуу зарылдыгы болбосо жеткирилгенге оңойураак болот. Анкени бүткүл дүйнөгө таркатылышы керек да. Таратылгандан кийин дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирүү да кыйын. Баргандан кийин – 70 ℃ кармоо да кыйын. Биздин оорууканаларда шарт жок. Жалпы вакцинация 2021-жылдын жазында башталат.

Ошондой эле Орусия “Спутник-5” деген вакцинасын чыгарып жатат. Анын канчалык эффективдүү же терс таасири боюнча толук маалымат чыга элек. “Pfizer” менен “BionTech” компаниялары чыгарган вакцинанын да терс таасирлери боюнча илимий макалалар чыга элек. Билишим боюнча, бул вакцинанын изилдөө ишине 44 миң киши катышты. Декабрь айында балким, врачтарга сайылышы мүмкүн.

Солдон биринчи Алмаз Абдыраков 

– Айрымдар вакцина чыкса да албайбыз дешүүдө. Дегеле коронавируска ишенбегендер дагы дел
е бар. Сиздин бул боюнча оюңуз кандай?

– Вакцинага ишенбегендер бизде деле толтура. Дарыгерлердин арасында да жаңы чыккандыктан күтөм дегендер бар. Бирок мен чыгары менен алууну ойлонуп жатам. Анткени бардык сыноодон, үч фазадан өткөн. Менимче, анчалык деле терс таасири болбосо керек. Эгерде эл кабыл албаса, ал дагы көйгөйлүү маселе. Анткени бул нерсеге аябай көп эмгек сарпталды. Орусиянын вакцинасы “Спутник-5тин” үчүнчү сыноосу боло элек. Үчүнчү фаза бүтө электе эле таратып жатышат.

– Учурда АКШда коронавирус менен ооругандар көп болууда. Абалды мамлекет ооздуктай албай калышынын себеби эмнеде?

– Бизде Кыргызстанда оорудан күмөн санагандын баары тесттен өтүп жатат. Ал эми АКШда “Тест кылбайм, тесттен өтсөм жыйынтыгы оң болуп калышы ыктымал. Жумушка бара албай калам” деп кооптонгондор көп. Ооругандар кары адамдар болууда. Биринчиден, элдин жыштыгы жогору болгондуктан вирус күчөп кетти. Нью-Йоркто эл абдан көп жашайт. Бир эле чоң шаарда 10 млн калк бар. Ал жакта вирустун таркалышы Бишкекке караганда оңоюрак болууда. Экинчиден, вируска ишенбей, маалыматты туура эмес кабыл алгандар болду. Маска кийбейбиз дегендер чыкты. Башында Дональд Трамп да маска кийген эмес. Кандайдыр бир деңгээлде маска кийүү саясий бир түскө боёлуп кетти. Ким маска кийсе, президентке каршы, ким маска кийбесе президенттин тарабында деген өңдүү идеология да болуп кетти. Мына ушул нерсе да оорунун таркалышына себеп болду. Тактап айтканда, АКШда вирустун таркалышына калктын жыштыгы жана дизинформация себеп.

– АКШдагы вирусту дарылоо менен Кыргызстандагы дарылоо ыкмаларынын айырмасы кандай?

– АКШда азыр дарылоо боюнча акыркы үч-төрт айда көп жаңы ыкмалар чыкты. Эки өлкөдөгү дарылоонун айырмасы деле жок. Алсак, “Дексаметазон” Кыргызстанда колдонулат. Бул дары ИВЛде жаткан адамдарга абдан жардам берет. Башында ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентратору Кыргызстанда жетишпей чатак чыкты. Андай маселе АКШда болгон жок. Айрым дос-тааныштарым Түркиядан, АКШдан сатып жөнөтүп жатышканын уктум. Дары-дармектер боюнча бизде “Ремдесивир” деген вируска каршы дары бар. Ал препарат оору 10 күн боло турган болсо, оорууну 10 күндөн 7 күнгө кыскартып коёт. Андан кийин плазма куюлат. Ал ыкма Кыргызстанда да бар. Жакында дагы эки компания антитела боюнча иштеп жаткандыктарын жарыялады. Бирок бул азырынча чыга элек. Негизи көп деле айырмасы жок. Бирок Кыргызстанда эң эле негизги маселе дары-дармек, ИВЛ аппараттары жетишпейт.

