Android иштеп чыгуучулар үчүн 8 программалоо тили

Android системасы үчүн тиркеме жасоочулар Java жана Kotlin менен эле иштеп чыгышпайт экен. Ошондуктан биз бул макалада Андроид тиркемелерди жасоо үчүн колдонулган 8 белгилүү програмдоо тилин тааныштырайын деп турам.

Java

Бул Андроид иштеп чыгуу үчүн официалдуу тил болуп эсептелет жана Android Studio аны колдойт, ошондой эле Kotlin үчүн да негиз болуп бере алат.

Жава же Котлин деген талаш тартыштар көп болуп келет, бул жерде биле жүрүш керек болгон нерсе Котлин Жаваны негиз кылып жасалгандыгы. Себеби, Котлин менен Андроид тиркемелерди иштеп чыгууда, документациясын түшүнүү үчүн жана интернеттен ар кандай жардамдарды алуу үчүн Жаваны билишиңиз керек болуп калат.

Kotlin

Дагы бир расмий жана андан кем эмес популярдуу тил. Ал ошондой эле Android Studio тарабынан колдоого алынат, синтаксистик кантты камтыйт жана асинхрондук ишти жеңилдетүү үчүн корутиндерди камсыз кылат.

Сырттан Java синтаксиси Котлинге караганда бир топ түйшүктүү кодду билдирет. Мисалы, Android иштеп чыгуучусу бул эки програмдоо тилдериндеги талаага текстти кантип дайындайт:

Java

final TextView helloTextView = (TextView) findViewById(R.id.text_view_id);

helloTextView.setText(“Hello world”);

 

Kotlin

helloTextView.text = “Hello world”

Как видим, Kotlin позволяет написать то же самое, но гораздо быстрее, с использованием меньшего количества строк.

Көрүп турганыбыздай Котлин ошол эле кодду дагы да кыска жана тез жагууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Котлиндин Андроид иштеп чыгуу үчүн негизги өзгөчөлүктөрү:

  • кыска код;
  • Android Studio тарабынан колдоого алынат;
  • корутиндерди камсыз кылат;
  • Котлин иштеп чыгуучулардын жоктугунан улам суроо-талапка ээ.

Эскертүү кийинки програмдоо тилдерин ушул 2 тилге альтернатива катары сунуштайбыз, Андроид үчүн алар негизги тил болуп саналбайт.

Python

 

Kivy жана BeeWare’ди колдонуп энтузиастар дагы бир популярдуу програмдоо тилин иштеп чыга алышты.

Kivy – бул кроссплатформалуу тиркемелерди жасоо үчүн колдонулган ачык булактуу китепкана;

BeeWare – болсо жергиликтүү Android тиркемелерди түзүү үчүн UI каражаттарынын топтому;

 

Чынын айтсам, Python программалоо тилинде мобилдик тиркемелерди жазган Android иштеп чыгуучусу сейрек кездешет. Негизинен бул өзүң үчүн же жаш амбициялуу фирмалардын долбоорлору үчүн эле колдонулуп жүрөт.

Эгер сиз Питонду билсеңиз, анда муну колдонуп көрсөңүз эмнеге болбосун.

C/C++

C тилдери жогорку натыйжалуу болуп саналат жана бул эгерде биз маанилүү, өзгөчө, 3D мобилдик оюн сыяктуу оор нерселерди жасай турган болсок гана колдонсо туура болот.

Бирок дароо эле айта кете турган нерсе, сиз бул жакта деле Javaга кайрылышыңыз керек: бул тилсиз сиз толук кандуу мобилдик тиркемени түзө албайсыз. Android NDK сизге C / C ++ тилдеринде тиркеменин бир бөлүгүн гана жазууга мүмкүндүк берет, мисалы, Java аркылуу программаны китепканага туташтырасыз.

JavaScript

Андроид тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн JS бир топ эле ыңгайлуу десем туура болот.

React Native алкагында сиз бай мобилдик UI менен мобилдик колдонмолорду түзө аласыз. Ошол эле учурда, мындай программалар толугу менен жергиликтүү, башкача айтканда, алар мобилдик веб-тиркемелер эмес. Себеби React Native жөнөкөй Android колдонмолору сыяктуу эле компоненттерди колдонот.

JavaScript’тин өзгөчөлүктөрү:

  • Android Studio’го караганда чогултуу ылдамыраак;
  • сапаттуу UI түзүү үчүн flexbox бар;
  • API колдонуу менен тармак аркылуу жөнөкөй маалыматтарды өткөрүү.

Dart

Flutter —Google компаниясы тарабынан чыгарылган жана салыштырмалуу жаңы деп эсептелген продуктусу, толук кандуу SDK, жана 2018-жылы чыккан.

Бир катар параметрлер боюнча ал React Nativeге караганда жакшыраак чечим деп эсептелет. Сизге платформалар аралык тиркемелерди жазууга мүмкүндүк берет, ошондуктан ал Dart тилиндеги жалпы коддук базасы бар Android тиркемелерин иштеп чыгууда натыйжалуу.

Dart JavaScriptке альтернатива катары жайгашкан. Ал экилик коддо түзүлөт, анын аркасында операцияларды жогорку ылдамдыкта иштеп чыгууга жетишет. XMLдин ордуна, Dart макет дарактары деп бутактарды колдонот.

Dart’тын негизги артыкчылыктары:

  • үйрөнүү оңой, Java тилин билсеңиз андан да оңой;
  • жогорку натыйжалуу программалар;
  • күнүбүздө тиркемелер Flutter’ге көп өтүп жаткандыктан иш орундарынын тездик менен өсүүсү;
  • Flutter’де Hot Reload – абалды сактоо менен тез кайра жүктөө.

Эскертүү: Биз компаниябызда тиркемелерди жасоо үчүн Flutter менен иштейбиз жана АйТи адистерин көбөйтүү, башкаларга да өзүбүз билген жакшы нерселерди үйрөтүү максатында окутабыз.

C#

C# менен Android программалоо Xamarin платформасы аркылуу болот. Анын жардамы менен сиз Android жана iOS үчүн C # тилинде бир колдонмо логикасын түзө аласыз.

Көрүнүп тургандай, колдонуучу интерфейси эки платформа үчүн жекече иштелип чыккан, ал эми бизнес логикасы ошол эле бойдон калууда.

Бирок, Python программалоо тилиндей эле, C# тилинде жазган Android иштеп чыгуучусу кадимки көрүнүш эмес, өзгөчө болуп саналат. Бул чечим тилди билген жана мобилдик өнүктүрүүдө өз күчүн сынап көргүсү келгендер үчүн ылайыктуу.

Android тиркемелерди иштеп чыгуучу программист болуу татыктуу элеби?

2020-жылдын акырына карата IDC статистикалык маалыматы боюнча, смартфон рыногунда Android OS үлүшү 85% түздү:

 

IDC статистикасы

Дүйнө жүзү боюнча бул системада дээрлик 3 миллиард түзмөк бар. Android иштеп чыгуучусу суроо-талапка ээ кесип деп ишенимдүү айта алабыз.

hh.ru сайтынын маалыматы боюнча, Орусияда 7000ге жакын, ал эми АКШда 12000ге жакын тиешелүү вакансиялар бар, деп билдирет LinkedIn. Dev.kg сайтынын маалыматына караганда Кыргызстанда эле 577 иш орду бар экенин билсек болот.

Glassdoor порталында Оруссияда Android иштеп чыгуучунун орточо айлык акысы 170 000 рублди түзөт. Ал эми АКШда – жылына 96 000 доллардан жогору карай кетет. Ошол эле учурда өлкөбүздө да 1200 доллар же 90 миң сомдон жогору экенин баамдоого болот.

Мындан тышкары, мобилдик иштеп чыгуу, ошондой эле өз тиркемелери боюнча да каражаш иштеп табууга мүмкүндүк берет. Тактык үчүн, 2020-жылы Google Play дүкөнүнүн кирешеси болжол менен 38,6 миллиард долларды түзгөн.

Корутундулай турган болсок

Тилдердин диапазонуна карабастан, Android программалоо боюнча окутуу эки расмий тил катары Java жана Котлинден башталса жакшы болот. Бирок кандай болгон күндө да бир тармагынан баштагыныңыз эң туурасы.

Android’дин башталгыч иштеп чыгуучулары жана программалоону жаңы баштагандар Android онлайн курстарын карап көрүш керек же Flutter’ди биз сунуштайбыз, иштин жүрүшүндө сиз теорияны өздөштүрүп, реалдуу долбоорлорго катышсаңыз болот.

Макаланы которуп, даярдаган Турат Алыбаев.

Макала https://tproger.ru/ сайтынан алынып которулду.

  • 3

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x