21-кылымдын 20-жылынын аягында тагдыр дарыясында аккан кеме сыяктуу миңдеген, жок миллиондогон жердештерим сыяктуу дүйнөдөгү эң чоң деп эсептелинген мамлекеттин борборуна мен да келдим. Алгач эле 16 жаштан 40 жашка чейинки жумушка жарамдуу официалдуу маалыматтар боюнча 750 000 чукул ал эми официалдуу эмес маалыматтар боюнча миллиондон ашуун жарандарыбыз башка мамлекеттин өнүгүүсүнө салымын кошуп , кара жанын карч уруп иштеп жаткандарын көрүп , кабыргаларың кайышпай койбойт экен. Бир жагынан өлкөбүздөгү жумушсуздукка экинчи жагынан мекенбиздин кыймылдаткычы болгон элибиздин эң жигердүү бөлүгү башка элдин , башка жердин бактысы үчүн эмгектенип жатканы. аябай өкүндүрөт. Бирок дал ушул адамдар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 1/3 бөлүгүн камсыздап жатканын сөзсүз түрдө эске алуубуз керек. Бул жакта ушунчалык кыйынчылык менен тапкан акчалар максатсыз пайдаланылып , ысырапкорчулукка жол берилип жаңы иш орундарын түзүүгө эмес бир уч адамдардын (ресторан , кредиттик компаниялар ж.б.у.с) колуна топтолуп жаткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин айткандарыма көп адам кошула бербесе керек, анткени эмгек мигранттын жашоосун бир гана эмгек мигрант түшүнө ала тургандыгына бул жакка келген соң гана ынандым.Ушул ашыкча чыгымдар , жада калса карантин убагында дагы дүркүрөп өткөн үч кыйыры көрүнгүс тойлордон элибиз деле тажагандыгын баарыбыз туюп билип эле турабыз. Куру намыстын айынан бул туңгуюктан чыгууга эч ким батына албай жатат . Эгерде мамлекет тарабынан мааракелерди өткөрүүдө кандайдыр бир чектөөлөр киргизилсе элибиз деле каршы болбосо керек эле. Балким ошондо мигранттардын мээнети кайтып ошол акчалар туура колдонулуп өлкөбүз өнүгүү жолуна түшмөк….
08.11.2020 Москва