– Кантип иммунитетти чыңдаш керек?

– Уйку, туура тамактануу жана физикалык кыймыл абдан маанилүү. Жаңы эч нерсе жок. Болгону ушул үч нерсеге абдан көңүл буруу керек.

– Кепти башка темага бурсак. Сиз Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиядан окугансыз. Андан кийин Түркиядан жана АКШдан окудуңуз. Жакында эле Пакистан Кыргызстандан окуган студенттердин билимин жокко чыгарды. Бул окуяны кандай бааладыңыз?

– Мен окуган учурда көп эле пакистандык студенттер бар болчу. Биздин группада эки пакистандык окуучу бар эле. Экөө тең өз кесиби менен иштеп кетишти. 2008–2007-жылдарда окушкан. Андан бери эмне алмашып кетти, билбейм. Комментарий кыла албайм. Мен окуган учурда жакшы эле болчу. Ал эми АКШнын стандарттары башкача. Мен Кыргызстанда пайдубалымды түптөгөм. Менимче, балким пакистандыктар өздөрү экзамен тапшыра албай калышты. Анткени Пакистандын системасы башкачараак да. Биздин Кыргызстанда система башка. Пакистандыктар англисче сынак тапшырышат. Алардыкы Индияга жакын. Ал эми Индияныкы Британияга жакын. Менимче, бул системанын айырмасы. Анткени бизде дагы деле советтик система менен окутушат. А Пакистанда көбүнчө Индия, Британияга окшошураак. Ошондуктан тест тапшырыша албайт. Же жумушка орношууда кыйынчылыкка тушугушат. Бул нерсе азыр эле ачыкка чыкты. Эгер ошол балдар Англияга барып окуп келсе, андай көйгөй жаралмак эмес. Негизи маселе бар. Эгер ошол эле балдар Украина же Алматыдан бүтүп барып сынактан өтүп кетишсе, анда бизде көйгөй бар дегендик. Эгер КМШ өлкөлөрүнөн келген балдар өтпөй калса, анда бул системалык айырма деп түшүнүш керек.

– Азыр кайсы жерде иштеп жатасыз? Дарыгер болууңузга эмн
е себеп болду эле?

– Азыр Чикагонун Индиана деген штатында терапевт болуп иштейм. Апам врач болчу. Кичинекей кезимен баштап врач болууну кыялданчумун. Биринчи мектепти бүтүргөндөн кийин Химия факультетинде Политехте окугам. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулгам.

– Ар бир доордун тарыхта калчу адамы бар. Сиздин пикириңиз боюнча 21-кылымдын каарманы кандай инсандык сапаттарга ээ болушу керек?

– Менимче, убакыттын айырмасы жок. Улуу адамдардын сапаттары алмашпайт. Биринчиден, дисциплиналуу болушу керек. Бир нерсеге кызыгат, ошол иш менен алектенет. Экинчиден, максатын коюп аягына чейин жетиши керек. Дисциплина, туруктуулук, чоң ойлоно билүү, пландарды коё билүү жана сынчыл ой жүгүртүү маанилүү. Догмаларга жана доктриналарга дайыма скептикалык, критикалык көз караш менен кароо керек.

– Кыргызстанга келип турасызбы?

– Кыргызстанга 2019-жылы баргам. Ата-энем Кыргызстанда жашайт. Бул жылы пандемияга байланыштуу бара алган жокмун. 2021-жылы буйруса барам.

Маегиңиз үчүн ыраазычылык! Саламатта туруңуз!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x