Алтын саатта жарыктын багытына жараша сүрөт кандай өзгөрөт?

Үйрөнчүк сүрөтчүлөр, көбүнчө учурда, жарыктын багытына, нур моделге кандай тийип жатканына маани бербей келишет. Муну, мен да башымдан өткөргөм. Бирок, силер билчү жана маанилүү нерсе — жарыкты сезе билүү, ар кандай табигат законченемдүүлүктөрүн көрүү.

Бул макалада колдон келишинче объективдүү, комментарийлери менен жарыктын багытына жараша, сүрөттөгү өзгөрүүлөрдү көргөзүп берем.

Биринчи сүрөт. Күнгө карай

Кыргызча контент
Бул сүрөттө жарык нур өтө катуу, көлөкөлөр моделдин артына багытталган, ошол себептен, сүрөт жалпактай көрүнөт.

Экинчи сүрөт. Капталынан

Кыргызча контент
Бул сүрөттө эми объем пайда болду. Сүрөт кичине жандуураак. Бирок сүрөттө курч көлөкө кырлары байкалып турат.

Үчүнчү сүрөт. Күнгө каршы

Эми болсо сүрөт жумшак жана назик боло түштү. Атмосфера өзгөчө сезилип турат.

Мына ушундай. Бирок сүрөт муну менен гана чектелбейт. Мүмкүнчүлүгүңөргө жараша ар кандай чагылтуучу, жарыкты чачыратуучу жабдыктарды колдонсоңор болот.

Эң негизгиси, өзүңөргө кандай жагып жатса, ошол маанилүү. Биз Азема экөбүз болсо, негизги айырмачылыктарды көргөзүп бердик.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи